Vice -Rector of scientific works

Осумбеков Байышбек Зияйдинович , м едицина илимдеринин доктору, профессор , илимий иштер боюнча проректор

Осумбеков Байышбек Зияйдинович 1962-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Карасу районуна караштуу Жаны-Арык айылында туулган.

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 2 уулу бар.

Билими:

1970-жылы М.В.Калинин атындагы орто мектепке барып, 1980-жылы мектепти алтын медаль менен бүтүргөн.

1980-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институна «дарылоо» факультетине тапшырып, 1986-жылы бүтүргөн.

1986-87 – жылдары Ош облустук ооруканада «хирургия» адистиги боюнча 1 жылдык интернатураны аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

1987-92 жылдары Ош облустук ооруканада радиоизотоптук жана УЗИ бөлүмүндө врач-радиолог,

1992-95-жылдарда ушул бөлүмдө бөлүм башчы болуп эмгектенген.

1995-96-жылдарда Ош облустук оорукананын башкы врачынын хирургия боюнча орун басары болгон.

1996-97-жылдарда ушул эле оорукананын №1 хирургия бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштеген.

1997-2009-жылдары УЗИ бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштеген.

2004-жылы Бишкек шаарында Улуттук хирургия борборунда «Дифференциальная диагностика и малоинвазивное хирургическое лечение висцеральных и внутрибрюшных абсцессов» деген темада хирургия боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

1999-жылдан 2009-жылга чейин КГМИПиПК түштүк филиалында хирургия кафедрасында ассистент, доцент, профессордун милдетин аткаруучу болуп иштеген.

2009-жылдан 2010-жылдары Ош облустар аралык бириккен оорукананын 2-хируригия бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштеген.

2010-жылы Бишкек шаарында Улуттук хирургия борборунда «Стратегия малоинвазивной видеоконтрольной хирургии полостных и внеполостных гнойно-очаговых образований» деген темада доктордук диссертациясын жактаган.

2009-2010 жылы – ОшМУнун хирургиялык оорулар кафедрасында кафедра башчысынын милдетин аткаруучу.

2010-жылдан ушул убакка чейин ОшМУнун хирургиялык оорулар кафедрасынын профессору.

2007-жылы Б.З.Осумбековдун жетекчилиги астында Жунусов А.Т. «Чрескожные малоинвазивные вмешательства под контролем ультрасонографии при заболеваниях почек и околопочечной клетчатки» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.

Жалпысынан Б.З.Осумбеков 90ден ашык илимий эмгектери жергиликтүү жана чет элдик журналдарга жарыяланган: алардын 1 монография, 4 окуу методикалык пособия.

Сыйлыктары:

1. КР саламаттык сактоонун мыктысы – 2006-жыл;

2. КР саламаттык сактоо министирлигинин ардак грамотасы – 2010-жыл.

3. Ош шаардык кенешинин ардак грамотасы – 2011-жыл.

4. КР элге билим беруунун мыктысы – 2011-жыл

5. Жогорку Кенештин Ардак грамотасы – 2015 жыл.

6. Кыргыз Республикасынын Артак грамотасы – 2018 жыл

Мүчөлүк:

1. Россиянын хирургдар коомунун анык мүчөсү;

2. Россиянын эндоскопиясынын хирургдар коомунун анык мүчөсү;

3. Казакстан эндоскопиясын хирургдар Ассоциациясынын мүчөсү;

4. Россиянын Медицинада ультура үн менен дарт аныктоо адистеринин Ассоциациясынын мүчөсү;

5. КРдин радиологдор Ассоциациясынын Вице-президенти.