Факультеттер аралык студенттеринин спартакиадасынын жобосу

ОшМУнун факультеттер аралык студенттеринин спартакиадасынын

ЖОБОСУ

1. Мелдештин максаты жана милдети

- Студенттердин ортосундагы байланышты, достук мамилелерди арттыруу;

- Студенттерди сергек жашоого үгүттөө;

- Универсиадага катышуу үчүн мыкты спортсмендерди, курама командаларды спорттун түрүнөн тандап алуу;

2. Мелдешти өткөрүүнү жетектөө

- Ош МУнун администрациясы, педагогика жана дене тарбия факультетинин дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы кафедрасы жана факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы

3. Мелдештин катышуучулары

- ОшМУнун күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттери

(AVN карточкасы, зачеттук китепчеси менен келүүсү зарыл)

4. Мелдешти өткөрүү мөөнөтү жана орду

- Мелдештин ачылышы: 2017-жылдын 1-ноябрында саат 13:00дө Ош МУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин алдындагы спорт аянтчасында болот. 2017-жылдын 1-ноябрь күнү саат 9:00дө волейбол (кыздар, балдар) боюнча командаларга чүчүкулак тартылат.

5. Мелдештин графиги.

Спорттун түрү

Убактысы

Өтүлүү жайы

Калыстар

1

Волейбол (балдар)

01.11.2017ден

02.11.2017ге чейин

Биофактын спорт залы

Башкы калыс -Исманов С.

Мүчөлөрү –Даминов Т.,

Камилов Р., Келдибай уулу Н.

0776 82-87-78

2

Волейбол (кыздар)

01.11.2017ден

02.11.2017ге чейин

Педфактын спорт залы

Башкы калыс -Ысмаилова Н.

Мүчөлөрү – Нышанов Ж.,

Рахманбердиева К., Абдыкадыр кызы А.

0772 41 99 56

3

Баскетбол (балдар)

03.11.2017ден

04.11.2017ге чейин

Биофактын спорт залы

Башкы калыс -Жоробеков Р., Мүчөлөрү –Молдоалиев М.,

Мөнөкбаев А., Нурматов К.

0770 18 51 63

4

Баскетбол (кыздар)

03.11.2017ден

04.11.2017ге чейин

Педфактын спорт залы

Башкы калыс -СулаймановаИ.,

Мүчөлөрү –Молдоалиев М.,

Мөнөкбаев А., Абдыраманов Ө., Уланбек уулу К.

5

Ордо

02.11.2017ден

03.11.2017ге чейин

Педфактын алдындагы спорттук аянтча

Башкы калыс -Жусубалиев М,

Мүчөлөрү- Назиров А., Жолдошов А.

0778 56 54 23

6

Шахмат

02.11.2017ден

03.11.2017ге чейин

Педфактын 316-аудиториясы

Башкы калыс -Алдашүкүров Р.,

Мүчөлөрү-Шералиев К.

0773 88 02 76

7

Стол тенниси

03.11.2017ден

04.11.2017ге чейин

Биофактын спорт залы

Башкы калыс -Тойчуев Ш.,

Мүчөлөрү-Зарылбек уулу Н.

0772 78 88 41

8

Тогуз коргоол

02.11.2017ден

03.11.2017ге чейин

Педфактын 317-аудиториясы

Башкы калыс -Мурзакаримова Г.,

Мүчөлөрү- Үсөн уулу Ж.

0778 02 26 44

6. Мелдешти өткөрүү тартиби

Волейбол

- Командалардын келишине жараша оюндун тартиби такталат. Эгерде 6 жана андан көп команда келсе 2 тайпага бөлүнүп. Тайпалардын арасында эки жолу жеңилген команда оюндан четтетилет. Эгерде командалар 5 тен төмөн болсо баардык командалар айлампа түрүндө беттешет. Ар бир оюн 3 партия менен жыйынтыкталат.

- Тайпадан утуп чыккан командалар финалдык оюнда (стык) тайпадан 1-орунду ээлеген командалар 1-2-орунга, 2-орунду ээлеген командалар 3-4-орунга ойношот.

- Финалдык оюндар 5 партия менен жыйынтыкталат.

- Мелдеш азыркы колдонуп жүргөн эреженин негизинде жүргүзүлөт.

