Vice-rector of economics and finance.
Штаттык жадыбал жана айлык акы           Сметада көрүнүп тургандай, 2014-жылы эмгек акыга 272244,6 миң сом сарпталды. Эмгек акы төлөөдө ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын жана башка категориядагы кызматкерлердин эмгегин материалдык стимулдаштыруу максатында кошумча айлык акыларды берүү иштери жүргүзүлдү.
      ОшМУнун окутуучу-профессордук курамынын жана башка жумушчуларынын эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.01.2011-жылдагы №18 «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шартын киргизүү жөнүндөгү» жана 23.08.2011-жылдагы № 489 “Социалдык чөйрөдө эмгектенген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдардын кызматтык окладдарын бекитүү жөнүндө” токтомдору боюнча төлөнүп келе жатат.
      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25-март 2002-жылдагы №161 “Өзгөчө кырдаалдарда колдонулуучу эмгек акы жөнүндө” токтомунун негизинде айрым категориядагы кызматкерлерге ден соолукка зыян келтирүүчү иш орундары үчүн кошумча төлөмдөр төлөнүп жатат.
      Окумуштуулук даражасы үчүн кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 4-июнь, 2006-жылдагы №492 «Окумуштуулук даражасы үчүн кошумча акы төлөмдөрдү белгилөө жөнүндөгү» токтомунун негизинде илимдин докторлоруна – 600 сом, илимдин кандидаттарына – 300 сом өлчөмүндө төлөнөт.
      Кыргыз Республикасынын 30-апрель, 2003-жылдагы №92 «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык стажы үчүн кошумча акы төлөп берүү жөнүндөгү көрсөтмөсүнүн негизинде стаж үчүн кошумча акы 5 жылдан жогору – 10%, 10 жылдан жогору – 20%, 15 жылдан жогорку стаж үчүн – 30% төлөнөт.
      Материалдык стимулдаштыруу жана ОшМУнун окутуучу-профессордук курамы жана башка категориядагы кызматкерлердин кызыкчылыктарын көтөрүү үчүн университеттин администрациясы эмгек акыны жогорулатуу боюнча белгилүү иш чараларды кабыл алып келет.
Маселен, 16.01.2007-жылы №13 буйрук менен, атайын каражаттардын эсебинен илимдин кандидаттарына кошумча – 1720 сом, илимдин докторлоруна – 2440 сом айына белгиленген, 02.04.2007-жылы №88, § 3-буйругу менен материалдык стимулдаштыруу коэффициенти киргизилген жана башка бир топ чаралар көрүлгөн, алар эмгек акынын туруктуу өсүшүн камсыз кылган.
      Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2011-жылдагы №545 «Маалымат, искусство жана маданият тармагындагы мекемелерде иштеген жумушчулардын иштеген жылдары үчүн үстөк акылары жөнүндөгү» токтомуна ылайык, 2012-жылдын 1-январынан баштап университеттеги китепкана кызматкерлерине үстөк акы төлөнүп берилүүдө.       ОшМУнун Административдик Кеңешинин 2012-жылдын 23-январында каралган “Университеттин кызматкерлеринин айлык акылары жөнүндө” деген маселе боюнча кабыл алынган №16 чечимдин негизинде ар түрдүү категориядагы кызматкерлерге атайын каражаттардын эсебинен 2012-жылдын 1-февралынан баштап эмгек акы жогорулатылган.
Административдик Кеңештин 2012-жылдын 24-октябрындагы №9 чечими менен университеттин кызматкерлеринин эмгек акысы экинчи жолу 1-октябрдан баштап төлөндү.
      ОшМУнун Административдик Кеңешинин 2014-жылдын 21-январында каралган “Профессордук-окутуучулук курамга, административдик-башкаруу, окуу-көмөкчү персоналдарга кошумча эмгек акы төлөп берүү жөнүндө” аттуу маселе боюнча кабыл алынган №15 чечимдин негизинде атайын каражаттардын эсебинен 2014-жылдын 1-февралынан баштап эмгек акы жогорулатылган.
      ОшМУнун Администитративдик Кеңешинин 2014-жылдын 14-ноябрында каралган “Профессордук-окутуучулук курамга, админстративдик-башкаруу, окуу-көмөкчү, административдик-чарба персоналдарга кошумча эмгек акы төлөп берүү жөнүндө” деген маселе боюнча кабыл алынган №11 чечимдин негизинде атайын каражаттардын эсебинен 2014-жылдын 1-ноябрынан баштап эмгек акы көбөйтүлгөн. 2014-жылда кошумча акы төмөндөгүдөй өлчөмдө төлөнүп берилген:

