госстандарты
ЭЛ АРАЛЫК ИСО 9000-9004 (9001-2001) СТАНДАРТЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СФЕРАСЫНДА КОЛДОНУУ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ
      Сапатты аныктоонун үч методу бар:
ЖОЖду башкаруунун сапатын баалоонун SWOTанализ ыкмасы;
Жалпы сапатты башкаруу (ЖСБ же TQM) принциптерине негизделген концепция;
Эл аралык ISO 9000: 2000 сапат стандарттарынын талаптарына негизделген ыкма.
1.SWOT анализдин негизинде сапатты баалоо ыкмасы ЖОЖдун ишинин күчтүү жана алсыз жактарын, ошондой эле анын өнүгүүсүнүн оң жана терс факторлорун аныктоо үчүн окуу жайдын өзүн-өзү баалоосун камтыйт; 2. ЖАЛПЫ САПАТТЫ БАШКАРУУ(ЖСБ-TQM) концепциясы ЖОЖдун ишинин негизги көрсөткүчү катары коомдун керектөөлөрүн ар тараптуу изилдөөнүн натыйжасында иштелип чыккан ЖОЖдун так миссиясын, стратегиялык максаттарын көздөйт.
Стандарттардын түрлөрү
 1.Эл аралык стандарттар(ИСО, Эл аралык энергетикалык комиссиянын стандарттары, Оптикалык багыттагы стандарттар);
 2. Мамлекеттер аралык стандарттар(ЕС, СНГ, Азия мамлекеттеринин биримдигинин ж.б.);  3. Улуттук(мамлекеттик) стандарттар; 4. Тармактык (отраслевой) стандарттар; 5. Ишкананын стандарттары.
МЭКтин, ИСОнун тарыхы, максаты
 1. Эл аралык электротехникалык конгресстин 1904-жылдын сентябрындагы резолюциясына ылайык 1906-жылы 26-27июнда Лондондо 13 мамлекеттин өкүлдөрүнүн демилгеси менен Эл аралык электротехникалык комиссияны (МЭК- Международная электротехническая комиссия) түзүлгөн.
 1946-жылы 24-октябрда 25 өлкөлөрдүн өкүлдөрү
ИСОнун(Международная организация по стандартизации (ISO) уставын, иштөө процедураларын бекитишкен. ISOS –грек тилинен которгондо тең (равный) дегенди билдирет.
 Бүгүнкү күндө ИСОго 118 мамлекет мүчө.
 1947 –жылы МЭК да ИСОго автономдуу укук менен кошулган.
 . ИСОнун негизги максаттары: Эл аралык сооданы жана өз ара жардамдашууну камсыз кылуу
Интеллектуалдык, илимийтехникалык жана экономикалык иш-аракеттер жаатында кызматташууну кеңейтүү ИСОнун мүчөлөрү
Сайт ИСО WWW.ISO.ORG. (Эл аралык стандарттарды уюштуруу уюму)
НЕГИЗГИ НОРМАТИВДИК СТАНДАРТТАР:
• ИСО 9000:2001. Системы менеджмента качества. Основные положения и словарь
• ИСО 9001:2000. Системы менеджмента качества. Требования
• ИСО 9002:2016 . Системы качества. Модель обеспечения качества при производстве, монтаже и обслуживании
• ИСО 9003. Системы качества. Модель обеспечения качества при окончательном контроле и испытаниях
• ИСО 9004:2000. Системы менеджмента качества. Рекомендации по улучшению деятельности
• ИСО 10007:2003. Системы менеджмента качества. Руководящие указания по управлению конфигурацией
• ИСО 10012:2003. Системы менеджмента измерений. Требования к измерительным процессам измерительному
оборудованию
Эл аралык ИСО 9000 стандарттарынын талаптарына ылайык,
САПАТ СИСТЕМАСЫ
томонку үч подсистемадан турат:
1.Сапатты башкаруу;
2.Сапатты камсыз кылуу;
3.Сапатты далилдӨӨ.
