News Архив

Бухгалтерский учет и налог

Кафедранын тарыхы

«Бухгалтердик эсеп жана салык» кафедрасы – бул экономика тармагындагы билимдердин жалпы окуу-тарбиялоо, илимий жана усулдук ишмердүүлүккө байланышкан профессор-окутуучулук курамдын окуу-өндүрүштүк бирикмеси. «Бухгалтердик эсеп жана салык» кафедрасы Ош мамлекеттик университеттин финансы-юридикалык колледжинин окуу-структуралык бөлүгү болуп эсептелинет.

Финансы-юридикалык колледжи алгач юриидикалык факультеттин базасында «укук таануу» адистиги боюнча ачылган. 2004-2005-окуу жылында «экономика жана бухгалтердик эсеп», «финансы жана кредит» адистиктери ачылган. Ал эми 2006-2007-окуу жылында жогоруда аталган адистиктерде студенттер көбөйүп, Окумуштуулар Кеңешинин №6 токтомунун (02.02.2007-ж.) чечими жана ректордун №40 буйругунун (13.02.2007-ж.) негизинде «Кесиптик билим берүүнүн» дисциплиналар циклы ачылган.

Кесиптик билим берүү циклине Исраилов Т. кафедра башчысы болуп дайындалып 2-жыл жетектеген. Циклдин окуу жүктөмдөрүн Бизнес жана Менеджмент, Финансы жана экономика факультетинин тиешелүү кафедраларынын окутуучулары тейлеп турган.

2009-2010-окуу жылында окуу процессин толук кандуу жүргүзүү масактында жогоруда аталган цикл кесиптик билим берүүнүн «Бухгалтердик эсеп жана финансы» кафедрасы болуп түзүлүп, кафедранын курамы толукталып, өз алдынча иш жүргүзө баштады. Ал эми кафедра башчылыгына улук окутуучу Асилбек кызы Жыпара дайындалган.

2013-2014-окуу жылында жогорудагы аталган кафедра 4 адистикти «Финансы» «Экономика жана бухгалтердик эсеп» «Банк иши» «Салык жана салык салуу» адистиктерин тейлеп келсе, студентердин саны жана окуу жүктөмдөрүнүн саны көбөйгөндүктөн кафедраны эки төмөндөгү багыттагы кафедраларга бөлгөн. «Финансы жана банк иши» кафедра башчылыгына улук окутуучу Асилбек кызы Жыпара жана «Бухгалтердик эсеп жана салык» кафедрасына, кафедра башчылыкка ага окутуучу Исаков Кубаныч дайындалган.

Жогорудагы эки кафедрада окуу саат жүктөмдөрү азайып кетикендигине байланыштуу, кайрадан 2016-жылдын 24-сентябрдагы №760-буйругунунун негизинде “Бухгалтердик эсеп жана финансы” кафедрасы болуп түзүлүп, кафедра башчылыгына доцент Н.Ж. Исаков дайындалды.

Ал эми 2017-2018 окуу жылында ноябрь айынан тартып «Бухгалтердик эсеп жана финансы» кафедрасынын милдетин аткаруучу болуп улук окутуучу Асилбек кызы Жыпара дайындалган.

2018-жылдын 10-сентябрдагы № 2 жыйынын чечимине ылайык, окуу жүктөмдөрүнүн саны көбөйгөндүктөн кафедра экиге бөлүнгөн. “Финансы жана банк иши” кафедрасынын башчылыгына э.и.к., доцент Исаков Нургазы Жолболдуевич дайындалды. “Бухгалтердик эсеп жана салык” кафедрасынын башчылыгына улук окуутучу Исаков Кубаныч Абибиллаевич дайындалды.

Учурда кафедрада 1 доцент, 1 ага окутуучу, 8 окутуучу жана 1 көмөкчү персонал эмгектенүүдө.