Кафедранын илимий иштери

Кафедранын илимий изилдөө багыты: "Табигый илимдердин туруктуу өнүгүүсү"

Кафедрада илимий изилдөө иштери 4 багытта жүргүзүлөт:

1. Түштүк Кыргызстандын майда сүт эмүүчүлүрдүн сырткы мителери . Бул теманын үстүндө б.и.к. доцент Садыкова Г.А. жүргүзөт.

2. "8-класстын химиясын окутууда алгачкы физикалык-химиялык түшүнүктөрдү маалымат технологиялардын жардамында калыптандыруу" бул багытта кафедранын ага окутуучусу Сатвалдыев Дүйшөбай иштеп жатат. Илимий жетекчиси: х.и.к. профессор Сагындыков Ж. Табият таануу факультетинин Окумуштуулар кеңешинде 9-ноябрь 2006- бекитилген.

3. "Окутуунун теориясы жана методикасы (химия)-13.00.02." боюнча "Окутуунун коллективдик, группалык, жекелик формаларынын негизинде жогорку класстардын чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүү (химиянын окутуунун мисалында)"Бул багытта окутуучу Камбар кызы Жыпара иштеп жатат. Илимий жетекчиси п.и.к. профессор Г.Турдубаева.

4. Кыргызстандын тоо-кен өндүрүшүндүгө экологиялык иш чаралардын мааниси (Кыргызстандын мисалында).Бул багытта окутуучу Капарова Г. иштеп жатат. Илимий жетекчиси г.и.к. доцент Аккулов А.