Fakültemiz yayınları
Кыргыздардын дүйнө таанымында Аллах түшүнүгү

Китепте Караханиддер доорунан баштап учурга чейин, кыргыз элинин Аллах түшүнүгүнүн негизги өзгөчөлүктөрү каралат. Автор, кылымдарда калыптанган салттуу ислам түшүнүгүнүн айрым элементтери, өзгөчө, Совет доорунда пландуу жана мксаттуу түрдө ашкере сынга алынып, коомду диний баалуулуктардан узактатканын, дин менен диний түшүнүктөр бир каралып, түшүнүктөр диндештирилип берилгенин белгилейт.

Эмгек дин таануучуларга, илимий кызматкерлерге, жогорку окуу жайлардын мугалимдерине, изилдөөчүлөргө, студенттерге, дегеле кыргыз элинин диний тарыхына, маданий мурастарына кызыккан жалпы эле китеп окурмандарга арналат.

Амалий шархи

Колуңуздардагы «Амалий шархи» аттуу китеп Ош шаарынан чыккан аалым Али бин Осмон аль-Ошийге таандык «Амалий» чыгармасына щарх (түшүндүрмө) түрүндө жазылган китеп болуп эсептелет.

Бул китеп Ислам дининин ыйман негиздерине байланыштуу маселелерди өз ичине камтыган Акыйда илимине кызыккан мударристерге, студенттерге жана жалпы эле окурмандарга арналат.

Ислам (Ишеним, Ибадат, Адеп-ахлак)

Колуңуздардагы китепте кылымдарда калыптанган салттуу Ислам түшүнүгүн тутунган кыргыздардын диний баалуулуктарынын маңыздуу жерлери каралган. Бул китеп Ислам дининин ишеним, амалдык жана адеп-ахлактык негиздерине байланыштуу маселелерге кызыккан мударристерге, студенттерге, дегеле Кыргыз элинин диний тарыхына, маданий мурастарына кызыккан жалпы эле китеп окурмандарына арналат.

Исламда саясий жана ишенимге байланыштуу (итикадий) агымдар

Бул окуу-усулдук куралы гуманитардык багыттар боюнча; теология, дин таануу, тарых, социология, саясат адистигинде; Ислам университетинде, институтунда жана медреселерде окуган студенттерге, ошондой эле ислам таануучуларга, жалпы эле дин багытына кызыгуучуларга даярдалды. Китепте Ислам дининин саясий жана итикадий агымдарынын генезиси тарыхы, өзгөчөлүктөрү жана көз караштары жөнүндө сөз кылат.

Мухаммед пайгамбардын дипломатиялык ишмердүүлүгү

Бул окуу куралы гуманитардык багыттар; теология, дин таануу, тарых, социология, саясат таануу, эл аралык мамилелер адистигинде окуган студенттерге жана дин таануу илимине кызыккандарга даярдалды.

Абу Ханифа жана анын окуусунун Фергана өрөөнүндө калыптануусу (X-XIV К.К)

Китепте Абу Ханифанын өмүр баяны, анын акыйда туурасындагы көз караштары жана анын окуусунун орто кылымдарда Фергана өрөөнүндө калыптануусу каралат. Эмгек дин таануу, ислам тарыхы, диндер тарыхы багыттарында, жалпы илимий изилдөө иштеринде, атайын курсстарда жана диний кызматкерлер, диний агартуу иштеринде пайдаланууга болот.

КЕЛАМ: АХЛИ СҮННӨТ ТЕОЛОГИЯСЫ

Китепте ислам динин ишеним негиздерине байланыштуу Ахли сүннөттүн диний түшүнүктөрүнүн негизги өзгөчөлүктөрү каралат. Китепте, Рамазан Йылдырым, Муса Шимшекчакан, Эшреф Алташ, Мехмет Акгүл, Илхамий Гүнай жана Мехмет Акиф Өзкиран тарабынан даярдалган « Kelam» деген эмгектин материалдары пайдаланылды. Эмгек, дин таануучуларга, теология факултеттеринин студенттерине, «Ыйман» лицейинин окуучуларына, муфтияттын карамагындагы дин кызматкерлерине, дегеле ислам дининин теологиясына кызыккан жалпы эле китеп окурмандарга арналат.

Намаз нуру

Китепченин мааниси өтө зор. Мусулмандын эң негизги амалы болгон намаз туурасында түрдүү тематикадагы маалыматтар камтылган. Коомчулук үчүн пайдалуу эмгектерден болуп, диний жана маданий агартууга салым кошот. Котормо жалпы окурман журтуна арналат.

Хутбалар

Бул китеп дин кызматкерлери үчүн даярдалып, ыймандын негиздери, Исламдын шарттары жана күнүмдүк турмушта зарыл болгон 63 тема камтыйт.

Аңгемелердин негизинде 40 хадис

Бул китепте, сүрөттөр менен кооздолгон аңгемелердин негизинде сүйүктүү пайгамбарыбыздын кфрк хадиси берилген. Анда, бир канча кылым мурда жашаган пайгамбарыбыздын даанышман ойлору камтылып, жашообузга багыт берип турат.

