ОшМУнун жаштар комитети жөнүндөгү жобосу
b>ОшМУнун жаштар комитети жөнүндөгү жобосу

      I.      Жалпы жобо

       1.1.      Ош мамлекеттик университетинин студент-жаштарынын өзүн-өзү башкаруу структурасы – жаштар комитети (мындан ары - комитет) болуп саналат. ОшМУнун жаштар комитети мамлекеттик жаштар саясатын өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу окуу жайдагы структуралык түзүм болуп эсептелет. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү» жөнүндөгү указынын негизинде түзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү», «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарына, ОшМУнун уставына, тарбия концепциясына, ушул жобого жана башка нормативдик укуктук актыларга таянып иш жүргүзөт.
1.2.      Комитет окуу жайдын 14 жаштан 35 жашка чейинки окутуучуларынын, аспиранттарынын жана студенттеринин курамында түзүлөт;
1.3.      Комитет республикалык аткаруу жана жергиликтүү башкаруу органдары, коомдук жана өкмөттүк эмес жаштар уюмдары менен тыгыз байланышта иш алып барат;
1.4.      Комитеттин дареги – Ош шаары, Ленин көчөсү - 331, 228- каана,      телефону: 2-26-33
.
      II.      Комитеттин максаттары жана милдеттери

      Жаштар комитетинин негизги максаты жана милдеттери катары төмөндөгүлөр эсептелет:

2.1.      КРнын «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамын аткаруу;
2.2.      КРнын мамлекеттик жаштар саясатын ОшМУнун компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруу;
2.3.      Улуттук «Кыргызстан жаштары» программасын аткарууну камсыздоо;
2.4.      КРнын башка ЖОЖдору менен байланыштарды түзүү жана күчөтүү;
2.5.      Cтудент-жаштардын арасында фестиваль, форум, конкурс, илимий-практикалык конференция, семинар, тренинг, жолугушуу, лекция, маектешүү, дебат, дискуссия, маданий-массалык жана спорттук иш чараларды ырааттуу түрдө мезгил-мезгили менен уюштуруу ошондой эле регионалдык жана республикалык иш чараларга активдүү катышуу
; 2.6.      Жаш ишкерлердин долбоор-программаларын жана демилгелерин кубаттоо, жаштардын жумуш менен камсыз болуусуна жана студент-жаштардын укуктук, социалдык, экономикалык кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү, студенттик курулуш отряддарын уюштуруу;
2.7.      Жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мамлекеттик, жеке жана коммерциялык ишкерлер ошондой эле эл аралык уюмдар менен биргеликте социалдык программаларды, долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2.8.      Окуу-тарбия иштерине көмөк көрсөтүү, студент-жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, жаштар арасында дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү;
2.9.      Мамлекеттин социалдык-экономикалык, маданий, демографиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жаштардын укугун коргоо, мыйзамдык кызыкчылыктарын камсыздоо;
2.10.      Жаштардын нравалык, интеллектуалдык, маданий-эстетикалык жактан өнүгүүсүнө жана бийик патриоттук сезимде тарбиялануусуна өбөлгө түзүү.

