News Архив

Faculty of mathematics and Informational technology
Кызматтык милдеттер


Урматтуу келечектин ээси болгон жаштар!

      Бүткүл адамзат коомунда прогрессивдүү өзгөрүүлөрдүн ишке ашышынын негизи бул жаштарга заманбап сапаттуу билим берүү менен бирге көз ирмем сайын жаңылыктарды жараткан маалымат технологиясын талапка ылайык терең өздөштүрүүсүнө жетишүү болуп саналат. Ал эми коомубуздун өнүгүүсүн, экономикасын прогноздоодо жана оптималдуу чечимдерди табууда б.а. математикалык моделдерди түзүүдө математика илимин терең өздөштүрүүнү жана сапаттуу билим алуу заманыбыздын талабы. Математика жана маалыматтар технологиясы факультетинин миссиясы КРнын эл чарбасынын бардык тараптан өнүгүүсүнө салымын кошо турган эртеңки күндүн лидерлерин, алдыңкы саптагы информациялык технологиялар жана системалар, экономика, математика адистиктери боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо болуп эсептелет.
      Математика жана информациялык технологиялар факультети 80 жылдык тарыхы бар факультет болуп саналат. Биздин факультеттин бүтүрүүчүлөрү азыркы мезгилде “КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, “КРнын илимине эмгек сиңирген кызматкер” наамын алган ондогон атактуу илимпоздорубуз, мугалимдерибиз, ИИМдин, УКМКнын генералдары, акимдер, б.а. бардык тармакта алдыңкы кызматкер, жетекчи болуп иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз бар. Биздин факультет ШОСтун мүчөсү болуп кирген. Факультет ички жана илимий потенциалына таянып, заманбап квалификациялуу кадрларды даярдоодо өз салымын кошо берет.
      Өлкөбүздүн келечеги болгон жүрөгүндө жалыны бар, Эгемендүү Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон патриот УЛАН-КЫЗДАР үчүн ОшМУнун, анын ичинде Математика жана информациялык технологиялар факультетинин эшиги дайыма ачык!
      Урматтоо менен, У.А. Сопуев “Математика жана информациялык технологиялар” факультетинин деканы, ф.-м.и.к., доцент.