тарыхы


Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» маданий-эстетикалык борбору Рыспай Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбору болуп, 2009-жылы (03.09.09.) ректордун №685 буйругунун негизинде кайрадан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган борбор студенттердин маданий эс алуусун тарбия концепциясынын негизинде камсыз кылуучу окуу жайдагы структуралык түзүм болуп эсептелет. Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбордо «Үмүт» фольклордук тобу (Жетекчиси обончу Э.Талипов), «Салтанат» фольклордук ансамбли (Жетекчиси комузчу Б.Абдувалиев), «Вокалдык» топ (жетекчиси А.Кожомжаров), «Талант» эстрада ырчылар тобу (жетекчиси А.Кулбаева), «Периште» бийчилер тобу (А.Осмоналиева) жана «Ош KG» ШТК (жетекчиси К.Жарматов) топтору иштешет. Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбордун жетекчилери болуп Идирис Жолдошов, КРнын эл артисти Жолболду Алыбаев, КРнын эл артисти А.Жайнаковдор эмгектенишип, борбордун ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөн. 2012-жылдын сентябрь айынан баштап борбордун директору болуп Түмөнбай Колдошов дайындалып, борбордун курамы кайрадан түзүлгөн. Борбордун алдында жүзгө жакын таланттуу чыгармачыл студенттер тарбияланышууда. Ош МУнун Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун курамы: