Иш планы

“Бекитемин”

ОшМУнун тарых факультетинин

деканы, т.и.к., доцент

Смадияров С.А._______________

“_____”______________2018-ж.

Ош мамлекеттик университетинин

тарых факультетинин окуу-усулдук кеңешинин

201 7 -201 8 окуу жылында аткарылуучу иштеринин планы

кк

№№

Аткарылуучу иштердин мазмуну

мөөнөтү

Жооптуу

1.Уюштуруу иштери

1.1.

2017-2018-окуу жылы үчүн аткарылуучу иштердин планын түзүү, факультеттин Окумуштуулар кеңешинде бекитүү

сентябрь

Султанова М.Ш.

ОУК мүчөлөрү

1.2.

Кафедраларда окуу-усулдук иштеринин пландарынын түзүлүшүнө багыт берүү, таанышуу, өркүндөтүү боюнча сунуштарды талкуулоо

сентябрь

Султанова М.Ш.

ОУК, мүчөлөрү

1.3.

Факультетте, кафедраларда окуу жылына түзүлгөн иш планы боюнча иштин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүү

системалуу түрдө

Султанова М.Ш.

ОУК мүчөлөрү

1.4.

Өздүк баалоо процедурасын өткөрүүгө даярдоо иштерин уюштуруу

октябрь

Атайын комиссия

1.5.

Көз карандысыз аккредитацияга даярдык көрүү жумуштарын уюштуруу

Январь, февраль

Атайын

комиссия

2.Окуу-усулдук багыттагы иштер

2.1.

Факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын окуу-усулдук багытта даярдаган документацияларынын, иш кагаздарынын болушун, абалын текшерүү:

- Негизги билим берүү программаларын (НББП);

- Окуу-усулудук комплекстерин;

- Көргөзмөлүү лекцияларынын иштелмелерин;

- Практикалык сабактардын иштелмелерин:

- Силлабустарын;

- Өздүк отчетторун (планга ылайык аткарган иштеринин жүрүшүн, жыйынтыктарын ж.б.)

октябрь

май

Султанова М.Ш.

ОУК мүчөлөрү

2.2.

Мугалимдердин сабакты (лекцияларды, практикалык сабактарын) окутуу технологияларын өркүндөтүү багытында жүргүзгөн иш-аракеттери, тажрыйбалары менен таанышуу:

- Студенттер менен иштөө, алардын өз алдынча иштерин уюштуруу, натыйжасын баалоо;

- Студенттердин билимин, ык-машыгууларын текшерүү каражаттары менен таанышуу (тесттер, контролдук иштер, текшерүүчү суроолор, атайын тапшырмалар ж.б.)

Өз ара сабактарга катышуу учурунда, о.э. планга ылайык текшерүү мезгилинде

Султанова М.Ш.

ОУК мүчөлөрү

2.3.

Кафедраларда мугалимдердин өз ара лекцияларга, практикалык сабактарга катышууларынын пландуулугу, анын аткарылышы, абалы менен таанышуу

Окуу жылы ичинде планга ылайык

ОУК мүчөлөрү

2.4.

Кафедраларда профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын өркүндөтүү багытында жүргүзүлгөн иштердин абалын, натыйжалуулугун көзөмөлдөө

Окуу жылы ичинде

Султанова М.Ш. ОУК мүчөлөрү

2.5.

ОшМУда өткөрүлүүчү “Мыкты лектор”, “Мыкты окутуучу” конкурстарына карата факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын арасында сынактарды уюштуруу (кафедралык жана факультеттик этаптарын өткөрүү):

- Конкурсту өткөрүүнүн планын түзүү;

- Конкурстун шарттарын аныктоо, аны кафедраларга жеткирүү;

- Конкурска катышуучу окутуучулардын лекцияларынын, практикалык сабактарынын материалдарын ж.б. иш кагаздарын анализдеп баалоо.

Октябрь, ноябрь

Деканат, кафедра башчылары, ОУК

3.Ай сайын аткарылуучу иштер

3.1.

Факультеттин окуу-усулдук иштеринин планын жаңы 2017-2018-окуу жылына карата иштеп чыгуу, Окумуштуулар кеңешинде бекитүү.

ОшМУнун ОУК кеңешмесине катышуу, факультеттин иш планын жеткирүү.

Сентбярь

Султанова М.Ш.

3.2.

Өздүк баалоо процедурасын өткөрүүгө даярдоо жумуштары: атайын комиссия түзүү жана иш-планын иштеп чыгуу

октябрь

Деканат,

ОУК

3.3.

Кафедралардын профессордук-окутуучулук курамынын НББП, окуу-усулдук комплекстери, силлабустары, студенттер менен иштөө, өз алдынча иштерин уюштуруу, тесттик материалдары ж.б. иш кагаздары менен таанышуу

октябрь

Султанова М.Ш. жумушчу топ

3.4.

Кафедраларда “Мыкты лектор” жана “Мыкты окутуучу” конкурсун өткөрүү

ноябрь

Каф. башч-ры ОУК

3.5.

Факультетте “Мыкты лектор” жана “Мыкты окутуучу” конкурсун өткөрүү

декабрь

ОУК, атайын комиссия

3.6.

2017-2018 окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштерди талдоо, баа берүү

Январь, февраль

Султанова М.Ш. ОУК мүчөлөрү

3.7.

Көз карандысыз аккредитацияга даярдык көрүү: бакалавриат, магистратура боюнча НББП, ж.б. документацияларды даярдоо

Январь, февраль

Атайын комиссия

3.8.

Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү боюнча семинар, тегерек строл, ж.б. уюштуруу

февраль

Султанова М.Ш. ОУК мүчөлөрү

3.9.

ОшМУнун “Мыкты лектор” жана “Мыкты окутуучу” конкурсунун университеттик этабына факультеттик этаптан өткөн окутуучулардын катышуусун камсыздоо

Март, апрель

Султанова М.Ш.

3.10.

Факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын өздүк отчетторун (планга ылайык аткарган иштеринин жүрүшүн, жыйынтыктарын ж.б.) анализдөө, жыйынтык чыгаруу

май

Султанова М.Ш.

ОУК мүчөлөрү

3.11.

2017-2018 окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында аткарылган иштерди талдоо, баа берүү

июнь

Султанова М.Ш. ОУК мүчөлөрү

Тарых факультетинин окуу-усулдук

кеңешинин төрайымы, т.и.к., доцент: М.Ш.Султанова