Başvuru sahipleri için
Üniversitemize hoş geldiniz!




Урматтуу абитуриенттер!

Медицина тармагында “Физикалык терапия” кесиби ачылганын белгилейбиз. Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы тарабынан аталган адистикке кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын түзүмүнүн негизинде пилоттук окуу планы түзүлүп, Саламаттык сактоо министрлигинин макулдугу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде кадрларды даярдоо сунушталды.

Сиз качандыр бир убакта акыл-эси бузулган улгайган адамды карап көрдүңүз беле? Төшөктө жаткан бейтаптычы? Же инсульттан, инфаркттан, оор травма же операциядан кийинчи? Эмгекке, окууга жана коомдун пайдалуу мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн биротоло жоготууга алып келген, социалдык чөйрөгө көнүп кете элек жаш балдардычы?

Сизге жакын жана сүйүктүү адамыңыз ооруп калат. Ал эми сиз аны канчалык сүйбөңүз, кээде бул абдан кыйын, керектүү билим жана тажрыйба, убакыт, мүмкүнчүлүгүңүз жок.

Ал эми ушундай учурларда сиздин үй бүлөдө жардам берүүчү адис болсо кандай жакшы. Өз убагында реабилитациялоо эң оор бейтаптарды толук калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Адистикти бүткөн студенттер сизге жана сиздин жакындарыңызга жылуу, жайлуу чөйрөдө айыгууга жардам беришет!

Билим берүү тармагында «Физикалык терапия» адистиги социалдык чөйрөдө ийгиликтүү иштөөгө, физикалык реабилитация чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү жана реабилитациялоого өбөлгө түзөт.

Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде аталган адистик боюнча кадрларды даярдайт жана билим алууга чакырат.

1. Мындай адис кандай кызматтарды көрсөтөт дейсизби?

Кесиптик ишмердүүлүктүн түрлөрү жана милдеттери:

Уюштуруу жана диагностикалык иш-чаралар:

- кардардын функционалдык жана кыймыл аракетине комплекстүү баа берүү жана кардардын чөйрөсүнүн көйгөйлөрүн жана ресурстарын аныктоо;

- кийлигишүүнүн максаттарын аныктоо, кийлигишүү ыкмаларын, таасир этүүнүн физикалык ыкмаларын пландаштыруу жана тандоо, ошондой эле зарыл болгон көмөкчү каражаттарды жана жабдууларды тандоо жана адаптациялоо;

Социалдык жана реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү:

- активдүүлүктүн чектөөлөрүн жакшыртууга, компенсациялоого же алдын алууга багытталган физикалык реабилитацияны жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;

- алдын алуу жана сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кардарлардын арасында, анын ичинде техникалык каражаттардын жардамы менен өзүн-өзү тейлөө жана баарлашуу көндүмдөрүн калыптандыруу.

Социалдык маалымат жана окутуу кызматтарын көрсөтүү:

- кардарларга керектүү физикалык терапия ыкмаларын үйрөтүү, ошондой эле кардарга жардам берүү үчүн атайын жабдууларды кантип туура колдонуу керектиги жөнүндө кам көрүүчүлөргө маалымат берүү жана окутуу.

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы багуу боюнча ата-энелерге кеңеш берүү, ага жөнөкөй реабилитациялык/абилитациялык кызматтарды көрсөтүү;

- баланын/кардардын моторикасын өнүктүрүү боюнча кеңеш берүү.

2. «Физикалык терапия» адистигинин өзгөчөлүгү эмнеде?

9-класстын базасында 2 жыл 10 ай, 11-класстын базасында 1 жыл 10 ай. Адистикти аяктагандан кийин башка адистиктерге (акушердик иши, медициналык айым иши, дарылоо иши, фармация, ортопедиялык стоматология, стоматология профилактика) 2-курска кабыл алынат.

3. Адистикке тапшырууда жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктары каралабы?

Толук орто билимге ээ 11-класстан кийин абитуриенттерге гана окуу жайга тапшырганга уруксат берилгендигине карабастан, бүгүнкү күндө колледжге окууга тапшыруу үчүн ЖРТ талап кылынбайт.

4. Медициналык колледжге тапшыруу үчүн кайсы предметтерден экзамен тапшыруу керек?

Ар бир колледждин талаптарына ылайык абитуриенттерди кабыл алуу ички экзамендердин негизинде жүргүзүлөт. Экзамен компьютердик же бланктык тестирлөө түрүндө биология предмети боюнча өтөт.

5. Аталган адистик боюнча окууну аяктагандан кийин кандай документ берилет?

Адистикти аяктагандан кийин колледждин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү орто кесиптик билими тууралуу диплом берилет жана ага квалификация ыйгарылат.

6. Медициналык колледжди аяктагандан кийин ЖОЖго тапшырууга кандай мүмкүнчүлүктөр жана шарттар каралган?

Медициналык коллеждердин бүтүрүүчүлөрү жогорку медайымдык билим алуу үчүн ЖОЖго тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок башка факультеттерге өтүү үчүн ЖРТ тапшыруу зарыл. Тиешелүү балл алгандан кийин колледждин бүтүрүүчүсү ЖОЖго жалпы негизде өтөт.

