«Эң жакшы тарбия иштерин жүргүзгөн декандын орун басары» сынагынын жобосу

ОшМУнун «Эң жакшы тарбия иштерин жүргүзгөн декандын орун басары»

сынагынын жобосу

1. Жалпы жобо

1.1. Сынак ОшМУнун факультет, колледждеринин декандын тарбия жана контракт иштери боюнча орун басарларынын ортосунда жүргүзүлөт;

1.2. Сынактын максаты факультет, колледждердеги тарбия иштерин жакшыртууну жана тарбия берүүчүлөрдүн бул багытка кызыгуусун жаратууну көздөйт.

2. Сынакты өткөрүүнүн тартиби

2.1. Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн тарбиялык иштердин факультет, институттарда ырааттуу жана сапаттуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу эң жакшы тарбия иштерин жүргүзгөн декандын орун басары аныкталат. Баалоо упай берүү аркылуу жүргүзүлөт.

Көрсөткүчтөр

Упайы

Нормативдик базасы

1. КРнын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамы;

2. КРнын «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамы;

3. КРнын «Спорт жана дене тарбиясы жөнүндөгү» мыйзамы;

4. ЖОЖдордогу Жаштар иштери боюнча комитеттер жөнүндөгү жобо;

5. ОшМУнун Уставы;

6. ОшМУнун тарбия иштери боюнча концепциясы;

7. ОшМУнун кураторлору жана кураторлук сааттар жөнүндөгү жобосу;

8. ОшМУнун жатаканалары жөнүндөгү жобосу;

9. ОшМУнун жаштар комитеттери жөнүндөгү жобосу;

10. ОшМУнун декандын тарбия иштери боюнча орун басары жөнүндө жобо;

11. ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын жобосу.

20

Иш пландар

Факультет жана колледждин тарбия иштери боюнча иш планы бекитилгенби;

5

Кафедралардын тарбиялык иштер боюнча иш планы жана педагогикалык сапаты кандай, бекитилгенби;

5

Ар бир куратордун тарбиялык иш планы жана тайпаларга өтүүчү тарбиялык сааттарынын темалары белгиленгенби, педагогикалык сапаты кандай, бекитилгенби;

5

Жаштар комитетинин иш планы жана бекитилгенби;

5

Студенттик акыйкатчынын иш планы;

5

Жатаканадагы студенттик кеңештин иш планы;

3

Тарбиялык иштердин аткарылышы

Факультеттеги тарбиялык иштердин аткарылышы туурасында декандын тарбия иштери боюнча орун басарынын Окумуштуулар Кеңешинде отчет берүүсү;

10

Кафедралардын тарбиялык иштерин факультеттин Өндүрүштүк жыйындарында каратуусу (бул тууралуу жыйындын токтому же комиссиянын жыйынтыктары);

10

Кураторлордун тарбиялык иштер боюнча отчету кафедрада семестр сайын уюштурулушу;

10

Ар бир студенттик тайпа үчүн куратордук сааттар факультеттин окуу жадыбалына коюлуусу;

3

Студенттик тайпаларга жума сайын тарбиялык сааттардын өтүлүшүн деканаттын текшерип туруусу (текшерүү журналы, куратордук сааттарды өтпөгөн окутуучулар жөнүндө деканга, кафедрага билдирүүлөрдүн көчүрмөсү);

20

Ар бир куратор өз студенттик тайпасындагы эң көп сабак калтырган жана жетишүүсү начар студенттердин тизмесин декандын тарбия иштери боюнча орун басарына ай сайын жазуу түрүндө билдирип туруусу;

20

Декандын тарбия иштери боюнча орун басары айына бир жолу эң көп сабак калтырган жана жетишүүсү начар студенттер менен тарбиялык иш жүргүзүүсү;

20

Кураторлордун тарбиялык максатта студенттердин ата-энелери менен болгон байланышы (бул боюнча далилдүү маалыматтар)

5-20

Декандын тарбия иштери боюнча орун басары менен кураторлордун жатаканалар менен иштөөсү (кандай иштерди жүргүзгөндүгү боюнча маалыматтар, жатакана коменданттарынын тастыктоосу менен);

1-10

Жаштар комитетинин структуралык курамы түзүлгөнбү:

Окуу сектору, спорт сектору, илим сектору, маданий-уюштуруу сектору, социалдык сектору, кыздар кеңеши,

«Брейн-ринг» сектору, дискуссия клубу, дебат клубу, КВН.