ДИН ЫКЛАСТУУЛУК
Кыкр аят, кырк дуба, кырк хадис

Китептеги баалуу маалыматтар диний Куран аяттарынын жана хадистердин негизинде жазылды. Ыкластуулукту жогору тутууга үндөгөн жана анын момун-мусулман үчүн негизги жашоо эрежеси экенин баяндаган эмгек кыргыз тилдүү жалпы окурмандарга арналат.

ДИНДЕР ТАРЫХЫ

Бул «диндер тарыхы» китебинде баардык диндер тууралуу маалыматтар берилди. Китеп дин таануу, теология тармагында иштеген кызматкерлерге, студенттерге жана бардык ышкыбоз окурмандарга арналат.

КЫРГЫЗДАРДЫН МУСУЛМАНДАШУУ ТАРЫХЫ
Тарых жана маданият жылына арналат.

Китеп кыргыздардын исламга чейинки жалпы абалы, исламдашуу жараяны, исламдашуудагы негизги факторлор, кыргыз маданиятында исламдын орду, кыргыздарда диний билим берүү жана кыргыздарда дирдарлык деңгээл маселелери каралат.

АЗИРЕТИ ХУСЕЙН

Колуңуздардагы чакан эмгек диний тарыхтын бүктөмүндө катылып жаткан сырдуу инсандын бейнесин илимий негизде ачып берген изилдөө. Мында Азирети Пайгамбардын (с.а.в.) небереси Азирети Хусейндин тарыхтагы орду, Ислам динине кошкон салымы илимий изилдөөлөрдүн негизинде жазылды.

Китеп теология адистигинде эмгектенгендерге, студенттерге ошондой эле кызыкдар окурман чөйрөсүнүн баарына арналат.

Хадис илиминин негизги маселелери

Китеп хадис жана сүннөттү негиздүү түшүнүп билүүдөгү алтын эрежелер, хадис булактары, далилдери, адабияттар, ошол эле мезгилде сүннөт менен хадистин өз ара байланышы жана маңызы жөнүндө кенен-кесир маалыматтар берилген.

Тафсир усулу

Проф.док. Халис Албайрак: жигердүү эмгегинин үзүрү болуп эсептелген бул китепте Куран тарыхы, тафсир тарыхы, Куранды чечмелөө усулдары, Куранды чечмелөөгө тиешелүү илимдер, тафсир жана тафсир усулуна байланыштуу терминдер тууралуу илимий маалыматтар камтылган. Бул китеп дин таануу илимдерин тереңдетип окуп үйрөнүүнү максат кылгандарга жана жалпы дин илимине кызыккандарга арналат.

Ислам мазхаптарынын тарыхы жана жалпы өзгөчөлүктөрү

Колуңуздагы эмгекте Ислам мазхаптарынын тарыхы жана алардын жалпы өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилген. Китеп теология багытында эмгектенгендерге, студенттерге, ошондой эле Ислам мазхаптары боюнча маалымат алууну каалаган окурмандардын баарына сунушталат.

Илимде из калтырган мусулман илимпоздор

Бул китепте илим жана маданиятка салым кошкон 102 мусулман илимпоздордун өмүр баяны, эмгектери жана илимий ачылыштары жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Тажвид менен Куран окууну үйрөнөмүн

Бул китеп келечек ээлери болгон жаш балдарга жана дегеле Куран окууну үйрөнүүнү каалагандар үчүн Куранды туура, так жана сулуу окууну үйрөтүү максатында чыгарылган.

Манас Эпосунда Ислам дининин орду

Бул китеп дүйнөдөгү эң узун болуп эсептелген жана Кыргыз элинин адабий ооз-эки чыгармаларынын бири болгон Манас эпосундагы Ислам динине байланыштуу маалыматтарды өз ичине камтыйт.

Ислам маданиятында билим берүү саясаты

Китеп, Ислам пайда болгондон баштап учурубузга чейин жүргүзүп келген диний билим берүүсү менен билим берүү мекемелери жөнүндө тарыхый, коомдук маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле Кыргызстанда диний билим берүүнүн саясаты, зарылчылыгы жөнүндө да анализдер жасалган. Бул китеп Исламда билим берүү системасы светтик менен айкалышпайт деген көз караштарга каршы аргылыктуу аргумент болуп бере алат.

Куранды Куран менен тафсирлөө

Куран тафсири, бул- биринчиден, Куранды өзүнүн ички бүтүндүгү, аяттар арасындагы байланыштар алкагында чечмелөө. Бул эмгекте, Фахруддин ар-Разинин тафсир эмгегинде жогоруда айтылган ыкма канчалык деңгээлде иштелгендиги жана кандай өзгөчөлүктөрдү чагылдырып тургандыгын аныктоого аракет кылынды. Эмгек, дин таануучуларга, Куран тафсирине кызыккан илимий изилдөөчүлөргө жана жалпы эле окурмандага арналат.

