Ыйман, Адеп, Маданият, адамгерчилик, Жашоо жана Чындык


ü Жашоо өзүнөн-өзү жакшылыктын да , жамандыктын да очогу эмес: аны өзүңөр эмненин очогуна айлантсанар ошонун булагы болот.

ü Адамдардын көпчүлүгү туура жашоого эмес, көп жашоого умтулат. Чынында, узак жашоо баарынын эле колунан келет, ал эми өз эркине же каалоосуна карап узак жашоо эч кимдин колунан келген эмес.

ü Атанын балага калтырган эң жакшы мурасы-жакшы тарбиясы.

ü Адам канчалык адилет юолсо,

ü адилеттүүлүктү ошончолук туура түшүнөт.

ü Өз милдетин аткаруу кээде абдан кыйын болот,

ü бирок аны аткарбай калуу андан да кыйын болот.

ü Силердин араңардан эң жакшыраагыңар- адеп-ахлахы жакшы болгонуңар.

ü Бири-бириңерден ажырабагыла. Анткени, короодон бөлүнгөн койдун көбү карышкырга жем болот.

ü Кумурсканын уюгунан арыстан да айбыгат.

ü Кетирген кемчиликтен уялба, өз кемчилигин сезүү-турмуштун мыкты сабагы, өзүн-өзү тарбиялоонун мыкты каражаты.

ü Адам бактылуу болууга тийиш, бактысыз болсо өзүнөн көрсүн.

ü Эне сүтүн актоо-өмүр бою кутулгус карыз.

ü Жапа чеккен адамды көрүп туруп жалоорубаган адамды адам дешке болбойт.

ü Башканын милдетин жакшы аткаргыча, жаман да болсо, өзүңдүн милдетиңдин өтөөсүнө чык.

ü Пенде ойлонбой айткан сөзү үчүн тозоктун чыгышы менен батышанан да узак бир жерине ташталат.

ü Кырсыкка акыл чыдайт, кайрат аны менен күрөшөт, сабыр аны жеңип чыгат.

ü Турмушту ак ниеттиктен артык эч бир нерсе көркүнө чыгара албайт.

ü Сөздү убагында айтуу кыйын, айтпай калуу андан да кыйын.

ü Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет.

ü Адамдардын көпчүлүгүн бактылуу кылган адам бардыгынан бактылуу.

ü Башкага бакыт издеген адам бакытка өзү дуушар болот.

ü Көпчүлүктүн камын көргөн адам-адилет адам.

ü Турмуштагы эң жаман окуя дагы биздин акылыбызга акыл кошуп, тажрыйба алуубуз үчүн болгон жашообуздун бир сюжети.

ü Көздөгөн максатына жетүүгө умтулган адам тагдырды багындырууга аргасыз кылат.

ü Ийгилик күн сайын кыйынчылыктарга туруштук берип, күрөшүүдөн келип чыгат.

ü Улуу тоскоолдуктар болбой, улуу иштер жаралбайт.

ü Пайдасыз жашоо-мезгилсиз өлүмгө тете.

ü Акылдуу адам напсине ээ болгон жана өлүмдөн кийинки жашоосу үчүн аракеттенген адам.

ü Акылдуу сөз эстүү адамдын жүрөгүнөн орун табат.

ü Жаңылбаган адам болбойт, бирок, акмак гана жаңылыштыгын мойнуна албайт.

ü Туура түшүнүп, туура кабыл алып кылынган бир иш туура кабыл албай кылынгын миң иштен артык.

ü Араздашуу эч качан себепсиз болбойт, бирок араздашуу үчүн олуттуу себеп өтө сейрек.

ü Эч качан өзүңөрдү алдабагыла, калп айтпагыла, дайыма чынчыл болбуга!

ü Инсандын ичинде эң көп утушка ээ болгондор өмүрү узун жана жкшы амал кедтиргендер.

ü Кырсык коркконго асылып алат да, кайраттуудан алыс качат.

ü Кээде чындык ушунчалык жөнөкөй болгондуктан, ага дайыма эле ишене беришпейт.

ü Бактылуу болгуң келеби-бактылуу бол! Баары сенин колуңда.

ü Түбөлүккө өлбөйм десең сен эгер, Ачык сүйлөп,ак ишиңди кыла бер.

ü Акылы көптүн жакыны көп.

ü Биздин аң сезимибизде дүйнөнү оодарып жиберчү күч камтылган.

ü Калп айткан киши өз бетин көөлөйт.

ü Чыныгы балбан адам жинденгенде ачуусун токтото алгандар.

ü Ачуу-акылсыздыктын башталган жери.

ü Эки адам чатакташса, акылдуусу кнөөлүү.

ü Адамдын жүрүм-турум мамилеси өзүн көргөзө турган күзгүсү болот.

ü Тазалык-ыймандын жарымы.

ü Кишини ичинен бил, ичинен биле албасан, ишинен бил.

ü Адамга адам азаттыкты бере албайт: адам өзүн-өзү азаттыкка чыгарууга тийиш.

ü Инсандарга зыян келтирбөө-эң жакшы амалдардан.

ü Акмак да суйлөгөндө акылдуудай көрүнөт.

ü Чындык-ишенбей койгондо да жок болбой турган нерсе.