News Архив

МАГИСТРАТУРА

окутуунун натыйжаларына жетишүүгө өбөлгө түзөрүн талдоо


Магистратуранын артыкчылыктары

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде магистратура 2 багытта жүргүзүлөт:

531000 - Филология;

550300 - Филологиялык билим берүү (Кыргыз тили жана адабияты).

Магистратурада окуган учурда магистрант төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:

• тандап алган илимий чөйрөсү боюнча тереңдетилген билим алууга;

• илимий-изилдөөчүлүк иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнө;

• стажировка, практика өтүү жана илимий-изилдөө орду эске алынган индивидуалдык окуу планын тандоого мүмкүндүк берген өздүк билим берүү траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгүнө;

• магистрдик диссертация жазуудагы тажрыйба келечекте PhD докторантурада окууга жардам берет;

• магистранттар жогорку окуу жайларда, атайын орто окуу жайларында, лицейлерде жана орто мектептерде иштөө үчүн окутуучулук тажрыйба алышат;
• магистр даражасына ээ болуу эмгек акынын жогорулашы жана жумушка орношуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.

Магистрлердин профессионалдык иш-аракети болуп төмөнкүлөр эсептелет:

• уюштуруучулук-башкаруучулук;
• аналитикалык;
• проекттик-экономикалык;
• илимий-изилдөөчүлүк;

М агистрдик диплом – бул илимий карьеранын башаты гана эмес, жетекчилик кызматтарга жана престиждүү жумушка орношуудагы негизги конкуренциялык артыкчылык.

Магистрдик окуунун мөөнөтү : магистр даражасын алуу программасынын нормативдик мөөнөтү – 2 жыл (күндүзгү формада жана окутуунун дистантык технологиясын колдонуу менен ишке ашырылат).

Магистратурага тапшыруу үчүн абитуриент тиешелүү багыт боюнча бакалавр академиялык даражасы же тектеш адистик боюнча адис квалификациясы ыйгарылган жогорку кесиптик билимге ээ болуусу зарыл.