Бүгүнкү студент - эртеңки жаркын келечек
                  "Бүгүнкү студент – эртеңки жаркын келечек” аттуу дискуссия болуп өттү
      13- ноябрда Ош мамлекеттик университетинин Жаштар комитети тарабынан “Бүгүнкү студент – эртеңки жаркын келечек” аттуу дискуссия өткөрүлдү. Дискуссияга окуу жайдын студенттери катышып, бүгүнкү күндө студенттерге жасалган мамиле, түзүлгөн шарт, жагдайлар тууралуу талкуу болду. Бул талкууга ОшМУнун, Ош шаарынын лидер жаштары катышты. “Талкууну өткөрүүнүн негизги максатыжаштардын пикирин угуу жана коомго алып чыгуу, ошондой эле чечүүнүн жолдорун чогуу издөө болуп саналат. Бул иш чара өз максатына жетти деп ойлойм, анткени, биздин студенттер өз ойлору менен бүгүнгкү болуп жаткан саясий кырдаалдардан кабардар экенинен кабар берди” – дейт ОшМУнун Жаштар комитетинин дискуссия клубунун башчысы Бактияр Жумабай уулу.