«ОшМУнун идеалдуу түгөйү» сынагынын жобосу
«ОшМУнун идеалдуу түгөйү» сынагынын жобосу
I. Сынактын максаты
 Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу;
 Cтудент жаштардын эстетикалык табитин арттыруу;
 Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу;
 Таланттуу студенттерди табуу жана алардын жөндөм шыктарын өстүрүү;
 Таланттуу студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү;
 Сүйүүнү, махабатты даңазалоо.
II. Сынактын катышуучулары
Катышуучуларга коюлуулу талаптар:
 Сынакка таланттуу, ички дүйнөсү бай, интеллектуал жаш улан-кыздар факультеттин жетекчилигинин сунушу менен катыша алат;
 Сынактын катышуучулары сөзсүз түрдө ОшМУнун студенти болуп, ошондой эле кастингде өзүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүсү керек.
III. Сынакты өткөрүүнүн тартиби
 Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт;
 Сынак 5 турдан турат;
 Сынак кыргыз жана орус тилинде өткөрүлөт;
 Сынак массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка чагылдырылат;
 Баалуу белектер жана номинациялар уюштуруу тобу тарабынан бекитилет.
IV. ОшМУнун факультеттеринин декандын тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын жана ЖК төрагаларынын милдеттери
 Сынак боюнча студенттерге маалымат берүү;
 Сынакка катышуучу студенттерди (бир жигит, бир кыз) табуу жана аларга сынактын шарты, өтүү тартиби менен тааныштыруу;
 Сынактын катышуучуларын уюштуруу тобу менен байланыштыруу жана **күнү кастингге алып келүү (ОшМУнун жаштар комитети, 120-каб., тел.: 2-26-33).

V. Сынактын программасы I тур.Саламдашуу: «Сүйүү жана тагдыр» - түгөйлөр өздөрүнүн биринчи таанышкан күнүн сценка менен көрсөтүшөт (4 мүнөт);
II тур. «Эң мыкты серенада» - конкурсанттар серенада (сүйүү ырын) аткарууга тийиш (4 мүнөт);
III тур. «Мен сени сүйөм … » - түгөйлөр бири-бирине сүйүүсүн романтикалуу билдиришет (4 мүнөт);
IV тур. «Кырдаалдан чыгуучу суроолор» - алып баруучулар түгөйлөргө суроолорду беришет;
V тур. «Үй тапшырмасы» - бий (4 мүнөт).
VI. Факультеттер аралык конкурс
 Эң мыкты сүйүү каты;
 Эң көп сүйүү катын алган кызды жана жигитти аныктоо.
VII. Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары
 иш чараларды сынактын жадыбалы боюнча уюштуруу;
 калыстар тобунун курамын бекитүү;
 сынактын өтүшү жана жыйынтыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыялоо;
 сынактын шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган катышуучуларды сынактан четтетүү;
 зарыл учурда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.
VIII. Калыстар тобу  калыстар уюштуруу тобу тарабынан аныкталат;
 калыстар тобунун мүчөлүгүнө ыйгарылуучу номинациялар боюнча профессионалдуу адистер, хореографтар жана маданият тармагындагы белгилүү инсандар дайындалат;
 калыстар тобунун чечими талкууга алынбайт жана өзгөрүлбөйт.
IX. Ыйгарылуучу номинациялар
Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан төмөндөгүдөй номинациялар ыйгарылат:
 «ОшМУнун идеалдуу түгөйү»
 «ОшМУнун көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон түгөйү»
 «ОшМУнун интеллектуалдуу түгөйү»
 «ОшМУнун таланттуу түгөйү»
Катышуучуларга белектер, дипломдор, Ош шаарынын эң мыкты эс алуу жайларына романтикалуу кечки тамактанууга жолдомолор берилет жана жеңүүчүлөр «Лимузин» автоунаасы менен жеткирилет. Кошумча номинацияларды жана белектерди берүү уюштуруучулардын, демөөрчүлөрдүн укугуна кирет.
X. Сынактын өткөрүлүүчү жайы жана убактысы: «ОшМУнун идеалдуу түгөйү» сынагы ***** -жылдын ***** күнү саат ***** С.Ибраимов атындагы ОУДТда өткөрүлөт. Эскертүү:
 Сынактын шарттарын берилген убакыттын ичинде аткаруу (регламентти сактоо);
 Сынак учурунда атааңдаштарынын дарегине шек келтирбөө;
 Сынакка катышууну каалагандар **** -жылдын ***** чейин уюштуруу тобуна кайрылууга тийиш.
Уюштуру тобу:
ОшМУнун тарбия департаменти жана жаштар комитети;
Байланышуу дареги:
ОшМУ, башкы имарат, 120-кабинет (ЧАЗ), тел.: 2-25-26, 2-26-33.