- Уткан командага 2 упай, утулган командага 1 упай жана оюнга келбей же катышпай койгон командага 0 деген упай берилет.

Шахмат, Тогуз коргоол, Стол тенниси

Ар бир командадан 2 эркек, 2 кыз оюнчуну катышат, ар бир команданын беттешүүсү 5 партия менен жыйынтыкталат.

- Эгерде 2 команданын оюнунун жыйынтыгы бирдей болуп калса 2ден шерик (парный) болуп оюнду жыйынтыктайт.

- Уткан командага 2 упай утулган командага 1 упай оюнга келбей же катышпай койгон командага 0 деген упай берилет.

- 1-ракетка жана 2- ракетка оюндун акырына чейин мелдешти алмашпай ойноп бүтүрүшөт.

Ордо

- Ар бир факультеттен беш оюнчу катышат. Оюн эки тайпага бөлүнүп өткөрүлөт. Оюн ордо оюнунун эрежеси менен жыйынтыкталат.

7. Нааразычылык (протест) жазуу

Нааразычылык жазган команда 1 сааттын ичинде жазуусу зарыл. Нааразычылык жазган команда 500 сом өлчөмдө төлөм төлөнгөндөн кийин каралат. Эгерде нааразычылык канааттандырылса төлөм суммасы командага кайтарылат. Канааттандырылбаса төлөм мелдештин фондуна которулат.

8. Сыйлоо:

Ош МУнун 1-2-3-даражадагы грамоталары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланат.

9. Өтүнүч (заявка)тапшыруу мөөнөтү, жазуу үлгүсү

Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык 1-курстун студенттеринин спартакиадасына катышуу үчүн ______________ факультетинин курама командасынын

Өтүнүчү

Ф.И.О

Туулган жылы

Факультети

Тайпасы

Врачтын колу

1

2

Окуу жайдын жетекчиси _____________________________________

Команданын капитаны _____________________________________

Врачтын колу _____________________________________

Өтүнүч тапшыруу мөөнөтү:

Спорттун түрү

Убактысы

Өтүнүчтү кабыл алуучу калыс

1

Волейбол (балдар)

31.10.2017ге чейин

Башкы калыс -Исманов С.

2

Волейбол (кыздар)

31.10.2017ге чейин

Башкы калыс -Ысмаилова Н.

3

Баскетбол (балдар)

01.11.2017ге чейин

Башкы калыс -Жоробеков Р.,

4

Баскетбол (кыздар)

01.11.2017ге чейин

Башкы калыс -СулаймановаИ.,

5

Ордо

01.11.2017ге чейин

Башкы калыс -Жусубалиев М,

6

Шахмат

01.11.2017ге чейин

Башкы калыс -Алдашүкүров Р.,

7

Стол тенниси

01.11.2017ге чейин

Башкы калыс -Тойчуев Ш.,

8

Тогуз коргоол

01.11.2017ге чейин

Башкы калыс -Мурзакаримова Г.,

Жогорудагы графикте көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырылбаган командалардын өтүнүчү кабыл алынбайт. Белгиленген убакыттан кечиккен командалар оюнга киргизилбейт.

Эскертүү: Ар бир факультеттен мелдешке катышуучу командалар бирдей түстүү спорттук формада катышуусу зарыл. Ар бир команда стол тенниси боюнча өздөрү ракеткасы менен келүүсү зарыл.

Мелдеш учурунда тартип бузган студенттерге ар бир факультеттин жетекчилиги жооп берет.

Жалпы жоопкерчилик кафедра башчылары Ы.Райымбердиев, К.НурматовгоРайымбердиев Р, Нурматов жана “Жаштык” спорт клубунун төрайымы И.Сулаймановага милдеттендирилет.

Мелдештин башкы калысы:

Факультеттер аралык дене тарбия

кафедрасынын улук окутуучусу: Сулайманова И.

Мелдештин катчысы:

Факультеттер аралык дене тарбия

кафедрасынын окутуучусу: Хангелдиев Т.

Макулдашылды:

Факультеттер аралык дене тарбия

кафедрасынын башчысы: Нурматов К.

Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана

Методикасы кафедрасынын башчысы: Райимбердиев Ы.