ОшМУнун жатаканалар жөнүндө жобосу
Ош мамлекеттик университетинин жатаканалар жөнүндө Жобосу
(жобо 2010-жылдын 15-февралында ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №6-жыйынында бекитилген)
I. Жалпы жобо
1.1. ОшМУнун студенттик жатаканалары университеттин базасындагы социалдык обьект болуп саналат;
1.2. Студенттик жатаканага алыскы райондордон келген жана жатаканага муктаж ОшМУнун күндүзгү, кечки бөлүмдөрүндө билим алып жаткан студенттер бир жылдык келишимдин негизинде жашай алат;
1.3. Жашоочуларга университет социалдык жактан керектүү шарттарды (эс алуу бөлмөсү, душ, ж.б.у.с.) түзүп берет жана инвентарлар менен камсыз кылат;
1.4. Жатаканадагы электр жарыгы, газ, суу, жылуулук системаларынын өз убагында берилип туруусу жана үзгүлтүксүз иштөөсү университет тарабынан камсыздалат;
1.5. Шаардагы коммуналдык тейлөөлөргө болгон баа жогорулаган учурларда жатакананын келишимдик акысы да жогорулайт;
1.6. ОшМУнун жатаканалары уюштуруу, тарбиялык иштер жагынан тарбия департаментинин курамына кирет;
1.7. ОшМУнун жатаканалары боюнча координатору, жатакананын коменданттары тарбия департаментинин директору тарабынан сунушталып, ректор дайындайт жана алар ушул жобого ылайык иш алып барат.
II. Студенттерди жатаканага жайгаштыруу
2.1. Студенттерди жатаканага жайгаштыруу окуу жылынын башталышында 25-августтан 10-сентябрга чейин жүргүзүлөт;
2.2. Жатаканага алгач алыскы райондордон келген төмөнкү курстун студенттери жайгаштырылат, эгер бош орундар болсо жогорку курстарга да берилет;
2.3. Студенттерди жайгаштыруу жана бөлмөлөрдү бөлүштүрүү тарбия департаменти тарабынан жүргүзүлөт; Студент жатаканага жайгашуу үчүн төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
- Ош МУнун ректорунун наамына арыз жазууга;
- Студент өзү окуган факультеттин деканынын же анын тарбия иштери боюнча орун басарынын колун койдурууга;
- Тарбия департаментинин жетекчисинен же жатаканалар боюнча координатордон бөлмө алууга;
- Тарбия департаментинин жетекчисинен уруксат алууга;
- Жатакана акысын ОшМУнун кассасына толук төлөөгө;
- ОшМУнун медициналык пунктунан медициналык кароодон өтүүгө;
- ОшМУнун жатаканалары боюнча координаторунан ордер алып, каттоодон өткөн күндөн тартып студент тиешелүү жатаканада жашоо укугуна ээ болот;
III. Студенттик жатаканада жашаган студенттердин милдеттери жана укуктары
Жатаканада жашаган студенттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1. Жатаканага жашоо үчүн акча каражатын алдын ала төлөөгө жана тиешелүү документтерди так жана толук тапшырууга;
3.2. Жатаканадагы ички тартипти, техникалык коопсуздук эрежелерин толук сактоого, электр приборлорун жана башка буюмдарды туура колдонууга;
3.3. Коменданттын жана студенттик кеңештин уюштуруусу менен ишембиликтерге, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерине активдүү катышууга;
3.4. Газды, сууну жана электр энергиясын ж.б. керектөөлөрдү үнөмдүү пайдаланууга, газ жана электрдик жабдыктар менен иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин сактоого;
3.5. Секцияларды жана бөлмөлөрдү жыйноого, жалпы колдонулуучу бөлмөлөрдү таза колдонууга, жатаканага тийиштүү бардык нерселерге этият мамиле кылууга;
3.6. Күнүмдүк колдонулбаган кийим-кече, баалуу буюмдарды ж.б.у.с. нерселерди сактоо бөлмөсүнө өткөзүүгө (сактоо бөлмөсүнө өткөзүлбөгөн буюмдарга жатакананын тейлөө кызматы жооп бербейт);
3.7. Жатаканада жашаган студенттер убактылуу эс алууга же практикага кете тургандыгын эки күн мурун комендантка билдирүүгө;
3.8. Жатакананын кызматкерлерине жана жашоочуларына сылык мамиле жасоого;
3.9. Окуудан чыгарылган студент окуудан чыгарылгандыгы тууралуу буйрук чыккандан кийин бир жумалык мөөнөттүн ичинде жатаканадагы ордун өткөзүп берүүгө;
3.10. Бөлмө ачкычынын бирөөсүн комендантка тапшырууга;
IV. Жатаканада жашаган студенттер төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1. Жатаканадагы инвентарларды жана жабдууларды колдонууга; 4.2. Студенттин эркиндиктери жана укугу кимдир бирөөлөр тарабынан тебеленсе, комендантка же координаторго даттанууга;
4.3. Жатакананын студенттик кеңеши менен бирдикте кыш мезгилинде бөлмөнү жылуулоо үчүн кам көрүүгө;
4.4. Жатаканада уюштурулган ар кандай маданий-массалык тарбиялык иштерге, конкурстарга, спорттук мелдештерге катышууга;
4.5. Комендант менен макулдашып бөлмөсүн ремонттоого жана кооздоого;
4.6. Жатаканадагы кемчиликтер тууралуу комендантка, координаторго өз оюн ачык билдирүүгө;
4.7. Жатаканада тартип бузбай, бөлмөсүн таза сактап жашаган студенттер коменданттын сунушу менен кийинки окуу жылында да жашоого.