I. Кошумча эмгек акы төлөөнүн өлчөмү
1.1. Окутуучу-профессордук курамга
Кызматтык орундардын аталышы
Кызматтык оклад
Кошумча акы
Жалпы эсептелгени
жалпысы
Профессор:
илимдин доктору, профессордук аттестат
8000
18000
31440
илимдин доктору, доценттик аттестат
7500
16250
28390
илимдин доктору, профессордук жана доценттик аттестатсыз
7000
15600
25390
илимдин кандитаты, профессордук аттестат
7500
15500
27270
илимдин кандитаты, доценттик аттестат
7000
14950
25720
окумуштуулук даражасыз, профессордук аттестат
7000
14750
23850
окумуштуулук даражасыз, доценттик аттестат
6500
12900
20450
окумуштуулук даражасыз, доценттик аттестатсыз
6000
11850
17900
Доцент:
илимдин доктору, доценттик аттестат
7500
15600
28390
илимдин доктору, доценттик аттестатсыз
7000
14900
25390
илимдин кандитаты, доценттик аттестат
7000
14600
25720
илимдин кандитаты, доценттик аттестатсыз
6500
13250
22870
окумуштуулук даражасыз, доценттик аттестат
6500
12000
20450
окумуштуулук даражасыз, доценттик аттестатсыз
6000
10850
17900
Улук окутуучу:
илимдин доктору
7000
13950
25390
илимдин кандитаты
6500
13050
22870
окумуштуулук даражасыз
6000
10700
17900
Окутуучу:
илимдин кандитаты
6000
11050
19670
окумуштуулук даражасыз
5500
8200
14250
Ассистент-стажер:
5000
7300
12300

2012-жылдын 23-январындагы №16 чечим (2012-жылдын 1-февралынан баштап):
- Административдик-башкаруу кызматкерлерине – 600 сом
- Окуу көмөкчү-кызматкерлерине – 600 сом
- Административдик-чарба кызматкерлерине (кенже-тейлөөчү кызматкерлерден башкасына) – 600 сом.
2012-жылдын 2-октябрындагы №9 чечим (2012-жылдын 1-октябрынан баштап):
- Административдик-башкаруу кызматкерлерине – 600 сом
- Окуу көмөкчү-кызматкерлерине – 600 сом
- Административдик-чарба кызматкерлерине – 600 сом
- Кенже-тейлөөчү кызматкерлерине – 300 сом.
- Декандар, окуу жайлардын директорлоруна – 1000-5000 сомго чейин
- Декандардын жана директорлордун орун басарларына – 1100-1600 сом
- Кафедра башчыларына – 1000 сом
- Тайпанын кураторлоруна – 200 сом
- Усулдук кеңеш башчыларына – 500 сом
- Практика башчыларына – 500 сом
2014-жылдын 21-январындагы №15 чечим (2014-жылдын 1-февралынан):
• Административдик-башкаруу персоналдарга: Ректор, проректор, директорлорго, бөлүм башчыларына – кызмат окладдарына кошумча акы – 50%, калган кызматкерлерге кошумча акы – 40%.
• Окуу-көмөкчү персоналдарга – кошумча акы кызмат окладдарына – 20%.
2014-жылдын 14-ноябрындагы №11 чечим (2014-жылдын 1-ноябрынан):
• Админстративдик-башкаруу персоналдарга: ректор, проректор, директорлорго, бөлүм башчыларына – 3500 сом
директор, бөлүм башчылар, башкы адис, юрист, окумуштуу катчы, жетектөөчү адис, бухгалтерлер, инженер-программисттер, библиотека башчылар ж.б.у.с. кызматкерлерге – 2500 сом
• Окуу-көмөкчү персоналдарга – кошумча акы – 1000 сом
• Административдик-чарба персоналдарга: начальник, бөлүм башчыларына – 1500 сом, калган кызматкерлерге – 1000 сом.
II. Декандар, окуу жайлардын директорлору жана алардын орун басарларына, кафедра башчыларына, кураторлорго, усулдук кеңештин төрагаларына, практика башчыларына төлөнүүчү кошумча акынын өлчөмү.
2.1. Декандарга жана директорлорго

