Окуу жана ондүрүштүк практикалар

520200 Биология программасынын негизинде окутуунун натыйжаларына жетүүдө практикалардын орду чоң. Бул максатта практикаларды өтүүчү мекемелер - мамлекеттик жаратылыш парктары жана коруктар, мектептер, ишканалар ж.б. менен келишимдер түзүлгөн (келишимдер кафедраларда сакталат).

Практикалардын жоболору, ички тартиби, силлабустары иштелип чыгылган. Практикаларга өзгөчө көңүл бурулат. Билим берүү программасын ишке ашырууда студенттердин практикалык даярдыгын ашыруу үчүн окуу-талаа практикалары, өндүрүштүк практикалары кызмат кылат. Алар предметтен билим деңгээлин, ык-машыгууларын арттырат. Ал эми квалификациялык педагогикалык даярдыгын ашыруу үчүн практикалар уюштурулат. Буларга 2-курстагы адаптациялык практика, 3-курстагы педагогикалык, 4-курстагы мамлекеттик практикалар кирет. Бул үчүн практикалардын бардык түрүнө 28 кредит бөлүнгөн жана алар үчүн жумушчу программалар, силлабустар, компетенттүүлүктүн критериялары иштелип чыккан, практикалардын жоболору бекитилген. Сабактан сырткары учурунда, же практикалардан кийин педагогикалык семинарларга, курстарга, дискуссияларга, жолугушууларга катышышат.

“Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы” жана “омурткасыздардын зоологиясы” предметтери боюнча 1-курстар, ал эми “өсүмдүктөрдүн систематикасы” жана “омурткалуулардын зоологиясы” предметтери боюнча 2-курстар үчүн окуу-талаа практикалары атайын түзүлгөн келишимдердин негизинде өзгөчө коргоого алынган жаратылыштык аймактарда уюштурулат. “Химия” жана “Химиялык технология” предметтери боюнча практикалар 3-4-курстарда шаардык жана райондук билим берүү мекемелеринде жана жергиликтүү өнөр жайларда өткөрүлөт. Келишимдер кафедраларда атайын папкеде тиркелген.