IRBIS 64

КИТЕПКАНАНЫН АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН СИСИТЕМАСЫ

АЖО «Админстратор» - (АРМ « Админстратор ») - системадагы бардык маалымат базаларды түзүү жана алардын толук акутуалдуу абалынын сакталышын көзөмөлдөөчү жумушчу орун болуп саналат.

АЖО «Каталогдоочу» - (АРМ «Каталогизатор») - жаңы түшкөн окуу китептердин, университеттин окуу программасында бекитилген адабияттардын, авторефераттардын, диссертациялардын, монографиялардын, илимий-популярдык макалалардын, мезгилдүү басылмалардын электрондук каталогун түзүүчү автоматташтырылган жумушчу орун болуп эсептелет.

АЖО «Комплектөөчү»- (АРМ «Комплектатор») - бул китепканалык фондду маалымат базага каттоо менен комплектөө жана китепканалык фонддун эсебин алуу функциясын аткаруучу жумушчу орун болуп эсептелет.

  • басылмага берилген буйрутмалардын аткарылышын көзөмөлдөө;
  • аткарылбай калган буйрутмаларды текшерүү;
  • партия менен келген жаңы китептердин документтерин бухгалтерия менен биргеликте түзүү (КСУ);
  • жаңы басылмалардын электрондук каталогун түзүү ( ЭК),
  • китепканалык фонддун эсебинен чыккан китепетерди башка базага өткөрүлгөн базадан чыгаруу( списание ).

«Окурман» МБ (БД «Читатель») - бул китепканадан пайдаланууда окурмандарды китепканага жаңыдан каттоону жөнгө салуучу автоматташтырылган маалыматтык база болуп эсептелет.

АЖО «Окурман» (АРМ «Читатель») - бул китепканадан пайдаланууда электрондук каталогдон керектүү адабияттарды издеп табууда, буйрутма ( заказ) берүү жана буйрутмасыз китеп алууда колдонулуучу автоматташтырылган жумушчу орун болуп эсептелет.

АЖО “Китеп берүүчү (АРМ «Книговыдача»)- китепканадан окуу китептерди, адабияттарды, усулдук колдонмолорду, сөздүктөрдү, гезит – журналдарды ж.б. окурмандарга берүү жана кайтарып алуу функциясын аткаруудагы колдонуулуучу автоматташтырылган жумушчу орун болуп эсептелет.

>
ИРБИС 64 системасынын толук түрдөгү колдонмосу