News Архив

Арашан гуманитардык институту


АГИде “Адамдык мамилелерди өнүктүрүү жылына” арналган илим жумалыгы өттү Үстүбүздөгү жылдын 23-27-апрель күндөрү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде “Адамдык мамилелерди өнүктүрүү жылына ” арналган илим жумалыгы болду. 23-апрелде “Дин – адептүүлүккө тарбиялоонун булагы” окутуучулар арасында илимий-практикалык конференция, 24-апрелде “Адамдык асыл сапаттарды калыптандырууда диний баалуулуктардын ролу” факультеттин студенттери арасында студенттик илимий-практикалык конференция, 25- апрелде “Адамдык мамилелерди өнүктүрүүдө диндин орду” темада Кыргызстандагы дин таануу жана теология факультетинин студенттери арасында студенттик илимий-практикалык конференциясы болду, конференцияга ОшМУнун теология факультетинен доцент Арипов Н. жетектеп келген студенттер, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультетинин жана дин таануу факультетинин студенттери катышты. 26- апрелде адистик предметтер боюнча доктор Жусупов М. жана доктор Мурадилов С. студенттер аралык жарыштар өткөрүлдү. 27-апрелде жалпы билим берүүчү предметтер кафедрасы тарабынан окутуучулар тарабынан Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” аттуу илимий конференция болуп өттү. Бул иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер жигердүү катышып, 27-апрелде илимий жумалыктын жыйынтыгы чыгарылды. Жыйындын соңунда “2018-жыл Адамдык мамилелерди өнүктүрүү жылына” карата илимий жумалыкта баяндама жасаган окутуучуларга жана студенттерге сертификат жана кызыктыруучу баалуу белектер тапшырылды.


АГИде «Муундар арасындагы конфликт» аттуу маданий иш чара өттү 25-февраль шаршемби күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Чүй областтык башкармалыгы, Аламүдүн райондук бөлүмү жана эл аралык «Y-PEER» коому менен бирге жаштарды адептүүлүккө, ата-энени сыйлоого, улууларды урматтоого тарбиялоо максатында «Муундар арасындагы конфликт» аттуу маданий иш чара уюштурду. Бул иш чарада атайын сценкалар коюлду жана кудалашуу, үйлөнүү, той өткөрүү жана андагы ысырапчылык, ата баланын ортосундагы түшүнбөстүктөр, ар кандай социалдык абалдагы адамдардын арасындагы түшүнбөстүктөр жана башка турмуштук маселелер, көрүнүштөр аркылуу чагылдырылып, студенттердин ой пикирлери жана көз караштары талкууланды.


АГИде Мамлекеттик педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү 2014-жылдын 4-декабрында АГИнин Дин таануу факультетинин конференция залында мамлекеттик педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга факультеттин деканы, дин таануу.и.д., доцент, С. Базаркулов, окуу иштери боюнча декандын орун басары доцент А. Эрматов, Жалпы билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор А. Акматова жана дин таануу кафедрасынын башчысы К. Айдарбеков, жалпы окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Конференцияда алгач 5-курстардын педагогикалык практикасынын өткөрүү абалы боюнча слайт-шоу көрсөтүлдү. Студенттер кезеги менен педпрактика учурунда өткөргөн сабактары боюнча презентация жасашып, факультеттин башка студенттерине өзгөчө таасир калтырышты. Конференциянын жүрүшүндө негизинен педагогикалык практика учурундагы жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу маселелер көтөрүлдү. Мамлекеттик педагогикалык практикага арналган жыйынтыктоочу конференциянын аягында факультеттин Жалпы билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор А. Акматова сөз сүйлөп, практиканын студенттер үчүн маанисин баса белгиледи. Ошону менен бирге, аларга ийгилик каалап өттү. Факультеттин деканы, доцент, доктор С. Базаркулов мамлекеттик практиканын студенттер үчүн мааниси зор экенин, дин таануучу адистердин ар тараптуу билимге жана маалыматтарга ээ болуп, учурдун талабына жараша өнүгүү керектигин айтып өттү. Ошону менен бирге, билим алуу сабак окуу менен гана чектелбей турганын, адамдык сапаттардын калыптанышы да, турмушта зарыл боло турган көндүмдөргө ээ болуу да, мына ушул мезгил ичинде боло тургандыгын жалпы студенттерге кайрылып айтып өттү. Соңунда илимий-усулдук кемчиликтер жана сунуштар тиешелүү жактарга айтылып, мындан кийинки курстардын практикасын уюштурууда эске алуу жүктөлдү.