V. Жатаканада жашоочуларга уруксат берилбейт
5.1. Өз алдынча бир бөлмөдөн экинчи бөмөгө жайгашууга жана инвентарь алып барууга;
5.2. Электр өткөргүчүн өз алдынча оңдоого же башка орунга которууга;
5.3. Бөлмөлөрдө электр жылыткычтарды колдонууга;
5.4. Магнитофондун, телерадионун үндөрүн кошуна бөлмөгө угулганга чейин бийиктетүүгө;
5.5. Кечки саат 23:00 дөн баштап музыка коюуга, коридордо басууга;
5.6. Студенттик кеңештин, коменданттын уруксатысыз бөлмөлөрдүн бооруна ар кандай нерселерди чаптоого;
5.7. Жатаканын жетекчилигинин уруксатысыз өз алдынча иш чараларды уюштурууга;
Өзгөчө уруксат берилбейт
5.8. Спирт ичимдиктерин ичүүгө, сактоого, мас абалында жатаканага кирүүгө;
5.9. Жатаканага жат адамды алып келүүгө, түнөтүүгө;
5.10. Наркотикалык, алкоголдук заттарды сактоого жана пайдаланууга;
5.11. Ашыкча электр жабдууларын колдонууга;
5.12. Жатакананын ичинде тамеки тартууга;
5.13. Студент тартип бузуп жатаканадан чыгарылса, акчасы кайтарылып берилбейт.
VI. Жатакананын студенттик кеңеши
6.1. Жатаканадагы студенттик кеңештин төрагасы коменданттын сунушу, студенттердин макулдугу менен бир жылдык мөөнөткө жатаканалар боюнча координатор тарабынан дайындалат;
6.2. Студенттик кеңештин төрагасынын сунушу менен ар бир кабаттын старосталарын комендант дайындайт; Студенттик кеңештин милдеттери:
6.3. Студенттерди жатаканага жайгаштырууда комендантка көмөктөшүүгө;
6.4. Жатаканада тарбиялык, маданий-массалык иш чараларды уюштурууга;
6.5. Жатаканадагы санитардык тазалыкты, техникалык коопсуздукту, ички жана сырткы тартипти көзөмөлдөөгө;
6.6. График боюнча ашканаларга жана вахтага студенттердин күзөтүн уюштурууга;
6.7. Жатакананын өздүк буюмдарын көздүн карегиндей сакталышын көзөмөлдөөгө;
6.8. Жатаканада одоно тартип бузган студенттерди тартипке чакырууга;
6.9. Иш чара өткөрүүдөн мурун комендант жана жатаканалар боюнча координатордон уруксат алууга;
6.10. Ар бир бөлмөдө санитардык китепченин болуусун көзөмөлдөөгө;
6.11. Жашоочулардын жатаканадагы милдеттерин, укуктарын түшүндүрүүгө;
6.12. Жатаканада жашаган жалпы студенттерге семестр аягында отчет берүүгө;
VII. Комендант милдеттүү:
7.1. Жатакананы жаңы окуу жылына карата толук кандуу даярдоого;
7.2. Студенттерди жатаканага жайгаштырууда тарбия департаменти тарабынан берилген ордердин негизинде студенттерди көрсөтүлгөн бөлмөгө жайгаштырууга, жатакана акысын толук төлөгөндүгүн, медициналык кароодон өткөндүгүн кылдат текшерүүгө; 7.3. Ар бир жашоочуга инвентарларды туура бөлүштүрүп берүүгө; 7.4. Студенттик кеңештин жана жатакананын персоналдык кызматкерлеринин иш аракеттерин түздөн-түз көзөмөлдөөгө;
7.5. Студенттерге жатаканадагы инвентарларды, техникалык каражаттарды туура пайдалануу жана ички тазалыкты, тартипти, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жыйын өткөрүүгө;
7.6. Студенттерге таалим-тарбия берүүгө, туура жол көрсөтүүгө;
7.7. Туура эмес жолдо жүргөн, тартип бузган студенттерди деканатына, тарбия департаментине жана ата-энесине өз убагында билдирип турууга;
7.8. Күн сайын күзөтчүнүн билдирүүсүн угууга жана ошого карап иш жүргүзүүгө;
7.9. Жатаканага тиешелүү аймактын тазалыгын камсыздоого жана айлана-чөйрөсүн жашылдандырууга;
7.10. Жатаканада ар түрдүү оюн-зоок кечелерин уюштурууга;
7.11. Студенттер менен өз ара пикир алышып турууга жана студенттерден түшкөн арыздарды канааттандырууга;
7.12. Жатакананын жылуулук, газ, электр системаларын, суу түтүктөрүнүн нормалдуу иштеп жаткандыгын такай көзөмөлдөп турууга;
VIII. Комендант укуктуу:
