Malzeme ve teknik taban

Материалдык-техникалык база

531600 «Теология» багыты боюча «Теологиянын бакалавры» академиялык квалификациялык даражасы бар бакалаврларды даярдоо үчүн теология факультети төмөнкүдөй материалдык-техникалык базага ээ:

1 Компьютердик класс.

2 Интерактивдүү доска менен жабдылган конференция залы.

Ошондой эле 4 лекциялык залдар, 8 окуу аудиторялары, окуу залы жана китепкана бар.

Акыркы муундагы 32 компьютер, 2 ксерокс, 6 принтер, 3 проектор, 1 сканер жана ар бир аудитория интерактивдүү(акылдуу) доскалар менен камсыз болгон, анын ичинен 15 компьютер компьютердик класста жайгашкан.

Андан сырткары студенттер ОшМУнун башка окуу корпустарынын материалдык базаларынан (окуу залдары, китепкана, спорт аянтчалары ж.б.) колдоно алышат.

Студенттердин илим-изилдөө иштеринде дүйнөлүк илимдин өнүгүү тенденцияларына ылайык маалыматтарды алуу максатында кафедра жана компьютердик класстар бүткүл дүйнөлүк Интернет түйүнүнө уланган.

Компьютерлер боюнча камсыздоо көрсөткүчтөрү.

Теология факультетинин студенттеринин ПК менен камсыздоо көрсөткүчү 121%ды түзөт (1-таблица), ал эми студенттеринин окуу аянты менен камсыздоо көрсөткүчү – 106,7%ды түзөт (2-таблица).

1-таблица. Теология факультетинин студенттеринин ПК менен камсыздоо көрсөткүчү.

Адистиктин аталышы

Студенттердин саны

Окуу проц. колд. комп. саны

1 комп. туура келг. студ. саны (1:12)

Камсыз-доо проценти

Күнд. бөлүм

Сырт. бөлүм

Бард.

Пределд. континг.

1

Теология (бакалавр)

148

-

1148

15

12,3

121%

2-таблица. Теология факультетинин студенттеринин окуу аянты менен камсыздоо көрсөткүчү.

Адистиктин аталышы

Студенттердин саны

Окуу-лаб. кабинет. аянты

1 студ. туура келген окуу аянт (9 кв.м.)

Камсыз-доо проценти

Күнд. бөлүм

Сырт. бөлүм

Бард.

Пределд. континг.

1

Теология (бакалавр)

148

-

148

1422

9,6

106,7 %

Факультетте 1 компьютердик класс бар. Компьютерлер жогорку сапатта интернет түйүнгө уланган. Компьютердик класста 1-курстар үчүн информатика сабагы окутулат жана студенттер рефераттардын, курстук жана дипломдук иштердин үстүнөн иштешет. Интернет түйүнү кызматтары менен акысыз пайдаланышат. 2015-2016-окуу жылында факультеттин ар бир аудиториясына, конференция залына атайын интерактивдүү доска (акылдуу доска) алынып келинди. Бул окуу процессин сапаттуу уюштурууда чоң роль ойноодо.