News Архив

Физика-техника факультети
                               Урматтуу жаш талапкер!        
Айылдан баштап, ааламга чейинки жолго, физиканын закондоруна таянып, канаттуудай сызган техниканын жардамы менен жетериңиз - замандын талабы.

      Физиканы билбей туруп, тамактын жасалышынын сырларын, компьютердин иштөөсүн, жарыктын жаралышын жана алыска таралышын, техниканын өнүгүүсүн, жаратылыштагы күчтөрдүн өз ара байланыштар билүүгө болбойт.

Физика менен техника прогресстин өзөгү.
Бул экөөсү болбосо, коомубуз алга өсөбү.

      Бул кесипти аздектеп, анын баркына жетип, ат көтөргүс жүктү аркалаган катардагы мугалимден баштап, эчендеген илимпоздор, коомдук ишмерлер, депутаттар, генералдар, журналисттер, эл мугалимдери, илим менен билимдин эмгек сиңирген ишмерлери мамлекетибиздин өнүп өсүшүнө өз салымдарын кошуп, кадыр-баркка ээ болуп эмгектенип келе жатат. Алар менен ар бирибиз, Кыргыз эли сыймыктанат.
      Адистерди даярдоо үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн, б. а. жетишерлик деңгээлдеги окумуштуулук даражасы бар профессордук окутуучулук курам, заманбап окуу лабораториялар, окуу куралдары, окуу-усулдук колдонмолор, мультимедиалык кааналар, электрондук доскалар жана окуу процессин жакшыртуучу каражаттар менен жабдылып, мезгили менен жаңыланып, жакшыртылып турат.
      75 жылдык тарыхы бар, атагы алыска, даңкы далайга кеткен ардактуу аксакалдардын жолун улап, эгемендүү Кыргызстандын келечегин колго алып, татыктуу улантуучу УЛАН-КЫЗДАРды ОшМУга анын ичинде физика-техника факультетине чакырабыз, Сиздер үчүн биздин эшик дайыма ачык.
Келечектин физик-академиги, энергетиги, байланышчысы, транспорт генералы ОшМУда даярдалат.

Сиздерди терең урматтоо менен, физика-техника факультетинин деканы, т.и.к., доцент З.Ш. Айдарбеков