Стилдүү студент - 2013

      Жыл сайын адатка айланып калган «ОшМУнун стилдүү студенти – 2013» кароо сынагы Ош Улуттук драм театрында жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Аншлаг менен коштолгон бул иш чаранын жыйынтыгында искусство факультетинин кымча бел студенти Курсантбек кызы Айчүрөк өз атаандаштарын артта калтырып, «ОшМУнун стилдүү студенти – 2013» аталды. Ал эми, II орунду Аятиллаева Алина алып, “ОшМУнун кар ханышасы” болду. III орунга Маткасимова Айзада татып, “ОшМУнун күз ханышасы” наамына татыды. Ал эми мырзалардын ичинен өзгөчөлөнгөн чет тилдер факультетинин студенти Ибраимов Нурбек “ОшМУнун стилдүү мырзасы – 2013” наамын жеңип алды. Тарых – юридика факультетинен Садырбеков Кадырбек II орунду бөктөрүнүп, “ОшМУнун кыш сырзасы” аталды. Ал эми, III орунду БиМ факультетинин стилдүү студенти Аслан уулу Дастан алып, “ОшМУнун күз мырзасы” номинациясын жеңип алды. Мындан сырткары 4-, 5- жана 6- орунду алган улан – кыздар белектер менен сыйланды. ОшМУнун стилдүү мырзасы жана селкиси Ысык – Көлгө жолдомо утуп алды.