2017-2018


папапа


ОшМУнун алгебра жана геометрия кафедрасынын 2019-жылдын

19-апрель күнү “Математика” магистрдик багытынын иш берүүчүлөрү, бүтүрүүчүлөрү жана магистранттары менен болуп өткөн тегерек стол

Жолугушуунун максаты:

- иш берүүчүлөрдү, бүтүрүүчүлөрдү жана магистранттарды ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетиндеги окуу – тарбиялык процессинин мазмуну жана методикасы менен тааныштыруу (ЖОЖдун миссиясы, максаттары, окуу системасы, өнүгүү жолдору, иш-чаралар, кружоктор ж.б);

-“510100 Физика-математикалык билим берүү” (“Математика” магистрдик багытынын) программасынын НББПсын талкуулоо, сунуштарды кийирүү.

МИТ факультетинин деканы Сопуев У.А. жана магистратура бөлүмүнүн декандын орун басары Маткалык кызы К. ачылышын жарыялашкандан кийин, алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы, доцент Папиева Т.М. “510100 Физика-математикалык билим берүү” (“Математика” магистрдик багытынын) программасынын негизги билим берүү программасы (НББП) анын ичинде максаты, күтүлүүчү натыйжалар, практикалар, окутулуп жаткан сабактар, элективдүү курстар жөнүндө иш берүүчүлөргө, бүтүрүүчүлөргө жана магистранттарге кеңири маалымат берди.

Информатика кафедрасынын доценти Артыкова Ж. иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен биргелешип “510100 Физика-математикалык билим берүү” (“Математика” магистрдик багытынын) программасынын негизги билим берүү программасынын (НББП) ичиндеги окутуунун натыйжаларын топторго бөлүнүп талкуулашты жана төмөндөгүдөй сунуштарды айтышты:

Ош шаарынын №8-орто мектептин окуу иштери боюнча башчысы Матмусаева А.Т.

– Математиканы орус тилинде окута алган мугалимдер жетишсиз болуп жатат, ошондой эле практика учурунда магистранттарга план-конспект, календардык план, сабактын иштелмелерин жазууну көбүрөөк талап кылуу керек.

МК(м)-1-17 тайпасынын магистанты Аззам кызы Ж.

–Менин жумушум Жалал-Абад обдусунда болгондуктан сабактарга үзгүлтүксүз келип катышуу кыйын болуп жатты. Ошондуктан сиздерге окутуунун дистанттык формасын мынданда өнүктүрүүсүн сунуштайт элем.

ОшМУнун лицейинин директору Болушева Жоогазын Мырзабековна

– О эл аралык сөзү ашыкча

– О ийгиликтерди конкреттүү жазуу

– О укуктук, нормативдик документтер мугалим, окуучу үчүн окутулса

– Окутуунун натыйжаларында адамгерчилик жөнүндө да кошулса

Жолугушуунун акырында иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар ыраазычылыгын билдиришип, алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы, программа жетекчиси, доцент Папиева Т.М. сөз сүйлөп жыйынтыктады.