7. Окууну аяктагандан кийин кайсыл жерлерде иштесе болот?

Окууну аяктагандан кийин адиске физикалык терапевттин жардамчысы квалификациясы ыйгарылат. Саламаттык сактоо мекемелеринин физиотерапиялык бөлүмүндө санаторияларда, курорттордо, клиникаларда, пансионаттарда, реабилитациялык борборлордо иштей алат.

8. Бүтүрүүчүлөр чет мамлекетке жумушка орношо алышабы?

Ошол өлкөнүн тиешелүү талаптарын аткарган учурларды (сертификация, окуу сааттарындагы айырмаларады тапшыруу, улуттук тилди билүү деңгээли боюнча экзамен тапшыруу ж.б) окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү чет өлкөгө жумушка орношо алышат. Бардык өлкөлөрдөн өз талаптары бар болгондуктан, алардын аткарылышы практикалык иш аткаруу үчүн уруксат алууга мүмкүндүк берет.

9. Адистикте контракттык төлөмү канча турат?

Контракт баасы 2022-2023-окуу жылына карата 26000 сомду түзөт.


О ш МУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи

СУНУШТАЙТ:

· Багыттарды, адистиктерди тандоонун кеңири мүмкүнчүлүгү;

· Заманбап технологияларга негизделген материалдык техникалык база;

· Илимий-изилдөө ишмердигине реалдуу перспектива;

  • Кызыктуу студенттик турмуш

Окууга кирүүгө керектелүүчү документтер:

– Абитуриенттин арызы;

– АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (түп нускасы);

– 3 х 4 өлчөмүндөгү 8 даана сүрөт;

– Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, көчүрмөсү;

– Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эркек балдар үчүн).

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи
төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алат:
11-класстын базасында
060101 Дарылоо иши-3 жыл 6 ай. Квалификациясы-фельдшер;
060102 Акушердик иши-2 жыл 10 ай. Квалификациясы-акушер;
060106 Ортопедиялык стоматология-2 жыл 10 ай. Квалификациясы-тиш техниги;
060107 Профилактикалык стоматология-2 жыл 10 ай. Квалификациясы-стоматологиялык гигиенист;
060108 Фармация-2 жыл 10 ай. Квалификациясы-фармацевт;
060109 Медициналык айым иши-2 жыл 10 ай. Квалификациясы-медициналык айым (мырза);
060113 Физикалык терапия-1 жыл 10 ай. Квалификациясы-физикалык терапевттин жардамчысы;
Ал эми 9-класстын базасында
060113 Физикалык терапия-2 жыл 10 ай. Квалификациясы-физикалык терапевттин жардамчысы.

Өзгөчөлүктөрү:

· Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окуу корпусу Өзгөн жалпы дарыгерлер практикалык борборунун аймагында жайгашкан. Студенттердин теориялык билимин, көндүмдөрүн практикада калыптандыруу үчүн жогорку квалификациялуу саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкерлери жана кесипкөй окутуучулары жеринде бейтаптарды алып баруу менен билимин бекемдөөгө өбөлгө түзүлгөн.

· Окуу процесси заман талабына ылайык жаңы технологияларды колдонуп, толук кандуу автоматташтырылган.

· Академиялык мобилдүүлүктүн негизинде Кыргызгыстандагы медициналык колледждерде жана чет мамлекеттеги окуу жайларда окуп келүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

· Окуу имараттарында интернет түйүнүн Wi-Fi аркылуу акысыз пайдаланууга болот.

· Бүтүрүүчүлөр билимин жогорку окуу жайларда уланта алат.

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи пилоттук долбоордо!!!

2019-2023-жылдарга медайымдык билим берүүнү өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана медайым адистеринин ролун жогорулатуу максатында “Орто кесиптик билим берүүдөгү “Медициналык айым иши” адистиги боюнча эксперименталдык программаны киргизүү жөнүндө” Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 19-апрелдеги №484 буйругу чыкты. Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин "Медициналык айым иши" адистиги эксперименталдык окуу программасы боюнча бекитилген пилоттук 4 колледжин бири.

Эксперименталдык окуу планында окуу убактысынын 50%га чейинкиси практикалык окууга арналып, колледж менен клиникалык базалардын ортосундагы тыгыз кызматташуу, окуу учурундагы клиникалык насаатчылардын жетекчилиги астында машыккан жаш медайым-студенттердин көндүмдөргө ээ болуусуна зор мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эксперименталдык программа: медайымга клиникалык ой жүгүртүү, тобокелдиктерди баалоо, чечим кабыл алуу, коммуникация, уюштуруучулук жөндөмдөр, көп дисциплинардык иш-чаралар, коомчулук менен байланышуу жана бейтаптарды узак мөөнөттүү башкаруу боюнча потенциалын жогорулатуу, дистанттык жана санариптик практиканын потенциалы, окутууда колдонулган жаңы жабдууларга жетүү менен өнүктүрүү, пациенттердин электрондук жазуулары, аралыктан консультацияларды берүүнү ж.б.у.с. нерселерди камтыйт.