Даарат жана Намаз

Бул китеп даараттын жана намаздын парздары, сүннөттөрү адептери жана аларды бузган нерселерди өз ичине камтып, ошондой эле аларды сүрөттөрү менен так жана ачык көрсөтүүгө аркет кылдык.

Аңгемелердин негизинде 40 дуба

Бул китепте балдарыбызды дубалар менен тааныштырууну тилек кылдык. Ошондой эле китепте Курани Каримден жана Азирети Мухаммед (с.а.в) дын хадистеринен тандалып алынган дубаларды, балдардын түшүнүүсүнө ылайыктап кыска аңгемелердин негизинде сунуп жатабыз.

Ахли Сүннөттүн залкар аалымы Имам Матуриди жана Матуридилик

Колуңуздагы чакан эмгекте Кыргыз элинин салттуу Ислам түшүнүгүнүн теориялык негизин (Ахли Сүннөт акыйда/ каламын) системалаштырган Имам Матуридинин өмүр таржымалы, чыгармачылыгы жана Матуридиликтин негизги өзгөчөлүктөрү каралат. Китеп дин таануучуларга, дин кызматкерлерине, студенттерге, дегеле кыргыз элинин диний тарыхына, маданий мурастарына кызыккан жалпы китеп окурмандарына арналат.

Имам Бухари

Бул китепте ислам дүйнөсүнүн улуу аалымы Имам Бухаринин (р.а) кыскача жашоо таржымалы жана эмгектери жөнүндө маалыматтар камтылган.

Аллага ыйман

Бул китепте ыйман шарттарынын биринчиси болгон Аллага ыйман темасы камтылган. Ошондой эле Алланын бар болуусу жөнүндөгү далилдер, Алланын ысымдары жана сапаттары жөнүндө кенен маалымат берилген.

Периштелерге ыйман келтирүү

Бул китепте ыйман шарттарынын бири Периштелерге ыйман темасы камтылган. Периштелердин бар экендиги жана алардын көрүнүшү.

Китептерге Ыйман келтирүү

Бул китепте ыйман шарттарынын бири Китептерге ыйман темасы камтылган. Китептердин пайгамбарлар аркылуу адамзатка жиберилүүсү жана алардын өзгөчөлүгүн түшүндүрөт.

Тагдырга ыйман келтирүү

Бул китепте ыйман шарттарынын бири Тагдырга ыйман келтирүү темасы каралган. Тагдырдын Куран жана Сүннөт негиздери. Тагдырга ишенүү менен Аллага ишенүүнүн байланышы каралган

Акыретке ыйман келтирүү

Бул китеп, теология багытындагы окуучу студенттерге жана эскаталогия маселесине кызыккан изилдөөчүлөргө жана жалпы эле, китеп менен дос болгон окурмандарга арналат.

Матуриди мазхабынын эмгектеринде Имам Матуруди жана Матуридилик

Колуңуздардагы эмгекте Абу Мансур аль-Матуриди жана Матуридилик мазхабы жөнүндө кеңири маалымат берилген. Китеп изилдөөчүлөргө, теология багытында эмгектенгендерге, студенттерге, ошондой эле маалымат алууну каалаган баардык окурмандарга сунушталат.

Балдар үчүн Куран терминдеринин сөздүгү

Буга чейин ОшМУнун теология факультетинин басылмалары арасында орун алган Курани Керим жана Азирети Пайгамбарыбыздын (с.а.в) хадистерине байланыштуу болгон үч эмгек балдарыбыз үчүн даярдалаган. Алардын катарында сүйүктүү балдарыбыз үчүн колуңуздагы китеп да жарык көрүп олтурат. Бул китеп сөздүк түрүндө болуп, балдарыбыздын Куранга байланыштуу болгон билбеген сөздөрүн оңой үйрөнүп алуусу максат кылынган.

Оштук аалым- Сиражуддин ал-Оший

Бул китепте Оштон чыккан көрүнүктүү аалым Сиражуддин Али бин Осмон ал-Ошийдин өмүр таржымалы, жазган эмгектери жана Ислам илимдеринин өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу маалыматтар камтылган. Ошондой эле Сиражуддин ал-Ошийдин «аль-Амаалий» аттуу эмгегинин кыргызча котормосу арапча тести менен бирге берилген.

Аруу тилек, ак ниет менен намазга кадам

Бул китеп келечек ээлери болгон жаш жеткинчектерибиз үчүн, аларга түстүү сүрөттөр жана оюн зооктор менен даарат, намаз, гусул жана таяммумду туура үйрөтүү үчүн даярдалды.

Имам Абу ханифа жана Ханафий Мазхабы

Бул китепте, Имам Абу Ханифа жана Ханафий мазхабы жөнүндө кеңири маалыматтар камтылган. Китеп Абу Ханифанын өмүр таржымалы жана Ханафий мазхабы туурасында маалымат алууну каалаган баардык окурмандарга арналат.