About chair
Факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын перспективалык планы


Англис тилинин практикалык курсу кафедрасы 1965-жылы, факультеттер аралык кафедра катары түзүлгөн. Түзүлгөнүнөн баштап кафедра институттун, андан кийин университеттин коомдук турмушуна белгилүү салымын кошуп келе жатат. Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мугалимдери жана республиканын мектептери үчүн максатка багытталган иштерди жүргүзгөн. Жыл сайын кафедра жаны кадрлар менен толукталып, илимдин кандидаттарынын, ага окутуучулардын саны көбөйгөн. Кафедранын түптөлүүсүнө академик Ж.Ж.Жусаев, доцент А.И.Ибраев, профессор А.А.Анарбаев, профессор А.П.Назаров, ага окутуучу Л.М.Устянчуктар чон салымын кошушкан жана анын биринчи жетекчилеринен болуп эмгектенишкен. 1972 жылдан баштап профессор А.А.Анарбаев кафедраны башкарган. Андан кийин А.П.Назаров кафедраны башкарууну колго алган. Мыкты педагог Ч.Мамытова 2001-жылга чейин кафедраны башкарып келген. 2001-2002-окуу жылынын баштап кафедра башчысы болуп тажырыйбалуу педагог, педагогика илимдеринин кандидаты,доцент Сыдыкова Толгонай Мирзахмедовна дайындалган.Ушул жылдары кафедра бай тажрыйба топтогон. Жогорудагы инсандар кафедранын тарыхында татыктуу из калтырышты. Акыркы жылдары кафедранын структурасында тез-тез өзгөрүүлөр болуп турат. Бул өзгөрүүлөр предметтик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, аларды иш жүзүнө ашырууну көзөмөлдөө, жаны идеяларды жаратуунун натыйжасында болуп жатат. 2007-2008-окуу жылында ОшМУнун эн алдынкы кафедралардын бири болуп таанылган. Жыл өткөн сайын кафедранын илимий потенциалы жогорулады. Кафедрада эмгектенип жаткан педагогдор илимий иштерин коргой алышты.2018-2019-окуу жылынын Октябрь айында кафедрага жаны жетекчи дайындалды. Кафедра башчысы болуп кесипкөй педагог п.и.к., доцент К.Т.Дуванаева эмгектенип жатат. Бүгүнкү күндө кафедрада 2 илимдин кандидаты, 2 доцент, улук окутуучулар жана окутуучулар эмгектенишүүдө.