News Архив

869 12:18 11-03-2019

НКББП

НББП

080403 – “Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертизалоо” адистигинин НББП

080403 – “Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертизалоо” адистиги 2015-жылы ачылган. Бул адистикке Билим берүү жана илим министирлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредаттациялоо (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциясынын 2015-жылдын №7/82 протоколунун негизинде № LC 150000485, №4 тиркеме, каттоо номери 15/0225 лицензиясы алынып, окуу ишмердигин жүргүзүүгө укук берилген. Адистик боюнча окутуунун формасы: күндүзгү, нормативдик окуу мөөнөтү: 9-класстын базасында жалпы негизги билим берүү - 2 жыл 10 ай, 11-класстын базасында орто билим берүү -1 жыл 10 ай.

080403 – “Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертизалоо” адистигинин билим берүү программасынын миссиясы: региондук эмгек рыногунун талабын эске алуу менен мамлекетибизде өндүрүлүп жаткан, сырттан кирген жана чыккан элге керектүү товарларды экспертизадан өткөрүп, элдин жашоо денгээлин жогорулатуу максатында компетенттүү жана мобильдүү товаровед – эксперт адистерин даярдоо.

НББП максаттары:

1. НББП калыптанган жалпы жана кесиптик компетенциялардын негизинде Азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларын таануу, товарларды стандартташтыруу, сертификациялоо, метрология, маркетинг ишмердүүлүктөрүндө коюлган кесиптик милдеттерди жана эл аралык стандарттын нормаларын ийгиликтүү аткара билген адистерди даярдоо.

2. Учур талабына ылайык, коюлган кесиптик милдеттерди турмушка ашыруу үчүн Товар таануу адистиги боюнча эксперттик баа берүү, уюштуруу-башкаруучулук, илимий-изилдөө ишмердүүлүктөрү боюнча кесиптик жөндөмдөрдүн калыптанышы.

3. Кесипте өзгөчө мааниге ээ болгон төмөнкү атуулдук сапаттардын калыптанышы: коюлган максатка умтулуу, уюштуруу жөндөмү, жоопкерчилик, өз алдынчалуулук, толеранттуулук, патриоттуулук, этикалык жүрүм-турум, ишти аягына чыгарууга болгон өжөрлүк ж.б.

НББП максатына ылайык бул адистик боюнча окуу программасын толук аяктаган бүтүрүүчү окутуунун натыйжаларына (РО) жетишишет :

РО 1. Айлана-чөйрө жөнүндөгү илимий билимдердин системасын таанып билет, математикалык, табигый, гуманитардык жана экономикалык илимдердин жоболорун өзүнүн кесиптик тапшырмаларын чечүүдө колдоно алат .

РО 1 = ОК1 + ОК2 + ОК3 + ОК4 + ОК5

РО 2. Өз оюн мамлекеттик жана расмий тилде логикалык жактан туура билдире алат, ишкерлерче пикир алмаша алат, социалдык денгээлде бир чет элдик тилде суйлөшө алат, маалымат технологияларын колдоно билет.

РО 2.= ИК 1+ ИК 2+ ИК 3+ ИК 4+ ИК 5

РО 3. Толеранттуулук жана демократия принциптеринин негизинде жааматта иштей билет, алган билимдерин жаратылыштын ресурстарын рационалдуу колдонууга колдоно билет.

РО 3. = СӨК 1+СӨК 2+ СӨК 3+СӨК 4+СӨК 5

РО 4. (РО1). Азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларын таануу адистиги боюнча кесиптик жөндөмдөрдүн калыптанышы.

РО 4 =ПК1+ПК 2.2+ПК 3.3

РО 5 . Товарларды стандартташтыруу жана анын талаптарынын сакталышы, эксперттик баа беруу боюнча кесиптик коз караштардын калыптанышы.

РО 5=ПК 2.1+2.2+2.3

РО6 . Товарларды сертификациялоо, метрология боюнча нормативдик-укуктук документациялар менен болгон тааныштык.

РО 6=ПК 3.5+ПК 4.3

РО7. Маркетинг аркылуу кесиптик милдеттерин аткара билуу жондомунун калыптанышы.

РО7=ПК4.1+ПК1.3+ПК4.2

РО8 . Өндүрүштө, соода ишканаларында, мамлекеттик, логистикалык борборлордо, регионалдык, муниципалдык башкармалыктарда товар жүгүртүү иштерин алып баруу жөндөмү;

РО8=3.1+3.4+4.1

РО9 . Товарларды экспертизалоо жана сапатына баа берүү процессинде органолептикалык метод менен баа бере билүү жөндөмү;

РО9=2.2

РО10 . КРдин ченемдик укуктук актылары тууралуу билимдерин калыптандыруу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, соода мекемелеринде товарлардын ассортиментин башкара билүү жөндөмдөрүнүн калыптанышы.

РО10=3.4+ПК 1.2

РО11. Экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды сертификациялоо процедуралары менен болгон тааныштык.

РО11=1.4+4.

РО12. Чакан жамааттарда жана мамлекеттик ишканаларда уюштуруу ишмердүүлүгүн өстүрүшөт, тармакка тиешелүү финансылык, статистикалык маалыматтарды анализдеп, баалай алышат, өздүк, кесиптик өнүгүүсүн башкара алышат.