ИСО 9000-9004
       САПАТТЫ БАШКАРУУ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБА
ЭЛ АРАЛЫК ISO 9000-9004 СТАНДАРТТАРЫНЫН ТОПТОМУНДА ТОПТОЛГОН;
 ISO 9000 Стандарттарын иштеп чыгуучулар бул стандарттарды төмөнкү 4 продукцияга таркайт деп белгилеген:
 1) жабдуулар же техникалык каражаттар (ар кандай бөлүктөрдөн турган жана мүнөздүү формасы бар материалдык буюмдар);
 2) программалык камсыздоо (компьютердик программа, концепция, протокол ж.б.),
 3) иштетилген материалдар (чийки заттарды белгилүү бир абалда иштетүү жолу менен алынган материалдык продукциялар: суюктуктар, газдар, шейшеп материалдар),
 4) кызмат көрсөтүүлөр (персоналды окутуу, медициналык, банк, транспорт, техникалык тейлөө ж.б.). САПАТ
 ЖОЖдогу окуу процессинин жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн САПАТЫ алардын кардарларды канааттандыруу жөндөмү жана алардын кызыкдар болгон тараптарга күтүлүп жаткан жана күтүлбөгөн таасири менен аныкталат.  Сапаттын менеджмент системасы(СМС) ЖОЖ дун өзүнө койгон(аныктаган) максаттарды жана каалаган
натыйжаларды алуу үчүн талап кылынган процесстерди жана ресурстарды аныктай турган иш-аракеттерди камтыйт жана ЖОЖдун жетекчилигине стратегиялык пландарга ылайык ресурстарды колдонууну оптимизация кылууга мумкунчулук берет.
       ИСО 9000дин негизги принциптери (ЖОЖдорго ылайыкташылган):
-Керектөөчүнүн (абитуриенттин) талабына ыңгайлашуу;
-Кызматкерлерди(окутуучу, адистерди) компотенттүүлүгүнө карап ишке алуу;
-ЖОЖду башкарууга системалык мамиле жасоо;
-ЖОЖдо окуу процессин, илимий иштерди жүргүзүүнүн абалын, материалдык техникалык базаны ж.б.үзгүлтүксүз өркүндөтүү;
-Иш берүүчүлөр менен өз ара карым катнашта болуу.
Сапаттын негизги көрсөткүчтөрү:
1.Көп функционалдуулук;
2.Ишенимдүүлүк;
3.Эффективдүүлүк;
4.Практикалуулук
5.Коопсуздук
       Сапаттын көрсөткүчтөрүн аныктоо методдору:
 1.Математикалык эсептөө, моделдерди түзүү;
 2.Эксперименталдык өлчөө, ченөө жолу;
 Регистрациялоо ыкмасы;
 Органолептикалык(көз, кулак, мурун ж.б органдар аркылуу сапатты аныктоо);
 Эксперттик топторду түзүү менен; Социологиялык иликтөө аркылуу.
1.ИСО 9001:2001.
0.1. Жалпы жоболор.
 ОКУУ ЖАЙДА САПАТ МЕНЕДЖМЕНТ СИСТЕМАСЫН камсыздоо үчүн стратегиялык чечим талап кылынат.
 Окуу жайда САПАТ МЕНЕДЖМЕНТ СИСТЕМАСЫН иштеп чыгууга жана окуу процессине киргизүүгө төмөнкүлөр таасир этет:
муктаждыктар, конкреттүү максаттар, бүтүрүүчүлөр, илимий жыйынтыктарды өндүрүшкө киргизүү(инновация), колдонулган процесстер, окуу жайдын көлөмү жана түзүмү ж.б.
4. САПАТ МЕНЕДЖМЕНТ СИСТЕМАСЫ
 4.1. Билим берүү окуу жайына коюлуучу талаптар.
