Иш-чарага факультеттин бардык студенттери чакырылып, ал күнү студенттер жооптуу иш-чарага гана эмес, бий майрамына келгендей маанай түзүлмөкчү. Студенттик тайпанын өкүлдөрү ар бир бийдин талабына ылайык жарашыктуу кийимдерди кийинишип, кезеги менен ортого чыгып түрдүү бийлерди бийлешет, ал эми күйөрмандар бий аянтчасын тегеректешип, кол чаап сүрөп турушат. Жыйынтыгында тайпалардын бийлеринен соң жалпы бий (дискотека) уюштурулуп турмакчы.
Азыр тойлорго барсаң жаштардын 2-3 гана бийде бийлеп жатышкандыгын көрүүгө болот. Эгер бул иш план факультеттерде ийгиликтүү ишке ашса, алты айдан кийин ОшМУнун студенттери жогорку окуу жайда тарбияланып жаткан адамга коюлуучу талапка ылайык өздөрүнүн маданий деңгээлин ар кандай кече-тойлордо түрдүү бийлери менен көрсөтө баштайт деген ойдобуз.