Магистратуранын артыкчылыктары
Магистрдик диплом – бул илимий карьеранын башаты гана эмес, жетекчилик кызматтарга жана престиждүү жумушка орношуудагы негизги конкуренциялык артыкчылык.
Магистратурада окуган учурда магистрант төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:
• тандап алган илимий чөйрөсү боюнча тереңдетилген билим алууга;
• илимий-изилдөөчүлүк иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнө;
• стажировка, практика өтүү жана илимий-изилдөө орду эске алынган индивидуалдык окуу планын тандоого мүмкүндүк берген өздүк билим берүү траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгүнө;
• магистрдик диссертация жазуудагы тажрыйба келечекте PhD докторантурада окууга жардам берет;
• магистранттар жогорку окуу жайларда, атайын орто окуу жайларында, лицейлерде жана орто мектептерде иштөө үчүн окутуучулук тажрыйба алышат;
• магистр даражасына ээ болуу эмгек акынын жогорулашы жана жумушка орношуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.
Магистрлердин профессионалдык иш-аракети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
• уюштуруучулук-башкаруучулук;
• аналитикалык;
• проекттик-экономикалык;
• илимий-изилдөөчүлүк;
• илимий-педагогикалык.