Студенттердин саны

Сом

500гө чейин

1000

1000ге чейин

2000

2000ге чейин

3000

3000ге чейин

4000

3000ден жогору

5000

2.2. Декандардын жана директорлордун орун басарларына

Аталышы

Сом

Окуу иштери боюнча

1100

Сырттан окуу боюнча

1100

Тарбия жана контракт иштери боюнча*

1600

Илимий иштер боюнча

500

* факультеттеги студенттердин саны 2500 дөн көп болсо, декандардын контракт боюнча 1600 сом жана тарбия иштери боюнча орун басарларынын ар бирине 1100 (бир миң) сомдон төлөнөт. Декандын окуу иштери боюнча орун басарларынын саны факультеттердеги студенттердин санына карай дайындалган. 2.3. Кафедра башчыларына – 1000 (бир миң) сом 2.4. Тайпанын кураторлоруна – 200 (эки жүз) сом 2.5. Усулдук кеңештин төрагаларына – 500 (беш жүз) сом 2.6. Практика башчыларына – 500 (беш жүз) сом Бул эмгек акыны көбөйтүүнүн жыйынтыгы менен 2014-2015 окуу жылында 1 штаттык бирдиктеги профессордун айлыгы 27440 сомду, доцент 22420 сомду, ага окутуучу 15900 сомду, ал эми окутуучунун айлыгы 12400 сомду түздү. 2014-жылы профессордун, доценттердин, ага окутуучулардын жана окутуучулардын айлык маяналары 1500 сомдон баштап 4000 сомго чейин көбөйгөн. Ал эми 2013-2014-окуу жылында 1 штаттык бирдиктеги кызматкерлер үчүн айлык акылары төмөнкүдөй болгон: профессор 23440 сом, доцент 19120 сом, ага окутуучу 13600 сом, окутуучу 10400 сом. Окутуучу-профессордук курамдын эмгек акысынын өсүү динамикасын төмөндөгү диаграммадан көрсөк болот.


Диограмма №3


ОшМУда 2014-жылы атайын эсептен факты боюнча 272244,6 миң сом айлык акы эсептелген. Төмөндөгү диаграммада көрсөтүлгөндөй, анын ичинен 6,3% АБП, 6,7% АЧП, 5,7% ОКП, 81,2% ОПКнын ал эми 0,8% эмгек келишимдин негизинде убактылуу иштегендердин айлык акысы үчүн эсептелген.

Айлык акынын түзүлүшү

Диограмма №4


Орточо айлык акы

Аталышы

2009-2010

2010-2011

2011-2012

2012-2013

2013-2014

АБП (АУП)

7476

7539

8550

9961

11084

ОПК (ППС)

7471

7510

8740

9970

11716

ОКП (УВП)

4331

4884

5405

5792

8135

АЧП (АХЧ)

3539

4092

4232

4521

5432



Орточо айлык акынын өзгөрүү динамикасы