 Билим берүү системасы:
а) Билим берүү программасын калыптандыруучу процесстерди аныктоо, окуу процессин уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү, билим берүү кызматтарын көрсөтүү жана бул процесстерди башкаруу;
b) билим берүү процессин ишке ашырууда анын шарттарын аныктоо;
с) бул процесстерди дайыма оңдоо жана ага керектүү ресурстар менен камсыздоо. Окуу жай сапат менеджмент системасын колдонуунун так областын аныктоо: Мисалы, кафедра, факультет, мектеп өндүрүш тармактары ж.б.  Билим берүүнү башкаруу төмөнкү процесстерде ишке ашырылат: -окуу жайга абитуриенттерди кабыл алууну талдоо (кесиптик багыт); - окуу планын иш берүүчүлөрдүн талабына ылайык келтирүү; - билим берүү процессин уюштуруу жана ишке ашыруу; - студенттердин билимин баалоону жана аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү; - ЖОЖдун билим берүү потенциалын жогорулатуу; - китепканалардын, борборлордун жана окууилимий лабораториялардын иштешин камсыздоо. 4.2 . Документтерге талаптар: 4.2.1 Жалпы жоболор САПАТ МЕНЕДЖМЕНТ СИСТЕМАСЫН пландоодо жана окуу жайда сапаттыкамсыздоонун методикалыккөрсөтмөсүништепчыгууда ИСО 9001 стандартында көрсөтүлбөгөн төнкүдөй талаптарды иштеп чыгуу: - ЖОЖдун жалпы стратегиясын аныктоо; - ЖОЖдо колдонулган нормативдик-укуктук актылады иштеп чыгуу; - окутуучулар курамынын компетенттүүлүгүн камсыздоо; - аккредитацияланган жана сертификацияланган билим берүү программалары, окуу пландары; - Окуутуучулар курамын жана көмөкчү кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу; - ЖОЖдун көмөкчү кызматтары. 4.2.2 Билим берүү ишканасындагы документтерге коюлган талаптар  1.Билим берүү окуу жайындагы документтерди башкаруу  Документтерди башкаруунун негизги максаты окуу жайдын документтерининтуруктуу жаңылануусун жанажеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;  Бул максатка жетүүүчүн төмөнкүлөрдү аткаруу талап кылынат: - Ички документтерди өзгөртүү анализдөө жана колдоо; - нормативдик-укуктук актыларды актуалдаштыруунун негизинде сырткы документтерди башкаруу; - Окуу жайдын кызматкерлерине документтердин жеткиликтүү болуусун камсыздоо; - билим берүү кызматтарынын изделишин камсыз кылуу үчүн студенттердин расмий документтерин башкаруу; -билим берүү кызматтарынын изделишин камсыз кылуу үчүн студенттердин расмий документтерин башкаруу жана белгиленген билим берүү баскычтарында талаптардын аткарылышын текшерүү. 4.2.3.Билим берүү иш кагаздарын жүргүзүү  Жазуулар(протоколдор, чечимдер) ЖОЖдун учурдагы иш-аракеттери жөнүндө, мисалы, билим берүү процессинин ар бир этабында алынган натыйжалар жөнүндө маалымат берет;  Билим берүү мекемеси, адатта, мыйзамдык жана же ченемдик укуктук талаптар менен белгиленген жазууларды сактоого жана тескөөгө көңүл бурушу керек;  Билим берүү мекемеси окуу процедураларын жана студенттердин иш кагаздарын белгиленген тартипте жүргүзүүгө тийиш.  Ал документтер: - окуу процессинин документтерин иштеп чыгуу жана ишке салуу жөнүндө отчет (мисалы, окуу планын даярдоо жөнүндө); -окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча жазуулар-документтер (сертификаттар жана квалификацияны тастыктаган башка документтер); -окуу процессинин жыйынтыгын баалоонун жазуулары (мисалы, окутуунун сапатын баалоо); - студенттин иш кагаздары жана окуу иштери боюнча жыйынтыктары; - ЖОЖду бүткондүгү боюнча документ (күбөлүк, удостоверение, диплом и т.д.); студенттердин материалдардык жабдыктарды жоготуу, бузуу же туура эмес пайдалануулары жөнүндө жазуулар; - арыздар; - Изилдөө иштерине катышкандыгы тууралуу документтер; - Өндүрүштүк практика боюнча маалыматтар; - Автордук укук боюнча жазуулар(маалыматтар)/же аны колдонууга берилген укук жоөнүндө жазуулар. 5. ЖОЖдун жеткечилигинин жоопкерчилиги  5.1 ЖОЖдогу жетекчилиетин милдеттери. ЖОЖдун жетекчилиги төмөнкү стратегияны колдонуусу зарыл:  билим берүү мекемесинин сапатын жакшыртуу боюнча саясатты(иш чараларды) иштеп чыгуу;  бүткүл ЖОЖ боюнча сапатты башкаруу системасын пландаштыруу жөнүндөгү маалыматтарды алмашуу;  сапатты башкаруу системасынын планын карап чыгуу жана тактоо менен байланышкан маалыматты алмашуу. Мындай чөйрөнү түзүү боюнча ЖОЖдун жетекчилигинин аракеттери төмөнкүлөр болот: - билим берүү мекемесинин бардык кызматкерлерине ЖОЖдун сапат жаатындагы көз карашын, миссиясын жана стратегиялык максаттарын түшүнүүгө мүмкүндүк берген сапат саясатын түзүү жана кызматкерлерге жеткирүү; - билим берүү мекемесинин сапат саясатын ишке ашыруу үчүн учурдагы билим берүү иш-аракеттеринде сапат жаатында максаттарды ишке ашыруу жолдорун белгилөө; -коюлган максаттарга жетүүүчүн зарыл болгон адамдык жана материалдык ресурстарды максималдуу камсыз кылуу; - ЖОЖдун бардык кызматкерлеринин жана окутуучуларынын көңүлүнө студенттердин талаптарын канааттандыруунун, ошондой эле жетиштүү сапаттагы билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө мыйзамдуу жана милдеттүү талаптарды аткаруунун маанилүүлүгүн жеткирүү; - сапатка байланыштуу маселелерди (мисалы, сапаттын максаттары) маалымдоо жана студенттерге кайтарым байланыш түзүү үчүн билим берүү мекемесинин мезгилдүү басылмаларын басып чыгаруу; - белгиленген сапат саясаттынын максаттарынын аткарылышын контролдоо боюнча билим берүү мекемесинин ишин баалоо. 5.2. ЖОЖдо керектөөчүнүн(абитуриенттин, Жумуш берүүчүнүн) талабына ыңгайлашуу.  ЖОЖдун жетекчилиги студенттердин муктаждыктарын жана күтүүлөрүн аныктап, аларды аткарып, алардын толук канааттандырылышына аракет кылышы керек.  Ал үчүн ЖОЖдун жетекчилиги:
 - керектөөчүлөрдүн, ичинен, айрыкча потенциалдуу керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын жана күтүүлөрүн тактоо;  - Жумуш берүүчүлөргө багытталган бүтүрүүчүлөрдүн негизги компетентциясын аныктоо;  - Эмгек рыногундагы атаандаштык чөйрөсүн аныктоо жана баалоо;
 - эмгек рыногунун мүмкүнчүлүктөрүн, алсыз жактарын жана келечектеги атаандаштык артыкчылыктарын аныктоо;
 Керектөөчүлөрдүн жана акыркы колдонуучулардын муктаждыктары менен күтүүлөрүнүн мисалдары:  - талаптарга төп келүүсү;
 - ишенимдүүлүгү;
 - талаптагы адистердин болуусу ;
 - бүтүрүүчүнүн «жашоо циклинден» кийинки иш-аракеттери;
 - ЖОЖдун бүтүрүүчүлөргө болгон жоопкерчилиги;
 Жумуш берүүчүлөрдүн (студенттердин) талаптарын эске алууда төмөнкүлөр түшүнүлөт:  Талаптар окуу программасын даярдоодо жана окутуунун эффективдүүлүгүнүн жана натыйжалуулугунүн так көрсөткүчтөрүн белгилөөдө эске алуу;
 Окуу программаларынын долбоорлору билим берүү процессинин алдын-ала баскычында анализденилинип жана бекитилгенден кийин жылына бир жолудан кем эмес талданып, жаңыланып, белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү жана билим берүү мекемесинин максаттарына дал келүүсү көзөмөлдөнүп туруу.
