Programlar

КОМПЬЮТЕРДИК ИНЖЕНЕРИЯ

Компьютердик инженерия – бул математикалык моделдерге гана эмес, илимдин башка тармактарына да таянуу менен ар кандай татаалдыктагы алгоритмдерди жана компьютердик программаларды иштеп чыккан адис болуп саналат. Бул тармак дүйнѳнү ѳзгѳртѳ алды жана анын мындан аркы ѳзгѳрүүлѳрүндѳ да негизги ролду ойнойт. Компьютердик инженерлер маалымат технологиялар тармагынын кызматкерлеринин жана программисттеринин башында турушу керек. Компьютер системасын, процессин, компонентин,программаны талаптарга ылайык долборлоо, иштетүү жана баалоого жөндөмдүү адистерди тарбиялайт.


Филологиялык билим берүү (түрк тили жана адабияты)

Улуттун кулк-мүнөзүн (менталитетин), каада-салтын, нарк-насилин, үрп-адатын, уз-чеберчилигин жана өнөр-чыгармачылыгын камтыган руханий тереӊ түшүнүгүн же б.а. бир улутка таандык жашоо образын алып жүрүүчүлөр филологдор деп айтсак болот. Турмушта маданияттуу жүрүм-турум, өнүккөн маданияттуу коом жана маданий өнөр-чыгармачылык деген түшүнүктөр калыптанган. Улуттун улут катары сакталып калышы – улуттун маданиятынын өнүгүшүнөн көз каранды. Карт тарых далилдегендей, кыргыз жана түрк калкынын ынтымакта жана достукта басып өткөн бай жана мазмундуу тарыхы ар дайым кийинки муундар үчүн үлгүлүү сабак болуусуна, тарыхы, тили, дили жана дини бир болгон эки бир тууган элдин бүгүнкүсү жана келечеги ынтымак-ырашкерликте жашашына ынтызар жаштар ушул адистикте тарбияланат.


Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын башкы милдеттеринин бири болгон мамлекеттин калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган милдеттерин оң натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү, мындай иш-аракеттин негизинде «мамлекеттик машинаны» коомго кызмат кылууга багыштоо, мэрия, администрация, айыл өкмөттөр, акимчиликтерде эффективдүү иш аткарган кызматекерлерди даярдайт.


Журналистика (коомчулук менен байланыш жана реклама иши)

Прогресске жетүү максатында бийлик, маданият, өндүрүш жана жеке адамдын тагдыры менен байланышкан өз ара карым-катышты, болочок журналисттин кесиптик мейкинине негиз түзүүнү, натыйжалуу тажрыйбаларды өздөштүрүүгө түрткү берүүнү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын баардык тармагында иштөөгө жөндөмдүү, сабаттуу, универсалдуу журналисттерди, ПР адистерди тарбиялоону көздөйт.


Туризм

Туркиянын тажрыйбасынын негизинде окутулуучу бул адистик, туризм жана мейманкана жаатында мыкты адистерди даярдап Кыргызстандын туризм сферасын өнүктүрүүдө, санатория-курорттук тейлөө, экскурсиялык иш (гид), ресторан бизнеси, мейманкана ишин жүргүзүүнүн негиздерин билүү менен туризм багытында жогорку квалификациялык адистери даярдалат.


Экономика
Эл аралык стандарт боюнча билим алган студенттер, экономика тармагына кирген бухгалтерия, финансы жана менеджмент, салык жана салык салуу бөлүмдөрүнүн предметтерин толук кандуу окушуп, улуттук жана коммерциялык банктарда, мамлекеттик жана жеке уюмдарда, салык салуу ишканасында, менеджер-администратор, маркетолог ж.б. түрдүү ишканаларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.