ШТК таймаш
                  Достук тамаша таймашы жыйынтыкталды
      17- ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата ОшМУнун тарбия департаменти жана Жаштар комитети тарабынан шайыр тапкычтар клубунун достук таймашы ОУДТда жогорку деңгээлде өттү. 2-, 3- ноябрда ШТКнын биринчи туру болуп, финалга БиМден(“БиМка”), физика жана технологиялар факультетинен (“Энергетиктер”), чет тилдерден (“Are you ready?”) теологиядан (“Универсал – 2”), искусстводон (“До”), тарых-юридика (“SNB”) факультетинен чыккан командалар финалга өтүшкөн болчу. Ал эми, алты команда тирешкен финалдан соң биринчи орунга «Энергетиктер (Өлүк тириктер)» командасы татып, ректордун колунан 20 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Жалаң кыздардан куралган «БиМка» күлкү таймашта экинчи орун болуп, 15 миң сом менен сыйланышты. Үчүнчү орунду “SNB” жеңип, 10 миң сомду илип кетти.
      Мындан сырткары калган үч командага да акчалай сыйлыктар ыйгарылды. «ОшМУда ыймандуу, адеп-ахлактуу, илим-билимдүү, ошондой эле таланттуу улан-кыздар окуйт. Мен ушул нерселер менен сыймыктанам» - деген ОшМУнун ректору К. Исаков таймаштын аягына чейин көрүүчүлөр менен бирге олтурду. Таймаштын дагы бир өзгөчөлүгү Кыргызстанга белгилүү тамашоучулар Марат, Азамат, Жеңиш, Айбек, ошондой эле, КG Элмурат калыстыкта олтурушту. Аталган калыстар оюнчулардан мынчалык деңгээлде оюн көрсөтөөрүн күтпөгөнүн айтып, алдыда дагы да чоң – чоң ийгиликтерди жаратаарына ишеним билдиришти. Айта кетчү жагдай, бул ШТК таймашынын байге фонду 60 миң сом болду.