. 5.3 .ЖОЖдогу сапат саясаты
 Сапат тармагындагы саясат документтештирилиши керек.
 Сапат саясаты кесиптик стандарттарга, мыйзамдарга жана эрежелерге жана билим берүү мекемесинин башкы саясатына шайкеш келиши керек.
 ЖОЖдун жетекчилиги сапат багытындагы саясатты камсыздоодо:
 а) ЖОЖдун максаттары менен дал келүүсүн;
 b) талаптарга жооп берүүсү жана сапатты башкаруу системасынын эффективдүүлүгүн дайыма жогорулатуу боюнча милдеттенмелерди камтуусун;
 с) сапаттын максаттарын белгилөө жана талдоо үчүн негиздин болуусун;
 d) САПАТ саясатынын мазмуну ЖОЖдун кызматкерлерине жеткирилишин жана алардын түшүнүүсүн;  e) Сапат системасынын мезгилдин талаптарына ылайыктуулугун мезгилмезгил талдоого алуусу керек. Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар
6.2 Кызматкерлер
6.2.1 Кызматкерлерди тартуу
ЖОЖ ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуусу үчүн окутуучулардын жана кызматкерлердин ишмердүүлүк процессине катышуусу жана өнүгүүсүндө төмөнкүлөрдү эске керек:
- аларды туруктуу окутуу жана карьерасын пландаштыруу;
- определения ответственности и полномочий персонала;
- персоналдын жоопкерчилигин жана ыйгарым укуктарын аныктоо ,
-максаттарды коюуга жана чечимдерди кабыл алууга кызматкерлердин катышуусун шарттоо; -баалоо жана сыйлыктар менен сыйлоо;
-ачык, эки тараптуу маалымат алмашуунун камсыздоо;
-ЖОЖдун кызматкерлеринин муктаждыктарын ар дайым талдоо;
-жаңычылдыкка үндөгөн чөйрөнү түзүү;
-эффективдүү группалык(топто) иштөөнү камсыздоо;
- сунуштар жана пикирлер жөнүндө маалымат берүү;
-кызматкерлердин канааттануусун касыздоо
; - ЖОЖго кызматкерлергдин келүүсүн жана иштен чыгуу себептерин талдоо.
6.2.1 Жалпы жоболор
ЖОЖ окуу процессин колдоо жана негизги жана жардамчы персоналдын компетенттүүлүгүн жогорулатуу үчүн персоналды башкаруу системасын пландаштыруусу керек. Билим берүү мекемесинин компетенттүүлүгүнүн деңгээли, мисалы, төмөнкүлөр менен аныкталат:
- илимий-техникалык өзгөрүүлөргө ылайык окуу программаларын өркүндөтүү;
- коюлган билим берүү максаттарын ишке ашыруунун негизинде студенттердин жетишкендиктерин жана билим берүү мекемесинин ишинин натыйжалуулугун баалоо;
- функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон персоналдын компетенттүүлүгүн жогорулатуу (мисалы, профессордук-окутуучулук курам).
ндИСОөмдүү9001квалификациялуу:2000 Системы менеджментаокутуучуларкачествабар.экендигинеТребования ишениши керек.