      III. Комитеттин укуктары

3.1.      Окуу жайдын ичинде жаштар саясатын жүргүзүү максатында негизги приоритеттер жана багыттар боюнча сунуштарды окуу жайдын жетекчилигине жеткирүүгө жана аларды ишке ашыруу боюнча механизмдерди иштеп чыгууга, ошондой эле жаштар саясаты боюнча регионалдык, республикалык мамлекеттик иш чараларга катышууга;
       3.2.      КРнын мыйзамдарына каршы келбеген учурларда өз компетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл алууга;
3.3.      Социалдык-психологиялык, педагогикалык, укуктук жана турмуштук татаал кырдаалдарда жаштарга жардамдык кубаттоо көрсөтүү иш чараларына катышууга;
3.4.      ОшМУнун окуу имараттарынын, жатаканаларынын санитардык, электрдик-техникалык коопсуздук абалын текшерүү боюнча атайын рейддерге катышууга;
3.5.      Студенттердин арасында профилактикалык түшүндүрүү жана тарбиялык иштерди жүргүзүүгө;
3.6.      Окуу процессинде сапаттык жана абсолюттук жетишүүсү төмөн болгон жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү, дисциплиналык эрежелерге жооп бербеген студенттерди комитеттин кеңешмелеринин күн тартибине коюуга;
3.7.      Жылдын жыйынтыгы боюнча жана майрамдык даталарга (Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү, Эл аралык студенттер күнү, Ата Мекенди коргоочулардын күнү, Эл аралык аялдар күнү ж.б.) карата окуу процессиндеги мыкты жетишкендиктери, спорттук мелдештерде жогорку көрсөткүчтөрү жана маданий-массалык, коомдук иш чараларга активдүү катышкандыгы үчүн студенттерди, аспиранттарды, жаш окутуучуларды сыйлоо (стипендия, акчалай сыйлык, ардак грамота ж.б.) жөнүндө окуу жайдын ректоратына сунуш берүүгө;
3.8.      ОшМУнун жаштар комитетинин курамын түзгөн факультеттердин жаштар комитеттерине өз компетенциясынын чегинде тарбия иштери боюнча методикалык координацияны камсыздоого;
3.9.      Жаштар саясатына байланыштуу иш чараларды уюштурууда ыктыярдуу жана келишимдик негизде демөөрчүлөрдү жана уюмдарды тартууга;
3.10.      Студент-жаштардын арасында окуу-методикалык борборлорду, спорттук клубдарды, чыгармачыл топторду ж.б. уюмдарды түзүүгө көмөктөшүүгө;
3.11.      Жаштар иштери боюнча маалымат бюллетендерин, тарбиялык-методикалык ж.б. материалдарды даярдоого.

      IV.      Комитеттин башкаруу органы жана структурасы

4.1.      ОшМУнун жаштар комитетинин төрагалык кызматына 35 жашка чейинки университеттин окутуучусу, аспиранты же студенти ОшМУнун студенттери тарабынан шайланат.
4.2.      14 жаштан 35 жашка чейинки студенттер, аспиранттар, жаш окутуучулар комитетке мүчө боло алышат.

      Төраганын укуктары жана милдеттери

:
4.3.      Төрага комитеттин жалпы ишмердүүлүгүн жетектейт;
4.4.      Комитетке жүктөлгөн милдеттердин жана тапшырмалардын аткарылышын төрага координациялайт жана жооп берет;
4.5.      Комитеттин структурасын иштеп чыгат жана кырдаалга карата өзгөртүүлөрдү киргизет;
4.6.      Комитеттин структуралык жетекчилери (орун басар, сектор башчылары, факультеттердин жаштар комитеттеринин төрагалары) комитеттин жобосуна ылайык иштелип чыккан функциялык милдеттери жана укуктары жөнүндөгү жобонун негизинде иш алып барышат;
4.7.      Комитеттин актив-мүчөлөрүн (орун басары жана сектор башчыларын) кызматка дайындайт, мыйзам чегинде дисциплиналык жоопкерчиликке тартат жана кызматынан бошотот;
4.8.      Факультеттердин жаштар комитеттеринин жоболорун бекитет;
4.9.      Өзүнүн компетенциясынын чегинде комитеттин актив-мүчөлөрүнө тапшырмаларды, инструкцияларды жана көрсөтмөлөрдү берет;
4.10.      Комитеттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
4.11.      Комитеттин ишмердүүлүгүнүн негизги перспективалык багыттарын аныктайт, пландарын иштеп чыгат жана алардын аткарылышы жөнүндө отчет даярдайт;
4.12.      Факультеттердин жаштар комитеттеринин төрагалык кызматына шайлоо өткөзүү же дайындоо, конкурстук тандап алуу үчүн факультеттин жетекчилигине талапкер сунуштайт;
4.13.      Факультеттердин жаштар комитеттеринин төрагаларынын иш-пландарын бекитет жана алардын аткарган иштери тууралуу отчетторун семестрде бир жолу угат;
4.14.      Комитеттин материалдык-техникалык каражаттарынын максаттуу жана эффективдүү пайдаланылуусун контролдойт;
4.15.      Комитет, курамына төрага, төраганын орун басары кирген коллегия түзүүгө укуктуу. Коллегиянын курамына окуу жайдын администрациясынан (проректорлор, декандар, бөлүм башчылар), профсоюз уюмунан, факультеттердин жаштар комитеттеринин мүчөлөрүнөн, жатаканалардын студенттик кеңештеринен өкүлдөр мүчө катары кире алат;
4.16.      Коллегия мамлекеттик жана окуу жайдын жаштар саясатынын негизги маселелерин карайт жана талкуулайт;
4.17.      Коллегиянын курамынын мүчөлөрүн төраганын сунушу боюнча окуу жайдын жетекчиси бекитет;
4.18.      Коллегиянын чечимдери коллегиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушунун негизинде кабыл алынат.

      V. Комитеттин финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары

5.1.      Комитет тарабынан аткарылуучу иш чараларды финансылык каржылоо КРнын мыйзамдарына туура келген түрдө университеттин бюджетинин, гранттардын, долбоорлордун, демөөрчүлөрдүн ж.б. каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт;
5.2.      Комитетке тиешелүү иш чараларды аткарууда комитеттин актив-мүчөлөрү университеттин администрациясы тарабынан бөлүнүп берилген материалдык-техникалык каражаттардан пайдаланышат.

      VI. Комитетти өзгөртүп түзүү жана жоюу

6.1.      Комитеттин ишмердүүлүгүн токтотуу төмөндөгүдөй жолдордун биринин негизинде ишке ашат:
а)      башка структурага кошуу;
б)      өзгөртүп түзүү;
в)      структураны жоюу;
6.2.      Комитеттин ишмердүүлүгүн токтотуу университеттин ректору тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт;
6.3.      Комитеттин жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө тиешелүү жана комитеттин ишмердүүлүгүн токтотуудагы түзүлгөн документтер КРнын «Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде сакталат жана колдонулат.

      ОшМУнун жаштар комитетинин сектор башчыларынын милдеттери

I.      Окуу секторунун башчысынын милдеттери

1.      ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору жана окуу-информациялык департаментинин (ОИД) кызматкерлери менен тыгыз байланышта иш алып баруу;
2.      Факультеттерде окуу секторлору тарабынан тайпалык журналдардын текшерилүүсүн координациялоо, 60 саат себепсиз сабакты калтырган студенттердин тизмесин тактоо жана аларды деканатка, тарбия департаментине, ОИДге билдирип туруу;
3.      Кафедралар алдында макулдашуу менен предметтик кружокторду уюштуруу;
4.      Деканат менен биргеликте окуунун мыктыларын тактоо жана алардын сүрөттөрүн ардак тактага жайгаштыруу;
5.      Сынак-сессиянын жыйынтыгы боюнча студенттердин рейтингин чыгаруу жана дубал газетага илүү;
6.      Ай сайын эң көп кечиккен, сабакты себепсиз көп калтырган жана сынак-сессиянын жыйынтыгында начар көрсөткүчтү берген студенттерди факультеттин дубал гезитинин «Тикенек» рубрикасына чыгаруу;
7.      Деканат менен биргеликте окуунун мыктыларын сыйлыктарга көрсөтүү.

      II. Илим секторунун башчысынын милдеттери

1.      ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору менен тыгыз байланышта иш алып баруу;
2.      Илимий макалаларды, курстук иштерди, рефераттарды, дипломдук иштерди жазуудагы коюлуучу талаптар жөнүндө студенттерге дубал гезиттер, семинар, тренинг, бюллетендер аркылуу маалымат берүү;
3.      Факультеттерде ай сайын чыгарылып туруучу илимий дубал газеталарын уюштуруу;
4.      Кафедралар алдында макулдашуу менен илимий кружокторду уюштуруу;
5.      Студенттерди илимий-практикалык конференцияларга, семинарларга, илим жумалыктарына катышууга тартуу;
6.      Илимпоз адамдар, аспиранттар менен жолугушууларды уюштуруу.