10

Илим сектору тарабынан айына бир жолу студенттик илимий кереге гезит чыгаруу (гезиттин түп нускасы көрсөтүлөт);

20

Семестрде бир жолу тайпалык, курстар аралык спорттук мелдештердин уюштурулуусу;

10

Факультеттин спорттук курама командаларын түзүү (алардын аты-жөнү, машыгуу графиктери);

5

Факультетте өткөрүлгөн тарбиялык маданий-массалык иш чаралар; (ар бир иш чарага 5-20га чейин упай берилет)

5-20

Университеттик деңгээлде уюштурулган маданий-массалык иш-чараларга факультеттин катышуусу; (ар бир иш чарага 50дөн студент катышса 10 упай берилет)

10

Факультеттеги турмуш шарты өтө оор, ата-энеси жок, майып студенттердин тизмесинин такталуусу;

3

Факультеттеги кыздар кеңешинин тарбия багытындагы жүргүзгөн ишмердүүлүктөрү;

5-20

Декандын тарбия иштери боюнча орун басары менен кураторлордун айына бир жолку иштиктүү жыйыны

(жыйындын күн тартибинин көчүрмөсү);

10

Семестрде бир жолу сабактар боюнча, кругозордук суроолор боюнча интеллектуалдык «Брейн-ринг» уюштурулуусу (жарыясынын көчүрмөсү ж.б. маалыматтар);

10

1-2-3-4-курстарда дискуссия клубдарды түзүү

(клубдун мүчөлөрүнүн тизмеси). Айына бир жолу дискуссия уюштуруу (дискуссиянын темасы жана жарыясынын көчүрмөсү);

10

1-2-3-4-курстарда дебаттык клубдарды түзүү (клубдун мүчөлөрүнүн тизмеси). Айына бир жолу дебаттык мелдештерди уюштуруу (дебаттын темасы жана жарыясынын көчүрмөсү);

20

Факультеттин КВН командасын уюштуруу (алардын аты-жөнү);

3

Айына бир жолу массалык түрдө театрга барууну уюштуруу (спектаклдин аты, жарыясынын көчүрмөсү, театр менен тактоо);

10

Ош шаарындагы музейлерге барууну уюштуруу (студенттик тайпалар барышканбы, музей менен тактоо);

7

Айына бир жолу массалык студенттердин катышуусунда поэзия кечесин уюштуруу (кайсы акын менен өттү);

10

Адистиктерге байланыштуу илимпоз адамдар, аспиранттар менен жолугушууларды уюштуруу (ким менен өткөнүн тактоо);

5

Университеттик деңгээлде өткөзүлгөн маданий-массалык конкурстарда факультеттин командалары ийгиликке жетишсе:

1- орунга

25

2-орунга

20

3-орунга

15

Факультетке ардак такта уюштуруу

5

Өткөрүлгөн иш чаралардын сайттарга, гезит-журналдарга жарыяланышы

20

Эскертүү: Ректорат, департамент тарабынан берилген иш тапшырмалар аткарылбаса, топтолгон упайынан кемитилет.

3. Финансылык каржылоо

3.1. Сынакты финансылык каржылоо ОшМУнун ички бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт;

3.2. Бул сынактын жалпы сыйлык фонду – … (…) сом.

4. Уюштуруу тобу

4.1. «Эң жакшы тарбия иштерин жүргүзгөн декандын орун басары» сынагы боюнча ОшМУнун биринчилигин уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан жүргүзүлөт.

4.2. Уюштуруу тобунун курамына: университеттин администрация жетекчилеринен, профессордук-окутуучулар курамынан, профсоюз уюмунан, аялдар кеңешинен, жаштар комитетинен, студенттик акыйкатчы аппаратынан, студенттерден өкүлдөр кирет.

5. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу

5.1. Сынактын жыйынтыгын атайын түзүлгөн комиссия окуу жылынын аягында чыгарат;

5.2. Сынактын жеңүүчүлөрү эң көп упай топтогонуна карата аныкталат;

5.3. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо:

1-орун – ОшМУнун Ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык;

2-орун - ОшМУнун Ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык;

3-орун - ОшМУнун Ардак грамотасы, … (…) сом акчалай сыйлык.

5 .4. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар ОшМУнун күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылат.