Студенттердин негизги милдеттери
Студенттердин негизги милдеттери

(ОшМУнун №15-бюллетени, 2011-ж, 7-пункт)
7.1. ОшМУда окугандардын милдеттери:

• Окуу программасында жана пландарында каралган бардык сабактарга катышууга жана берилген бардык тапшырмаларды көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарууга;
• Тандалган адистик боюнча ийгиликтүү иштеп кетүү үчүн теориялык жана практикалык билимдерди, заманбап технологияларды терең өздөштүрүүгө;
• Тиешелүү окуу планы жана программасы боюнча каралган бардык тапшырмаларды көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарууга;
• Университеттин уставына ылайык бекитилген окуу пландарында көрсөтүлгөн мөөнөттө модулдук – рейтинг системаларын тапшырууга («AVN» информациялык системасы боюнча) жана билимдерди жыйынтыктоочу аттестациялардан өтүүгө;
• Окуу процессинин календарлык мөөнөттөрүн бузбоого, экзамен жана зачетторду расписаниеде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде тапшырып бүтүүгө;
• Коомдук жүрүм – турумдун жалпы эрежелерин сактоого жана университеттин кызматкерлерине жана жолдошторуна урмат менен мамиле кылууга;
• Жалпы маданиятыңды, адептүүлүк сапаттарыңды көрсөтүүгө умтулууга жана ден-соолугунду чыңдап өнүктүрүүгө;
• Окуу – тарбия иштерине жана турмуштагы жетишпестиктерге сын көз карашта болуп, аларга каршы турууда турмуштук активдүү позицияны ээлөөгө:
• ОшМУнун окуу жана башка имаратарына, эмеректерине, окуу жана лабораториялык куралдарына, китептерине аяр мамиле жасоого. Атайын уруксатсыз ОшМУнун имараттынан, лабораторияларынан, жатаканаларынан, аудиторияларынан эмеректерди жана окуу каражаттарын сыртка алып чыкпоого:
• ОшМУга кетирген материалдык чыгымдары КР тиешелүү мыйзамдарынын чегинде материалдык жоопкерчиликке тартууга;
• Эмгекти коргоо жана техникалык, өрт коопсуздуктарын сактоого:
• Жатаканада жашоо тартиптерин бузбоого, ОшМУнун уставдык жана ушул жазылган эрежелерди сактоого.
7.2. Эгерде ооруп калсаң деканатка атайын үлгүдөгү медициналык справка беришин керек, анткени жуйөөсүз себептер менен бир окуу семестринин ичинде 60 сааттан ашык сабакка келбегендер окуудан чыгарылат. Сабакка жүйөөлүү себептер менен катышбай калган учурда, окуу жайына келген биринчи кундө эле факультеттин деканатына сабакка келбей калган себептерин айгинелеп көрсөтүүгө;

7.3. Окуу аудиториясында окутуучулар же ЖОЖдун, факультеттин жетекчилери киргенде, ордунан туруп урмат көрсөтүүгө:

7.4. ОшМУда окуган студент коомдук жайларда, күнүмдүк турмушунда студент атын барктуу алып жүрүү үчун сырткы келбетине көз салып, өзүн тартиптүү жана адептүү алып жүрүүгө тийиш: