ОшМУга,Америкалык ыктыярчылар келишти.

Бүгүн, эл аралык байланыштар департаментинин директору А.О. Абдувалиев Америкадан келген волонтер Темати Воолду жана Фулбрайт окутуучусу Мариям Маликти кабыл алды. Жолугушууда ал конокторго университеттин жана STEM инновациялык колледжинин тарыхы, масштабы, структурасы, окуу программалары (жалпы 130га жакын багыт), аккредитациядагы ийгиликтери (5 жыл катары менен 1-орун), рейтингдеги жетишкендиктери (Евразия ТОП-1, Орто Азия ТОП-5), автоматташтырылган электрондук башкаруу системасы, эл аралык байланыштары, чет өлкөлүк өнөктөштөрү (300дөн ашык эки тараптуу кызматташуу келишимдери), биргелешип ачылган факультеттери (Американын Портленд университети менен бизнес жана менеджмент факультети, Кадис университети менен Кыргыз-Европа факультети ж.б.), жаңы ачылган борборлор (Корей тили, Испан тили жана маданияты борборлору ж.б.), академиялык мобилдүүлүк (жылына 500 жакын студент, 300 окутуучу), алмашуу программалары (Эразмус+, Мевлана, УШОС, Ош декларациясы ж.б.), окутуунун жаңы технологиясын киргизген заманбап окуу жайдын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн тынымсыз жасалып жаткан иштер, Миссури университетинин проректорунун жакында болгон визити ж.б. жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ал ыктыярчылардын жардамында өнөктөштөрдүн санын көбөйтүү, talking clubдарды уюштуруп студенттердин тил билүү деңгээлин жакшыртуу зарылдыгы бар экендигин белгиледи. Сөзүнүн соңунда университет боюнча маалыматтар камтылган сувенирлерди тапшырды.

Ал эми ыктыярчылар жылуу кабыл алгандыгы үчүн Абдыганы Осмоновичке ыраазычылык билдиришип, ОшМУнун окутуучуларына методикалык кеңештерди берүүгө, студенттерге англис тилин мыктылап үйрөтүүгө бардык күч аракеттертерин жумшай тургандыгын убадалашты.

Жогорудагы волонтерлор 2022-2023-окуу жылында дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде жана STEM инновациялык колледжинде тажрыйба алмашуу, англис тилин үйрөтүү максатында келишкен.

Жыйынга,STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к.доцент, К.Б. Абдылакимова, директордун Эл-Аралык байланыштар боюнча орун басары С.А.Жолборсов катышты.
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20221208102326-stem.jpg https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20221208102334-stem.jpg https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20221208102341-stem.jpg https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20221208102350-stem.jpg


В рамках реализации академической мобильности, в соответствии с договором о сотрудничестве по программам академической мобильности заключённым между нашими университетами, преподаватели и студенты Инновационного колледжа STEM ОшГУ посетили АнГУ в целях обмена опытами.


ОшМУнун STEM инновациялык колледжине Түркиядан ыраазычылык кат тапшырылды.

ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к., доцент Бегайым Абдылакимовага жана директордун эл аралык байланыштар боюнча орун басары Саматбек Жолборсовго Түркиянын илим, өнөр жай жана технология министрлигинин өндүрүмдүүлүк башкы башкармалы тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.