Educational work

Новости Архив


ТАРБИЯ (Воспитание) — өнүгүп келе жаткан адамга коомдун таасир бериши.

       Математика жана информациялфык технологиялар факультетинде декандын тарбия иштери боюнча орун басары тарабынан түзүлгөн иш планына ылайык тарбия иштери жүргүзүлөт. Кураторлордук пландын негизинде кураторлор студенттер менен тыгыз иш алып барышат. Окуу жылында бекитилген графикке ылайык, окутуучулар, анын ичинде кураторлор №1 жатаканага барышат. Жатаканада мугалимдер жана кураторлор студенттеринин жашоосу менен таанышып, жекече баарлашуу өткөрүшөт. Математика жана информациялфык технологиялар факультетинин студенттери университет тарабынан жана андан тышкары жерлерде өткөрүлүп жаткан бардык иш-чараларга активдүү катышат. Жыл сайын студенттер Эл аралык карылар күнүнө арналган кайрымдуулук иштерин аткарышат. Университет жана факультет алкагында өткөрүлгөн ишембилике активдүү катышышат.
      Жыл сайын Математика жана информациялфык технологиялар факультетинин 1 жана 2-курсунун студенттерине Ош шаарындагы Ички иштер бөлүмүнөн студенттер менен иштөө боюнча полиция бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулуп, маектешүүлөр жана демонстрациялар болуп, бейбаштыктын алдын алуу жөнүндө тасмалар көрсөтүлөт.
       Математика жана информациялфык технологиялар факультетинин студенттери университеттин коомдук, маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышат:
       - биринчи курстун жумалыгы,
       - студенттердин демилгеси,
       - маданий иш-чаралар,
      - спорттук иш-чаралар ж.б.
      Университетде студенттердин лидерлик, чыгармачылык, спорттук таланттарын ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзөлгөн. Факультетте окутуучуларга жана студенттерге спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө көп көңүл бурулган.
 Урматтоо менен, “Математика жана информациялык технологиялар” факультетинин декандын тарбия иштери боюнча орун басары - Сатибай уулу Бектурсун.