Executed work

2018-2019-окуу жылында Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 1-курсуна эки баскычтуу “Бакалавр - Магистр” системасы боюнча жана колледждге толук эмес орто билим (9-класс), толук орто билим (11-класс) базасында төмөнкү багыттар жана адистиктер боюнча абитуриенттер кабыл алынат.

Факультеттин адистиктери

Колледж

Окуу мөөнөтү: 9-класс базасында 2 жыл 10 ай; 11-класс базасында 1 жыл 10 ай). Колледждин бардык адистиктерине кабыл алуу экзамендин

негизинде жүргүзүлөт.

Адистиктери:

  • 230110. Эсептөө системалары каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө. Квалификациясы - техник. .
  • 220206 . Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (тармактар боюнча). Квалификациясы - техник.
  • 230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча). Квалификациясы - техник.

Бакалавриат

Окуу мөөнөтү :

Күндүзгү окуу бөлүмүндө - 4 жыл, сырттан, дисттанттык жана кечки окуу бөлүмүндө - 5 жыл. Бакалавриатты аяктаганда "БАКАЛАВР" академиялык даражасы ыйгарылат. Факультеттин бардык багыттарына кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты менен жүргүзүлөт:

1. Негизги тест 2. Кошумча тест: Математика же физика.

Даярдоо багыттары:

  • 550200 «Физика-математикалык билим берүү». Даярдоо профилдери:
  • «Математика»
  • «Информатика»
  • 51020 0 « Колдонмо математика жана информатика» .
  • 710100 «Информатика жана эсептөө техникалары». Даярдоо профил дер и :
  • «Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо»
  • «Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары».
  • 710200 «Информациялык системалар жана технологиялар» . Даярдоо профили :
  • «Экономика».
  • 590100. Маалымат коопсуздугу. Даярдоо профили:

«Маалымат коопсуздугу» .

  • 710300 «Колдонмо информатика».

Магистратура

Окуу мөөнөтү:

Күндүзгү окуу бөлүмүндө - 2 жыл, сырттан, дистант-тык жана кечки

окуу бөлүмүндө - 3 жыл. Магистратураны аяктаганда "МАГИСТР" академиялык даражасы ыйгарылат.Кирүү экзамендери: Адистик боюнча

экзамен.

Даярдоо багыттары:

  • 550200 «Физика-математикалык билим берүү». Даярдоо профили:
  • «Математика жана информатика». ;
  • 550200 «Математика» .
  • 580200 «Билим бер үүдөгү менеджмент » .
  • 510 2 00 « Колдонмо математика жана информатика» .
  • 710100 « Эсептөө техникаларын жана автомат таштырылган систем аларды программалык камсыздоо ».
  • 710 2 00 « Экономикадагы информациялык систем алар жана технологи ялар » .
  • 710 3 00 « Колдонмо информатика (экономика аймагында)».

Кесипке багыттоо боюнча суроолор

1. ОшМУнун жогорудагы көрсөтүлгөн адистиктеринин бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө кантип тапшырууга болот? Жооп: Жогорудагы көрсөтүлгөн бакалавр багытынын бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн негизги жана кошумча тесттеги баллдары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген босоголук (пороговый) баллдардан кем эмес б.а. негизги тест: 110 баллдан, кошумча тест: 60 баллдан кем эмес болуш керек.

Эгерде Сиздин билимиңиз босоголук баллга жетпей калса, билимге болгон умтулууңузду өчүрбөстөн колледжди тандаңыз.Себеби, Сиздин билимиңиз (толук эмес – 9-класс, толук – 11-класс) сапаттуу кесиптик орто билим (колледж) менен толукталып, түздөн-түз жогорку билимге (бакалаврга) 2-курстан улантууга жол ачылат.

2. Колледждин канчалык пайдасы бар? Жооп: Мектептеги 10-11-класстын ордуна кесиптик орто билимге (дипломго) ээ болот. Окуусун улантууну кааласа, жогорку билимди 2-курстан баштайт.

3. Эгерде колледждин Эсептөө системалары каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” адистигин бүтүрсө кандай кызматтарда иштей алат?

Жооп: Бул адистикти бүтүргөндөр техник, техник-инженер, прикладдык-программист, аппараттык-программалык жабдуу боюнча адис, инженер-инструктор, эсептөө система-сынын техникалык кызматкери, компьютердик класстын лаборанты, компьютердик класстын оператору, маалыматтар базасынын адми-нистратору, өндүрүштү автоматташты-рылган системалар менен башкаруу техниги, компьютердик коммуникациялар жана компьютердик тармак адиси сыяктуу кызмат орундарында иштей алат.