Илимий изилдөө иштери

Профессордук-окутуучулук курамы, илимий-изилдөө багыттары

Азыркы күндө факультеттин 7 кафедрасындагы профессордук-окутуучулук курамдын 98 мүчөсүнүн ичинен 6 илимдин докторлору жана профессорлор, алардын ичинен бирөө Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, 33 илимдин кандидаттары жана доценттер эмгектенишет.

Факультетте 8 илимий-методикалык семинар жана 12 ар түрдүү ийримдер үзгүлтүксүз иштейт. 2008-жылдан тартып ОшМУнун алдында кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча атайын Диссертациялык Кеңеш КР УИАнын мүчө-корр., профессор К. Алымкуловдун жетекчилиги алдында иштеп келе жатат, бул кеңеште факультеттин 13 улук окутуучулары кандидаттык диссертацияларын коргоп, дипломдорун алышкан. Учурда К01.15.504 диссертациялык кеңештин профессору Г. Матиева жетектеп келүүдө.

Ар жыл сайын традициялуу түрдө факультетте илим жумалыгы өткөрүлүп, анда окутуучулардын жана студенттердин илимий баяндамалары жасалып, «Математика дүйнөсүндө» сыяктуу математикалык кече, «Брейн-ринг» акыл таймаш оюну, «Мыкты илимий гезит», «Мыкты илимий кроссворд», «Мыкты илимий анекдот», «Мыкты илимий баяндама», «Семинардын активдүү катышуучусу» конкурстары өткөзүлүп, жеңүүчүлөр кафедранын, факультеттин ардак грамоталары, дипломдору жана сыйлыктары менен сыйланышат.

Факультеттин илимий – изилдөө иштеринин көлөмдөрү өсүп, КМШ өлкөлөрү, АКШ жана Венгрия мамлекеттери менен илимий жана чыгармачылык байланыштар түзүлгөн.

Факультеттин илимий-изилдөө иштери 1951-жылдан баштап эле жүргүзүлө баштаган. Математика багытында алгачкы чыйыр салуучулардан болуп, Б.В.Опелендер, Д.Ж.Мустафин, М.Абдылдаев, С.Каримов, С.Абдыкалыковдор эсептелишет.

1980-2018-жылдары окумуштуу математиктердин катары Алымкулов К., Сатаров Ж.С, Сопуев А., Матиева Г., Абдувалиев А.О., Сайипбекова А., Асылбеков Т.Д., Анарбаева Г. М., Ободоева Г., Сагындыков М.К., Осмоналиев А., Аттокурова А., Сопуев У., Турсунов Д., Арапбаев Р.Н., Кожобеков К.Г., Борбоева Г.М., Азимбаев М., Чамашев М., Папиева Т.М., Тойгонбаева А.К., Артыкова Ж.А., Келдибекова А.О., Оморов Ш., Кедейбаева Д., Зулпукарова Д., Атырова Р., Беделова Н.С., Эркебаве У.З., Кудуев А.Ж., Аркабаев Н.К.,Азимов Б. ж.б. менен толукталган. Азыркы учурда МИТ факультетинде илиимий-изилдөө иштери төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

• 01.01.02. – Дифференциалдык теңдемелер;

• 01.01.04 – Геометрия жана топология;

• 01.01.06 – Алгебра жана математикалык логика;

• 01.01.03 – Математикалык физика;

• 05.13.06 – Эсептөө техникасынын, математикалык моделдештирүүнүн жана математикалык методдордун илимий изилдөөлөрдө колдонулушу;

• 01.04.05 – Деформациялануучу катуу телолордун механикасы.