ОшМУнун жатаканлар боюнча координатору
Ош МУнун жатаканалар боюна координатору Абылкасым уулу Канатбек.
Абылкасым уулу Канатбек 2015-жылдын 15-май айында ушул кызматка дайындалган. Координатордун ишмердүүлүгү Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2010-жылдын 15-февралындагы №6-жыйынында бекитилген “Ош мамлекеттик университетинин жатаканалар жөнүндөгү жобосуна” ылайык жүргүзүлөт.
X. Ош МУнун жатаканалары боюнча координатору милдеттүү:
10.1. Окуу жылынын башында жатаканада өткөрүлүүчү бир жылдык иш чаралардын планын иштеп чыгууга, тарбия департаментинин директору тарабынан бекиттирүүгө жана коменданттарга, студенттик кеңештин төрагаларына таркатууга;
10.2. Жаңы окуу жылы башталаарда жатаканалардын ремонтун жана санитардык-гигиеналык абалын текшерип чыгууга;
10.3. Студенттерди жатаканага жайгаштырууга жана жайгашып жаткан учурда келишимдик акынын толук төлөгөндүгүн, медициналык кароодон өткөндүгүн, кылдат текшерип, андан кийин жашоо үчүн ордер берүүгө; 10.4. Жашоочулар менен пикир алышып турууга жана студенттерден түшкөн каттарды, доо арыздарды канааттандырууга;
10.5. Жатаканалардын санитардык, электрдик-техникалык коопсуздук абалын текшерүү боюнча атайын рейддерди уюштурууга;
10.6. Жатакананын материалдык-техникалык каражаттарын, газ, жылуулук, электр системаларын максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылуусун көзөмөлдөөгө;
10.7. Жатаканалар арасында конкурстарды, талкууларды, маданий-массалык жана спорттук иш чараларды ырааттуу түрдө мезгил-мезгили менен уюштурууга;
10.8. Жатаканада көйгөйлүү маселелер жаралган учурда тарбия департаментинин директоруна кабарлоого;
10.9. Семестрдин аягында студенттик кеңештин отчетун алууга;

XI. Ош МУнун жатаканалары боюнча координатору укуктуу:
11.1. Коменданттын сунушу менен жатакананын студенттик кеңешинин төрагасын дайындоого;
11.2. Студенттик кеңештин иш-пландарын бекитүүгө жана алардын аткарылышын түздөн-түз көзөмөлдөөгө;
11.3. Жыл жыйынтыгы боюнча жана даталуу майрамдарга карата маданий-массалык, коомдук, спорттук иш чараларга активдүү катышкан студенттерди сыйлоо (ардак грамота, акчалай сыйлык ж.б.) жөнүндө окуу жайдын жетекчилигине сунуштоого;
11.4. Одоно тартип бузган студенттерди жатаканадан чыгарууга;
11.5. Өз ишин так аткарбаган студенттик кеңештин төрагасын алмаштырууга.