ОшМУнун студенттик тайпаларынын старостасы жөнүндөгү жобосу
ОшМУнун студенттик тайпаларынын старостасы жөнүндөгү жобосу
1. Жалпы жобо
1.1. Староста - студенттик тайпада коомдук, админстративдик функцияларды аткарган окуу жайдын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эсептелет. Ал билим алып жаткан тайпадагы студенттердин арасынан тайпа тарабынан шайланып, декан тарабынан бекитилет;
1.2. Староста ректораттын, деканаттын, куратордун, жаштар комитеттин көрсөтмөлөрү, буйруктары жана окуу жайдын уставына, жоболоруна ылайык иш алып барат;
1.3. Старостага деканат тарабынан студенттик билет менен кошо күбөлүк (тиркеме) берилет.
2. Старостанын милдеттери
2.1. Ректорат, деканат, куратор, жаштар комитети тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу;
2.2. Ректорат, деканат тарабынан берилген ар кандай зарыл маалыматтарды, буйруктарды, университетте, факультетте өтүүчү иш чараларды тайпанын бардык студенттерине өз убагында жеткирүүгө;
2.3. Окуу жадыбалы боюнча сабак болуучу же тайпалык чогулуш өтүүчү аудиторияны даярдоо, ал үчүн окуу имаратынын күзөтчүсүнөн (вахтер) ачкычты алууга жана тапшырууга;
2.4. Окуу жадыбалы боюнча коюлган сабактар үзгүлтүккө учураса, дароо деканатка кабарлоо;
2.5. Тайпадагы студенттердин сабактарга катышуусу, билим алууга болгон мамилеси, бош убактыларында эмне менен алек болуп жүргөндүгү, тайпанын моралдык-психологиялык абалы туурасында кураторго үзгүлтүксүз кабарлап туруу;
2.6. Себептүү сабак калтырган студенттердин документтерин (медициналык аныктама, арыз ж.б.) журналга тиркеп жүрүүгө жана бул боюнча окутуучуларга, деканатка кабарлап турууга;
2.7. Тайпалык журналды алып жүрүүгө, предметтик окутуучуларга, лекторго сабактын башталышында тапшырууга жана сабактар бүткөндө кайра деканатка тапшырууга;
2.8. Тайпалык журналды этият сактоого, тиешелүү окутуучулардан башка адамдардын журналга жазуусуна жол койбоого;
2.9. Бюджеттик негизде окуган тайпалардын старосталары стипендияларды алууга жана өз убагында студенттерге таратууга;
2.10. Окууда, илимий иштерде жана тайпада, факультетте студенттер арасында жакшы жүрүм-туруму менен үлгү болуу;
2.11. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасына, эмерек-буюмдарына аяр мамиле кылуу маданиятын тайпанын студенттеринде калыптандыруу;
2.12. Деканат, куратор, факультеттин жаштар комитети менен дайыма тыгыз байланышта болуу;
2.13. Куратордун, факультеттин жаштар комитетинин активдүү жардамчысы болууга;
2.14. Тайпадагы студенттердин жашаган дареги, туулган күнү, телефон номерлери, социалдык абалы жөнүндө маалыматтардын болуусу;
2.15. Студенттик өзүн өзү башкарууну тайпанын алкагында координациялоо;
2.16. Тайпа ичинде ынтымакты, достукту, мамилени камсыз кылууга;
2.17. Тайпанын студенттерин коомдук пайдалуу жумуштарга тартуу;
3. Старостанын укуктары
3.1. Тайпанын таламдарын, кызыкчылыгын окуу жайдын админстрациясына жеткизүүгө, укугун коргоого;
3.2. Окуу жай жөнүндө, тайпага байланыштуу ар кандай маалыматтарды алууга;
3.3. Тайпада мыкты окуган, илимий, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерди деканатка, профсоюз уюмуна, жаштар комитетине сыйлыкка сунуштоого;
3.4. Окуу жайдын ички тартип эрежелерин бузган студенттерге админстративдик чара көрүү жөнүндө деканатка, ректоратка кайрылууга;
3.5. Университеттин, факультеттин жаштар комитетинин жыйындарына катышууга;
3.6. Окуу-тарбия процессине байланыштуу тайпанын ичинде көйгөйлөр пайда болгон учурда кураторго, деканатка кайрылууга;
3.7. Өзүнүн милдетин маанилүү себептерге байланыштуу аткара албай калган учурда орун басар дайындоого;
3.8. Ректораттын, деканаттын, куратордун көрсөтмөлөрүн, буйруктарын аткарууну тайпанын студенттеринен талап кылууга;
4. Старостаны шайлоо, дайындоо жана бошотуунун тартиби
4.1. Староста куратордун катышуусу менен тайпанын жалпы жыйынында жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат;
4.2. Тайпадагы көпчүлүк студенттердин катышуусунда 50%+1 добуш калган студент старосталык кызматка шайланды деп эсептелинет;
4.3. Тайпанын жыйынынын токтомунун негизинде шайланган студентти факультеттин деканы 1 жылдык окуу мөөнөтүнө старосталык кызматка бекитет;
4.4. Староста шайлоо 1-курстарга окуу жылы башталган күндөн тартып алгачкы 3 жуманын ичинде, ал эми жогорку курстарга ар бир окуу жылынын биринчи жумасында өткөрүлөт;
4.5. Старостаны мөөнөтүнөн мурда шайлоо төмөндөгү учурларда болот:
а) өз каалоосу менен старосталык кызматтан кеткенде;
б) студенттик катардан четтетилгенде, академиялык өргүүгө чыкканда, сабактарга эркин катышуу укугун алганда;
в) старосталык милдетти канааттандырарлык аткара албай калган учурда куратордун кызматтык каты, факультеттин жаштар комитетинин чечими же тайпанын көпчүлүк студенттеринин катышуусунда өткөн жыйындын чечиминин негизинде;
4.6. Староста мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда аны кайра шайлоо 2 жума аралыгында куратор тарабынан уюштурулуп өткөрүлөт.