8.1. Белгилүү инсандар, адистер менен пайдалуу кеңештерди, жолугушууларды уюштурууга;
8.2. Жатаканада эмгектенип жаткан кайсы бир кызматкер милдетин так аткарбаса же мыйзамга туура келбеген иш аракеттерди жасаса, ал кызматкерди жумуштан бошотуу боюнча сунуш берүүгө;
8.3. Студент жатаканадагы ички тартипти бузган учурда эскертүү берүүгө, эгерде дагы кайталанса студенттик кеңештин мүчөлөрү менен кеңешип, жатаканадан чыгарууга;
8.4. Тиешелүү учурларда студенттерди бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө которууга;
8.5. Жатакананын шартын жакшыртуу максатында ректоратка сунуш берүүгө;
IX. Күзөтчү (вахтер) милдеттүү:
9.1. Күзөтчү өзүнүн иш убактысынан 15 мүнөт эрте келип, жатакананын ичин бир ирет карап чыгып, андан кийин күзөтчүлүктү өткөзүп алууга;
9.2. Жашоочулардын пропускасын ар дайым текшерип киргизүүгө;
9.3. Жатаканага жат адамдарды киргизбөөгө;
9.4. Эгерде студент тууганын же таанышын жатаканага киргизүүсүн суранса, вахтага документ калтырып, кайсы бөлмөгө кирээрин тактап, каттоо китепчесине жазып, андан кийин уруксат берүүгө;
9.5. Жатакананын эшигин кечки саат 22:00дөн кечиктирбей жабууга жана эшик жабылгандан кийин келген студенттердин тизмесин комендантка билдирүүгө;
9.6. Кечки саат 23:30дан баштап кабаттардагы газ, суу түтүктөрүнүн толук бекитилгендигин текшерип чыгууга;
9.7. Өзүнүн күзөтчүлүгү учурунда болгон окуяларды комендантка билдирүүгө;
Эскертүү: 18:00дөн кийин пропускасы жок жат адамды киргизип жиберсе же күзөтчүлүк учурунда мыйзам бузууга жол берсе эскертүү берилет, экинчи жолу кайталанса жумуштан четтетилет.
X. Ош МУнун жатаканалары боюнча координатору милдеттүү:
10.1. Окуу жылынын башында жатаканада өткөрүлүүчү бир жылдык иш чаралардын планын иштеп чыгууга, тарбия департаментинин директору тарабынан бекиттирүүгө жана коменданттарга, студенттик кеңештин төрагаларына таркатууга;
10.2. Жаңы окуу жылы башталаарда жатаканалардын ремонтун жана санитардык-гигиеналык абалын текшерип чыгууга;
10.3. Студенттерди жатаканага жайгаштырууга жана жайгашып жаткан учурда келишимдик акынын толук төлөгөндүгүн, медициналык кароодон өткөндүгүн, кылдат текшерип, андан кийин жашоо үчүн ордер берүүгө;
10.4. Жашоочулар менен пикир алышып турууга жана студенттерден түшкөн каттарды, доо арыздарды канааттандырууга;
10.5. Жатаканалардын санитардык, электрдик-техникалык коопсуздук абалын текшерүү боюнча атайын рейддерди уюштурууга;
10.6. Жатакананын материалдык-техникалык каражаттарын, газ, жылуулук, электр системаларын максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылуусун көзөмөлдөөгө;
10.7. Жатаканалар арасында конкурстарды, талкууларды, маданий-массалык жана спорттук иш чараларды ырааттуу түрдө мезгил-мезгили менен уюштурууга;
10.8. Жатаканада көйгөйлүү маселелер жаралган учурда тарбия департаментинин директоруна кабарлоого;
10.9. Семестрдин аягында студенттик кеңештин отчетун алууга;
XI. Ош МУнун жатаканалары боюнча координатору укуктуу:
11.1. Коменданттын сунушу менен жатакананын студенттик кеңешинин төрагасын дайындоого;
11.2. Студенттик кеңештин иш-пландарын бекитүүгө жана алардын аткарылышын түздөн-түз көзөмөлдөөгө;
11.3. Жыл жыйынтыгы боюнча жана даталуу майрамдарга карата маданий-массалык, коомдук, спорттук иш чараларга активдүү катышкан студенттерди сыйлоо (ардак грамота, акчалай сыйлык ж.б.) жөнүндө окуу жайдын жетекчилигине сунуштоого;
11.4. Одоно тартип бузган студенттерди жатаканадан чыгарууга;
11.5. Өз ишин так аткарбаган студенттик кеңештин төрагасын алмаштырууга;