Квалификацияны илимий даражалардын, иш тажрыйбанын, сертификаттардын жана окутуу даярдоонун6.2 Человеческиесертификаттарынын,ресурсы өндүрүштөгү стажировканын сапатына байланыштуу аныктай алат. 2.26Билим.2.1 Общиеберположенияүү мекемесиндеги компетенттүүлүк, маалымдуулук жана окутуу. менеджмент системасы кадрларды даярдоону жана көмөкчү персоналдын компетенттүүлүгү, Персонал,даярдыгы,выполняющийалардын милдеттери,работу, влияющийыйгарымна качествоукуктары,продукции,академиялыкдолженжанабыть административдиккомпетентным на основеишсоответствующего образования, подготовки, навыков и опыта.
Керектөөчүлөр билим берүү мекемесинде окуучулардын окуу процессине карата талаптарын канааттандырууга жө жана кайра
6. ЖОЖдогу аң-сезими жана аракеттери менен кандайча байланыштуу экендиги жөнүндө маалымат менен камсыз кылышы керек.
Билим берүү мекемеси милдеттүү:
-окуу планынын талаптарын кызматкерлердин учурдагы компетенциясы менен салыштыруу аркылуу кызматкерлердин компетенттүүлүгүнө муктаждыкты аныктоо боюнча системалуу иш-чараларды жүргүзүү; -кадрларды даярдоонун же компетенттүүлүктүн жоктугун жоюуга багытталган башка иш-чаралардын зарылдыгын аныктоо;
-       Жаңы баалоо критерийлери болгон учурдаокутуучулардын ишин камсыз кылуу; - персоналдын академиялык жана административдик компетенциясынын эсебин жүргүзүүсү. 6.2. ЖОЖдогу адам ресурсу 
6.3 ЖОЖдун инфраструктурасы
       Билим берүү мекемеси белгиленген талаптарга жооп берүүсү үчүн зарыл болгон инфраструктураны жана жабдууларды аныкташы керек.
 Билим берүү мекемеси керектүү инфраструктураны пландаштыруу, камсыздоо жана сактоо боюнча программаларды, ошондой эле коопсуздук жана гигиена тобокелдиктерин талдоо программасын аныкташы керек.        Инфраструктура төмөнкүлөрдү камтыйт: а) имараттар, жумушчу орундар:
класстар, лабораториялар, мастерскойлор, китепканалар, жашыл эс алуучу жайлар;
б) кошумча кызматтар, мисалы:
 - суу менен камсыздоо,
 - электр менен камсыздоо,
 - газ, жылуулук менен камсыздоо,  - медициналык кызмат көрсөтүү;
 с) океуу процессине керектүү куралд-жарактар;
 d) транспорт, китеп дүкөнү, кафетерий, ашкана жана балдар бакчасы.
6.4 Өндүрүштүк чөйрө
 Жетекчилик ЖОЖдун ишин жакшыртуу үчүн жумушчу чөйрөнүн мотивацияга, канааттанууга жана натыйжалуулугуна оң таасирин тийгизиши керек.
