News Архив

Жалпы билим берүү дисциплиналарынын тилдер
Жалпы билим берүү дисциплиналарынын тилдер кафедрасы Кафедранын кыскача тарыхы:

2007- жылдын 2-февралындагы Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинин токтомунун жана ректордун 2007–жылдын 13–февралындагы № 40 буйругунун негизинде кесиптик билим берүү дисциплиналары жана жалпы билим берүү дисциплиналары цикли ачылган. Ошондой эле 2009 – жылдын 12- сентябрындагы ректордун № 472 буйругу менен жалпы билим берүү дисциплиналар цикли жалпы билим берүү дисциплиналарынын гуманитардык илимдер жана жалпы билим берүү дисциплиналарынын табигый илимдер кафедралары болуп эки кафедрага бөлүнгөн. ФЮКтун ЖББДГИ кафедрасы ректордун 2013-жылдын 4-октябрындагы № 423 буйругу менен жалпы билим берүү дисциплиналарынын тилдер жана коомдук илимдер кафедрасы болуп экиге бөлүнгөн. Кафедрада илимий даражалуу 1 доцент (Үкүева Б.К), илимий даражасыз 1 доцент (Абдувалиева Б), 3 улук окутуучу (Ахунжанова Ж., Шарипова А., Абдураимов А.), 11 окутуучу, 1 лаборант эмгектенет. Учурда кафедраны доцент Абдувалиева Буаида жетектейт. Кафедранын илимий-усулдук багыты -“Тилдерди окутууну өркүндөтүү”. 4 окутуучунун (Ахунжанова Ж., Төлөнова Г., Абдураимов А., Эргешбай к М.,) илимий темалары бекитилип, анын үстүндө иштеп жатышат. Кафедранын окутуучулары тарабынан 8 окуу китеби, 9 окуу куралы, 13 усулдук колдонмо, 5 программа жана эки жүзгө жакын илимий-усулдук макалалар жарык көргөн. Кафедра өзүнүн өндүрүштүк жана илимий тажрыйбасын кеңейтүү максатында ЖАМУ, БатМУ, ОГПИ, ОшТУ, КМУ, Э.Арабаев атындагы университет, БГУ, КР Билим берүү академиясы ж.б. менен тыгыз байланышта иш алып барууда. ЖББДнин тилдер кафедрасынын мүчөлөрү коллеждин эле эмес, университеттин ар кандай коомдук-маданий, окуу-усулдук иштерине активдүү катышып, жигердүү темп менен эмгектенип келишүүдө.