Илимий-изилдөө иштери
      Илимий даражалуу профессордук-окутуучулар курамы
      Энергетика кафедрасында 9 илимдин кандидаттары (алардын ичинен 1 профессор, 8 доцент) – илимдин профессору Халиуллин Рауэл Негматзияевич, ал эми илимдин кандидаттары – Айдарбеков Зарипбек Шарипович, Султанов Сайит Кожонович, Тагаев Базарбай Тагаевич, Өскөнбаев Маралбек Чотоевич, Усаров Абдыкайым Сапарович, Папиев Маматай, Эгембердиев Жолдошбай жана Турсунбаев Жанболот Жанышович эмгектенишет.
      Кафедранын доценти Айдарбеков Зарипбек Шарипович доктордук диссертациясын жана изденүүчү ага окутуучy Жороев Атабек Митаевич кандидаттык диссертациясын коргоонун алдында. Ал эми аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүнүн бүтүрүүчү Жусубалиева Айнагүл Жумабаевна, төртүнчү курсунун аспиранты Жумакулов Жоодарбек Акылбековичтер жана башка кафедранын окутуучулары өздөрүнүн илимий багыты боюнча үзүрлүү эмгектенип жатышат.
       Профессордук-окутуучулар курамынын илимий даражаларын өркүндөтүүсү
       “Энергетика” кафедрадасынын окутуучулары илимий-изилдөө иштерин “Кайра жаралуучу энергия булактарынын жана энергияны үнөмдөөчү технологиялардын негизинде иштөөчү автономдук энергетикалык түзүлүштөр” деген темада алып барышууда.
      “Энергетика” кафедрасында профессордук-окутуучулар курамынын квалификациясын аспирантура, илимий-изилдөөчү, чыгармачылык өргүү, илимий конференцияларга, тренингдерге катышуу аркылууга жогорулатууга негизги көңүлдү бөлүүдө. Мисалы:
• 2012-жылдын январь айынан тартып доц. Айдарбеков З.Ш. жана улук окутуучу Закирова Т.А. “Сынчыл ойлом” окуу-усулдук семинарга катышып, аны 2012-жылдын сентябрь айында ийгиликтүү аяктап, сертификат алышты.
• ОшМУда 2012-жылдын ноябрь айынан 2013-жылдын март айына чейин уюштурулган “Окутуунун дистанттык технологиялары” боюнча 72 саат көлөмүндөгү курска катышып доц. Айдарбеков З.Ш., сертификат алышты.
• Энергияны натыйжалуу пайдалануу жана кайра жаралуучу энергия булактары боюнча консультанттарды даярдоо курстарына (ЦРВИЭЭ, ПРООН, БАС ЕБРР) Айдарбеков З.Ш., Жороев А.М., Жусубалиева А., Жумакулов Ж. 2012-жылдын октябрь айынан 2013-жылдын апрель айына чейин катышып, биогаз технологиялары, күн технологиялары, микро жана миниГЭСтер, жылуулук насостору, шамал энергиясы жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча 2ден 5ке чейин техникалык консультант сертификаттарын алышты.
Айдарбеков З.Ш., Жороев А.М., Жусубалиева А., Жумакулов Ж. сертификаттарды алышкан учуру

Кара-Кулжа районунун 1-май айылындагы Энергетика кафедрасынын катышуусунда орнотулган биогаз орнотмосу

• Айдарбеков З.Ш. АУЦА 2013-жылдын март айында уюштурган “Создание силлабуса. Интерактивные методы обучения” тренинг-семинарга катышып, сертификат алды.
• “Ала-Тоо” өнүктүрүү борбору жана ОшМУ тарабынан 2013-жылдын февраль айында уюштурулган “Дистанционное обучение, кредитная технология на основе ECTS” курсун доц. Айдарбеков З.Ш. ийгиликтүү аяктап, сертификатка ээ болду.
      Кафедранын окутуучулары жана студенттери тарабынан жасалган күн энергиясы менен тамак бышыруучу меши,
Кыргыз Республикасынын президенти Атамбаев А.Ш., премер-министр Сатыбалдиев Ж.Ж., ОшМУнун ректору, профессор Исаков К.А.көргөзмө учурунда
Күн энергиясы менен тамак бышыруучу меш
Токтогул ГЭСинин иштөөчү модели жана Чычкан капчыгайында орнотулган 40 кВт кубаттуулугундагы микроГЭС 2011-жылдын 16-17-сентябрь күндөрү КРнын Энергетика министерствосу уюштурган “Энергияны үнөмдөө жана кайра жаралуучу энергия булактары” аттуу эл аралык конференция-көргөзмөдө, 2011-жылдын 14-октябрь күнү ОшМУда уюштурулган Уркуя Салиеванын 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда жана 2012-жылдын 16-февраль күнү ОшМУда уюштурулган көргөзмөдө жогорку бааларга татыктуу болду.
Аксы районунда жана Чычкан капчыгайларында орнотулган 5,37,40,85 кВт кубаттуулугундагы микроГЭСтер
Аксы районунда жана Чычкан капчыгайларында орнотулган 5,37,40,85 кВт кубаттуулугундагы микроГЭСтер
Аксы районунда жана Чычкан капчыгайларында орнотулган 5,37,40,85 кВт кубаттуулугундагы микроГЭСтер
Аксы районунда жана Чычкан капчыгайларында орнотулган 5,37,40,85 кВт кубаттуулугундагы микроГЭСтер

      Окутуучулардын жана студенттердин чыгармачылык жана илимий иштерине конференцияга жана көргөзмөгө катышышкан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева жана Энергетика министри Аскар Шадиев жогорку баа беришип, бул ийгиликтерди чек ара заставаларында жана эл чарбасында кеңири жайылтууга көмөктөшө тургандыктарын билдиришти.
      Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржылануучу “Кайра жаралуучу энергия булактарынын жана энергияны үнөмдөөчү технологиялардын негизинде иштөөчү автономдук энергетикалык түзүлүштөр” проектинин алкагында т.и.к., доцент Айдарбеков З.Ш., ага окутуучулар Жороев А.М., Арыкбаев Н.Т., окутуучу Жусубалиева А.Ж. жана ЭС-07 группасынын студенттери Жумакулов Ж., Шарипов О., Манасов М. илим-изилдөө иштерин активдүү жүргүзүп жатышат.
      Кафедранын окутуучулары жана студенттери тарабынан жасалган күн энергиясы менен тамак бышыруучу меши, Токтогул ГЭСинин иштөөчү модели жана Чычкан капчыгайында орнотулган 40 кВт кубаттуулугундагы микроГЭС 2010-жылдын 3-9-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы уюштурган I республикалык “Инновация – 2010” көргөзмөсүндө ОшМУнун курамында Гран-при сыйлыгына татыктуу болду.
      Кафедранын окутуучулары Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү ЖОЖдор жана илимий изилдөө институттары менен тыгыз байланышта.