News Архив

Kültürel etkinlikler ve öğrenci hayatı
KAMU İŞLERİ https://umk.oshsu.kg/pages/news_all


ОБЩЕСТВЕННЫЕ ДЕЛА👈
 
      

Колледждеги тарбиялык маданий-массалык иштер жана спорттук иш чаралардын жылдык планы ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштоо боюнча проректору тарабынан бекитилет жана ошол бекитилген пландын негизинде жүргүзүлөт. Иш планга ылайык төмөндөгү иш чаралар системалуу түрдө өткөрүлүп турат: түрдүү темадагы дискуссиялар, белгилүү инсандар жана медицина кызматкерлери менен жолугушуулар, ар түрдүү темадагы брейн-ринг акыл таймашы, КВНдер, спорттук мелдештер, ар түрдүү темадагы жаштар форуму, тегерек столдор, ж.б.у.с.



Ош МУнун Өзгөн эл аралык медициналык коллеждин студенттердин билим алуу менен коомдук иштерди айкалыштыруусу да жолго коюлган. Алар райондук, шаардык, университеттик масштабдарда өткөрүлгөн ишембиликтерде да өздөрүнүн активдүүлүктөрүн көрсөтүшөт. Спорт жаатында жогорку көрсөткүчтөргө ээ болууда. Студенттердин спорттук жактан машыгуулары да окуу жайдын көңүл борборунда экендигин айгинелеп турат. Коллеждин атынан студенттер чет олколордо откорлургон спорттук мелдештреге катышып байгелуу орундарды багындырп келуудо.мисалга алсак Жумабай уулу Бекболсун КРдин кикбокс боюнча спорт чебери РФ кикбокс боюнча спорт чебери.

Коллежде «Билим күнү», «Студентикке кабыл алуу», «Кыздар куну» «Буткул дуйнолук жаштар куну» «Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү», «Жаңы жылды тосуу», «Нооруз» майрамы, «Эл аралык аялдар күнү», Викториналар, «Акыркы коңгуроо» иш чаралары салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлүүдө. Озгон районунда откорулгон бардык маданий иш-чараларга коллежждин студенттери катышып келуудо милсага алсак 2021-жылдын 15-сентябрь куну Респуликалык денгеелде откорулгон «Маданият мунарасы» аттуу этно фестивалында өткөрүлгөн чоң театралдык оюн–зоокко студенттер тарабынан ыктыярчылар тобу тузулуп, фестивалдын отушуно чон салым кошо алышты десек болот.. Колледжде, университетте жана шаардык масштабда өткөрүлгөн ишембиликтерге ар бир группа график боюнча кураторлору менен кошо активдүү катышышат.

Колледжде «МУРАС» бийчилер тобу, «ГИППОКРАТ» квн командасы түзүлгөн. Өзгөн районунун окуу жайлар арасында болуп өткөн КВН тамаша оюнуна катышып 1-орунду ээлеген. Тарбиялык иштердеги бардык процесстер студенттердин маданияттуулугун, адамкерчилигин, кесиптик билимин жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлөт. Билим берүү, аны менен бирге студент жаштарды тарбиялоо-Кыргыз мамлекетин осуп, өнүктүрүүдө өзгөчө маанилүү стратегиялык ресурс болуп эсептелет. Тарбия иштери боюнча директордун орун басары жаштар кенеши жана акыйыкатчы апаратынын курамы менен тыгы иш-алып барып келет. Тарбиялык иштерде чогулуштар, тегерек столдо маектешүү, белгилүү инсандар менен жолугушуу, фильмдерди көрсөтүү, колледждин ички тартиби менен таныштыруу, ачык эшиктерди өткөрүү, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү, жаштар СПИДге каршы, аялдардын коомдогу ролу ж.б.у.с пландаштырылып врачтар, наркологдор жана аймактык тескөөчүлөрү менен жолугушуулар жүргүзүлүүдө. Андан сырткары Ректордун сунушуна ылайык студенттерди саясий жактан тарбиялоо максатында «КРдин мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жөнүндө» жана Студенттерди гуманизмге тарбиялоо максатында «Катталбаган жана жашы жете элек курактагы никелердин аялдардын аялуу абалына тийгизген таасири», “Улуттар аралык ынтымактыкты сактоо” тууралуу ар бир тайпада куратордук сабактар өткөрүлүп тарбия иштери боюнча директордун орун басары тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде студенттердин өзүн-өзү башкаруу кенеши түзүлгөн.жана бир жылдык иш-планын дирекция тарабынан бекитилип, иш-аып барат. Бул кенеш студенттердин кызыкчылыгын, укуктарын, талабын, коргоо максатында иш алып барышууда. Кенеш ар бир жаңы окуу жылында студенттердин арасында 1 жылдык мөөнөткө шайланат. Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде жаштар кенеши тарабынан студенттер менен биргеликте ыктыярчылар тобу тузулгон жана окуу жайда, шаарда, жана райондун аймагында кандай гана коомдук иштер же табият кырсыгы болбосун сосуз катышып жардамын корсотуп келуудо, мисалга алсак 2020-жылкы «Пандемия» мезгилинде коллеждин ыктярчы студенттери райондун аймакгында коюлган откормо посторунда ноомот отоп эл кызматын да аткарышты. Жаштар кенешинде 11 сектор башчысы иш алып барат. , билим сектору, тарбия сектору, спорт сектору, мамлекеттик тил сектору, маданият сектору, саламаттыкты сактоо сектору ж.б. секторлор биргелешип студенттердин кызыкчылыгын коргоодо. акыйкатчы апараты колледждин коррупцияга каршы күрөшүү комитети менен биргеликте “таза сессия” өткөзүү максатында тыгыз иштеп жатышат. Өзгөн эл аралык медициналык коллежинин студенттер арасында “МУРАС” маданий чыгармачыл борбору түзүлүп, таланттуу студенттер тарабынан атайын кечелер, концерттик программа, тамаша-шоу, КВН ж.б. кечелер уюштурулат. Коррупцияга каршы комитет ар бир зачет экзаменге катышып өздөрүнүн сунуштарын, пикирлерин дирекцияга протокол түрүндө билдирүүдө. Аларга болгон көзөмөл, чара көрүү маселесин да чечүүгө жардам берүүдө. Акыйкатчы апараты тарабынан колллежде ишеним кутучасы орнотулган студенттер тарабынан берилген сунуштар туз жетекечилике протоколдоштурулуп берилип турат.