 Адам жана физикалык факторлордун айкалышкан иш чөйрөсүн түзүүдө төмөнкүлөргө көңүл буруу керек:  -ЖОЖдун кызматкерлеринин потенциалын ишке ашыруу максатында чыгармачыл иштин ыкмаларына жана толук кандуу тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө;
 - коопсуздук эрежелери жана методикалык колдонмолор, анын ичинде коргоочу шаймандарды колдонуу;  -эргономикага;
 - жумушчу орундарды жайгаштырууга;
 Кызматкерлердин бири-бири менен кызматташуусуна; - ЖОЖдогу кызматкерлерди камсыздоо куралдарына;  - температура, нымдуулук, жарыктаныш, аба сордуруу системасына;
 - санитардык шарттарга: тазалык, шум, вибрация чистоте, шуму,вибрация(термелүү) жана булгануу . 7. Билим берүү кызматтарынын жашоо циклинин процесстери
 7.1 ЖОЖдогу жашоо цикли процессин пландаштыруу
 Билим берүү мекемесинде билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн төмөнкү процесстери аныкталышы мүмкүн: 1) мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу;
2) долбоорлоо жана изилдөө иштери;
3) окуу процесси жана окуу планын иштеп чыгуу
; 4) башка иш-чараларды аныктоо;
5) кадрларды жумушка кабыл алуу;
6) материалдарды жана башка ресурстарды сатып алуу;
7) талапкерлерди (студенттерди) кабыл алуу;
8) окуу программаларын, курстардын графиктерин, сабактардын расписаниелерин жана кирүү сынактарын даярдоодогу жана түзөтүүдөгү өзгөрүүлөрдү башкаруу;
9) кесиптик квалификацияны берүүчү окуу жайынын аккредитациясын алуу (мисалы, билим жөнүндө диплом алуу), жогорку окуу жайдан кийинки кошумча билимди уюштуруу (мисалы, аспирантура);
10) китепкана кызматтарын, аудио, видео жабдууларын, компьютердик технологияларды жана башка кызматтарды көрсөтүү;
11) коопсуздукту камсыз кылуу, жарандарды коргоо жана коргоо боюнча кызматтар; 12) класстык фондду, лабораторияларды, мастерскойлорду, окуу бөлмөлөрүн, актыларды бөлүштүрүү;
13)класстык фондду, лабораторияларды, мастерскойлорду, класстарды, актовый заттарды бөлүштүрүү; 14) жабдууларды техникалык жактан тейлөө.
7.5. Өндүрүш жана тейлөө.
 7.5.1. Билим берүү мекемесиндеги өндүрүштү жана тейлөөнү башкаруу.
 Билим берүү мекемеси процесстерди башкарууну камсыз кылышы керек. Бул үчүн билим берүү мекемеси билим берүү процессине кирген процесстерди аныкташы керек, мисалы:
- студенттерди тандоо жана кабыл алуу;
- ар кандай предметтер боюнча окуу программаларын түзүү;
- курстардын тизмесин иштеп чыгуу;
- окуу жүгүн бөлүштүрүү;
- студенттерди лабораторияларда жана мастерскойлордо иштөө үчүн окуу куралдары менен камсыз кылуу;
- билим берүү мекемесинин аймагынан тышкары жерлерде окууларды өткөрүү үчүн керектүү ресурстарды бөлүштүрүү;
- курс үчүн окуу материалдарын иштеп чыгуу;
- окуу натыйжалуулугун текшерүү методдорун белгилөө;
- класстарды, лабораторияларды, мастерскойлорду, китепканаларды ж.б. бөлүштүрүү; - кесиптик багыттар боюнча окутуу жана консультация берүү.
Эгерде келишимдин шарттары окутуу программасы аяктагандан кийин студенттерге колдоо көрсөтүүнү талап кылса, билим берүү мекемеси мындай колдоо кандайча көрсөтүлөөрүн жана ал кандайча көзөмөлдөнүп турарын аныкташы керек.
Билим берүү мекемелери учурдагы окутуу тутумун аныктоо үчүн маалымат базасын түзүшү керек, ага төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
- студенттердин курс боюнча жазуулары (отчеттору);
-курс программасы;
- студенттердин топторунун тизмеси;
- окуу китептери жана башка басылмалар;
- окутуучулардын тизмеси;
- окуу материалдары;
- талап кылынган билим же тажрыйба.
 7.5.2.Билим берүү мекемесиндеги өндүрүш жана тейлөө процесстерин тастыктоо.
 -окуу процесстерин тастыктоо (валидация) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
 - окуу пландарын же программаларын иштеп чыгуу жана иштеп чыгуу
(түзүү);
 - мугалимдердин жабдуулары жана квалификациясы;
 - ийгиликти тастыктаган документтер (мисалы, баалар) жана сынак баракчалары;
 - маалыматтар базасынын жазуулары. Ж.б.
Чоң рахмат!


510400-«Физика» (Академиялык даража-Магистр) адистигинин мамлекеттик стандарты.

↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓

https://mail.oshsu.kg/cloud/index.php/s/2BXD6Xan65b4BJa