      III. Спорт секторунун башчысынын милдеттери

1.      ОшМУнун дене тарбия кафедрасынын кызматкерлери менен тыгыз байланышта иш алып баруу;
2.      Спорттун негизги түрлөрү (баскетбол, волейбол, теннис, шахмат, шашки, футбол, ордо, тогуз коргоол ж.б.) боюнча университтик (факультеттик) курама (балдар, кыздар) командаларды түзүү;
      Дене тарбия кафедрасы менен биргеликте спорттун түрлөрү боюнча секцияларды түзүү жана алардын иштөөсүнө көмөктөшүү;
3.      Дене тарбия кафедрасы менен биргеликте ЖОЖдор аралык жана регионалдык универсиадаларга командаларды даярдоо жана активдүү катышуу;
4.      Факультеттер аралык спорттук мелдештерди, жолдоштук беттешүүлөрдү мезгил-мезгили менен уюштуруп туруу;
5.      Факультеттерде курстар жана адистиктер аралык спорттук мелдештерди уюштурулушун координациялоо;
6.      Университетте жана факультеттерде спорттун мыктыларынын тактайын уюштуруу;

      IV. Дискуссия-дебат секторунун башчысынын милдеттери

1.      Студенттер арасында тарбиялык мааниге ээ жана актуалдуу болгон темаларда ай сайын дискуссияларды жана дебаттарды уюштуруу;
2.      Студенттерге дебаттын форматтары жөнүндө түшүнүк берүү жана тренингдерди уюштуруу;
3.      Факультеттер арасында дебаттык турнирлерди уюштуруу;
4.      Дебат боюнча кыргыз, орус жана англис лигадагы университтетик курама командаларды түзүү;
5.      Дебат боюнча ЖОЖдор арасында уюштурулуучу республикалык жана регионалдык турнирлерге студенттерди активдүү катыштыруу;

      V. Маданий уюштуруу секторунун башчысынын милдеттери

1.      Студент-жаштардын маданий эс алуусу үчүн фестивалдар, конкурстар, викториналарды ("Ретордук балл", «ОшМУнун идеалдуу түгөйү», «ОшМУ мырзасы», «ОшМУ периси», таланттуулардын фестивалы ж.б.) уюштурууга көмөктөшүү;
2.      Даталуу күндөргө (Мамлекеттик тил күнү, Мугалимдердин күнү, Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү, Эл аралык студенттер күнү, Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү ж.б.) карата студенттик майрамдык кечелерди уюштуруу;
3.      Студенттер үчүн башкы имаратта жана жатаканаларда бий кечелерин уюштуруу;
4.      Факультеттерде студенттик сынак-фестивалдардын, кечелердин мезгилдүү уюштурулушун координациялоо;
5.      Поэзия кечелерин уюштуруу.

      VI. Социалдык сектордун башчысынын милдеттери

1.      ОшМУнун профсоюз уюму менен тыгыз байланышта иш алып баруу;
2.      Университет боюнча социалдык жактан жардамга муктаж студенттердин тизмесин критерийлер боюнча (жарым жетим, тоголок жетим, майып, көп үй-бүлөлүү) тактоо;
3.      Такталган студенттердин тизмесин окуу жайдын жетекчилигине жана профсоюз уюмуна билдирүү менен аларга тиешелүү жардамдарды (моралдык, материалдык, акчалай жардам, контракттык төлөмдөрүнө пайыздык жеңилдетүү ) көрсөтүү;
4.      ОшМУда билеттик системада уюштурулган маданий-массалык иш чараларга, кечелерге акысыз катышууну уюштуруу;
5.      Ыктыярдуу демөөрчүлөр, кайрымдуулук фонддор жана уюмдар тарабынан бериллүүчү жардамдарды уюштуруу;

      VII. «Брейн-Ринг» акыл таймаш клубунун башчысынын милдеттери

1.      Факультеттерде студенттик «Брейн-Ринг» акыл таймаштарынын (предметтик жана кругозордук) уюштурулушун координациялоо;
2.      Семестрде бир жолу факультеттер аралык студенттик «Брейн-Ринг» акыл таймаштарын уюштуруу.

      VIII. Маалымат секторунун башчысынын милдеттери

1.      Тарбия департаменти, жаштар комитети тарабынан уюштурулган иш чараларды республикалык, облустук, шаардык, университеттик массалык маалымат каражаттарына чагылдыруу;
2.      Факультеттерде уюштурулган иш чараларды университеттик массалык маалымат каражаттарына чагылдыруу.

      IX. Мамлекеттик тил боюнча координатордун милдеттери

1.      Университеттин иш-кагаздарын мамлекеттик тилге өткөзүүсү боюнча иш алып баруу;
2.      Мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү жана аны жоюунун жолдору боюнча талкуулар, тегерек столдорду уюштуруу;
3.      Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө байланышкан кароо-сынактарды уюштуруу.