О кафедре

“Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кафедрасы 521502 адистигинин негизинде жогорку билимдүү адистерди даярдоо боюнча

1999-жылы сентябрь айында атайын министрликтин буйругу менен ОшМУнун тарых факультетинин алдында бөлүм катары ачылган.

2000-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин №7512/1 буйругуна ылайык ОшМУнун алдында “Философия жана Башкаруунун технологиялары” факультети түзүлүп, факультеттин базасында бир нече кафедралар менен катар «Социалдык иштер жана мамлекеттик башкаруу» кафедрасы уюштурулган. Тарых факультетинин базасындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги, «Социалдык иштер, чыгыш-таануу жана жалпы тилдер» кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери менен жаңы факультеттин базасына которулган. Студенттик контингенттин өсүшүнө, окуу өндүрүштүк жараяндын зарылчылыгына байланыштуу «Социалдык иштер жана мамлекеттик башкаруу» кафедрасы 2003-жылы 17-июлда Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» жана «Социалдык иштер» кафедрасы болуп экиге бөлүнгөн. 2005-2006-окуу жылы июль айындагы Окумуштуулар Кеңешинин токтомуна ылайык Философия жана башкаруунун технологиялары факультети менен Эл аралык мамилелер жана регион таануу факультети жоюлуп, жоюлган эки факультеттин базасында Эл аралык мамилелер жана мамлекеттик кызмат факультети болуп кайрадан түзүлүү менен «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» кафедрасы адистиги менен өзгөрүүсүз жаңы факультеттин курамына киргизилген.

2010-2011-окуу жылы ректораттын демилгеси менен Ош МУнун структураларын оптималдаштыруу иш-чараларынын негизинде 30-августтагы Окумуштуулар Кеңешинин №11-токтомуна ылайык, Эл аралык мамиле жана мамлекеттик кызмат факультети жоюлуп, факультеттин структурасындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» кафедрасы студенттери менен Бизнес жана менеджмент факультетинин структурасына өткөрүлдү.

Кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүнүн нормативдик мөөнөтү күндүзгү окуу бөлүмүндө – 4 жыл. Дистанттык окуу бөлүмүндө – 6 жыл. Кафедранын окутуучулары 2012-жылдан баштап 580900 бакалавр адистиги боюнча студенттерге билим бере баштады.