ОшМУнун «Жылдын куратору» сынагынын жобосу
1. Жалпы жобо
1.1. Сынак ОшМУнун окутуучуларынын – студенттик тайпаларынын кураторлорунун ортосунда жүргүзүлөт;
1.2. Конкурстун максаты куратордук жумушту жакшыртууну жана тарбия берүүчүлөрдүн бул багытка кызыгуусун жаратууну көздөйт.
2. Сынакты өтк өр үүн үн тартиби
2.1. Сынак эки этап менен өтөт:
1). Факультеттин мыкты кураторун аныктоо;
2). Факультеттин мыкты кураторлорунун арасынан ОшМУнун «Жылдын кураторун» аныктоо.
2.2. Биринчи этапта кураторлордун иштери окуу жылы боюнча эки критерий менен бааланат:
- Куратордун студенттик тайпадагы жүргүзгөн тарбиялык иши «Куратор студенттин көзү менен» анкетасы аркылуу бааланат (анкета сунушталат);
- Студенттик тайпанын окуу жылындагы ишмердүүлүгүнө, жетишкендиктерине карап бааланат (баалоонун баракчасы сунушталат).
2.3. Экинчи этапта кураторлордун иштери төмөндөгү критерийлер менен бааланат:
- «Куратор студенттин көзү менен» анкетасынын жыйынтыгы жана студенттик тайпанын окуу жылындагы ишмердүүлүгүнө, жетишкендиктерине каралат;
- Декандын тарбия иштери боюнча орун басарынын куратордун ишине берген баасы (баалоонун баракчасы сунушталат);
2.4. Куратордун иштери упай топтоо системасы менен бааланат. Жеңүүчүлөр төмөндөгү критерийлерде алган жалпы упайынын жыйынтыгына карата чыгарылат:
- «Куратор студенттин көзү менен» анкетасынын жыйынтык упайы;
- Студенттик тайпанын окуу жылындагы ишмердүүлүгүнө, жетишкендиктерине берилген упайы;
- Ата-энелер чогулушун уюштуруусу;
- Декандын тарбия иштери боюнча орун басарынын куратордун ишине берген упайы;
3. Финансылык каржылоо
3.1. Сынакты финансылык каржылоо ОшМУнун ички бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт;
3.2. Бул сынактын жалпы сыйлык фонду – … (…) сом.
4. Уюштуруу тобу
4.1. «Жылдын куратору» сынагы боюнча ОшМУнун биринчилигин уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан жүрүгүзүлөт.
4.2. Уюштуруу тобунун курамына:
1-этапта: ОшМУнун тарбия департаментинен, факультеттин деканатынан, профсоюз уюмунан, кафедра башчыларынан, окутуучулардан, аялдар кеңешинен, факультеттин жаштар комитетинен өкүлдөр кирет.
2-этапта: университеттин администрация жетекчилеринен, профессордук-окутуучулар курамынан, профсоюз уюмунан, аялдар кеңешинен, жаштар комитетинен, студенттерден өкүлдөр кирет.
5. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу
5.1. Сынактын жыйынтыгын атайын түзүлгөн комиссия окуу жылынын аягында чыгарат;
5.2. Сынактын жеңүүчүлөрү эң көп упай топтогонуна карата аныкталат.
5.3. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо:
Факультеттин мыкты кураторлорун сыйлоо:
1-орун – Факультеттин ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык, университеттик конкурска жолдомо;
2-орун - Факультеттин ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык;
3-орун - Факультеттин ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык
ОшМУнун мыкты кураторлорун сыйлоо:
1-орун – ОшМУнун ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык;
2-орун - ОшМУнун ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык;
3-орун - ОшМУнун ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык.
5.4. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар ОшМУнун күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылат.