News Архив

2189 15:00 18-01-2017

Тренинг

Өткөрүлгөн иш чаралар

1-март 2017-жылы ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулган«Эл аралык байланыш: проекттер менен иштөө, билим берүүнү экспорттоо, мобилд үүлүк» деген темада иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чараны ФЮКтун директору, доцент Тамара Акматованын колдоосу менен директордун эл аралык байланыштар боюнча орун басары Райимбердиева Жаннат алып барды.

Иш-чараны ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору,доцент Абдувалиев Абдыганы Осмонович ачып берди.

Иш-чарага катышуучулар:

1. Ош шаарындагы «Кызыл жарым ай коомунун» директорунун орун басары Сабиров Азамат Медерович

2. Ош шаарындагы «Кызыл жарым ай коомунун» 1-жардам көрсөтүү боюнча тренери Раимова Кылымбүбү

3. Чет тилдер факультетинин улук окутуучусу Койлубаева Бурулча Кожоновна

4. Ош шаарындагы «АЙСЕК» эл аралык жаштар коомунун Локалдык комитетинин президенти Мамадалиева Адина

5. ОшМУнун эл аралык байланыш бөлүмүнүн адиси:Шеранова Нуржамал

Мындан тышкары, ФЮКтун жалпы жамааты, студенттери катышышты.

Иш-чаранын максаты: ОшМУ менен кызматташтык келишими бар эл аралык уюмдар менен жакындан таанышуу, проект жазуу боюнча маалымат алуу, билим экспорту жана мобилдүүлүктү күчөтүү боюнча маселелер каралып, презентациялар жасалып сунуштар айтылды. Эл аралык уюмдар, ички жана тышкы ЖОЖдор менен болгон байланыш мындан кийин күчөтүлөөрү Райимбердиева Ж. тарабынан баса белгиленди.