РО12=3.2+3.4+3.5

080403 – “ Товар жүгүртүү жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертизалоо ” адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн компетенциялары

Товаровед-эксперт төмөнкү жалпы компетенцияларга ээ болуусу керек:

  • Жалпы компетенциянын (ОК, жөндөмдүүлугунө ээ болушу:

ОК1. Айлана-чөйрө жөнүндөгү илимий билимдердин системасын, жашоодогу баалуулуктарды жана маданиятты таанып билет.

ОК2. Математикалык, табигый, гуманитардык жана экономикалык илимдердин жоболорун өзүнүн кесиптик тапшырмаларын чечүүдө колдоно алат.

ОК3. Заманбап билим берүү жана информациялык технологияларды колдонуп, жаны билимдерди өз алдынча ала алышат.

ОК4. Илимдеги, техникадагы, технологиялардагы жана кесип чөйрөсүндөгү социалдык-экономикалык жана маданий өзгөрүүлөрдү анализдеп баа бере алышат.

ОК5. Өз эмгегин баалай алат, өз ишмердүүлүгүнүн натыйжасына өз алдынча баа бере алат.

  • Инструменталдык компетенциянын (ИК), жөндөмдүүлүгүнө ээ болушу:

ИК1. Маалыматты кабыл алуу, жалпылоо, анализдөө, максат коюу жана ага жетишүүнүн жолун тандоо.

ИК2. Мамлекеттик жана расмий тилде оозеки жана жазуу кебин логикалык жактан туура, далилдөө менен так, даана берүү.

ИК3. Социалдык баарлашуунун денгээлинде чет тилдердин бирин билүү.

ИК4. Маалыматтарды башкаруу каражаты катары компютердик тармактарда жана коорпаративдик маалыматтык системаларда маалыматтарды кайрадан иштеп чыгуу, сактоо жолдорунун негизги ыкмаларын билүү.

ИК5. Уюштуруучулук иштерине катышуу.

  • Социалдык – өздүк компетенциянын (СӨК), жөндөмдүүлүгүнө ээ болушу:

СӨК1. Социалдык карым-катнашты коомдогу моралдык жана укуктук нормалардын негизинде адамдарды сыйлоо, башка улуттук маданиятына болгон сабырдуулук жана бири-бирине болгон мамилени сактай билүү.

СӨК2. Өзүнө сын көз караш менен кароо, жетишкендиктерин өркүндөтүү, кемчиликтерин оной билүү.

СӨК3. Демократиялык коомдогу жарандык баалуулуктардын негизинде тил табыша билүү, активдүү жарандык позиция ээлөө.

СӨК4. Алган билимдерин турмушта колдонуп, жаратылышты коргой жана ресурстарын үнөмдүү колдоно билүү.

СӨК5. Жааматта иштей билүү, профессионалдык компетенциялардын, профессионалдык ишмердүүлүктүн негизги түрлөрүнө дал келиши.

  • Профессионалдык компетенциянын (ПК), жөндөмдүүлүгүнө ээ болушу:

1. Товарлардын ассортиментин башкаруу.

ПК1.1. Товарга болгон керектөөнү аныктоо;

ПК1.2. Товар керектөөчүлөр жана товар алып келүүчүлөр менен байланыш түзүү, ошондой эле алардын укуктары жана милдеттери;

ПК1.3. Товардын агымын жана өлчөмүн башкаруу.

2. Товарлардын сапатына баа берүү жана экспертизалоо

ПК2.1. Товарларды ассортименттери боюнча идентификациялоо;

ПК2.2. Товарлардын сапатына баа берүү жан аны уюштуруу;

ПК2.3. Товарды экспертизалоодо стандартташтырууда, сертификациялоодо квалификациясы өзүнөн жогору болгон эксперттин тапшырмасын аткаруу.

3. Уюштуруу иштерин бөлүштүрүү

ПК3.1. Уюштуруунун негизги көрсөткүчү боюнча пландаштырууну калыптандыруу;

ПК3.2. Аткарылуучу иштерди ишке ашырууну пландаштыруу;

ПК3.3. Коллективде эмкек ишмердүүлүгүн башкаруу;

ПК3.4. Аткаруучулардын аткарган иштеринин натыйжаларын баалоо жана көзөмөлдөө;

ПК3.5. Эсеп-кысап отчеттук документтерди даярдоо.

4. Азык –түлүк жана азык түлүк эмес товарлар

ПК4.1. Азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын колдонуу кесиптин окуп, практикада колдонуу;

ПК4.2. Көрсөтүлгөн товарга, товардын, баанын, ассортиментик саясатты иштеп чыгуу;

ПК4.3. Маркировканы чечмелеп коюлган талапка жооп берерин баалоо;

ПК4.4. Товар менен кошо келген документтин туура толтурулуусун текшерүү, кандай транспортко жүктөлөрүн жана кандай шартта канча мөөнөттө сакталганын аныктоо;

ПК4.5. Товарлардын упаковкасын сапатын каралган талаптар боюнча аныктоо, санитардык–эпидемиялык талаптарын камсыздоо.

ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАСЫ МЕНЕН БИЛИМ

БЕР ҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАКСАТТАРЫНЫН БАЙЛАНЫШЫ

максаттар

Окутуунун

натыйжасы

Максат 1

Максат 2

Максат 3

1.

ОН 1

+

2.

ОН 2

+

3.

ОН 3

+

4.

ОН 4

+

5.

ОН 5

+

+

6.

ОН 6

+

7.

ОН 7

+

+

8.

ОН 8

+

+

9.

ОН 9

+

+

10.

ОН 10

+

11.

ОН 11

+

+

12.

ОН 12

+