Seasonticket

Абонементтен пайдалануу эрежеси

Абонементте илимий адабияттар 2 айлык мөөнөт менен төмөнкү санда берилет:

· Профессордук-окутуучу курамга, аспиранттарга, магистранттарга, докторанттарга,илимий кызматкерлерге, студент диплом жазуучуларга – 20 даанага чейин

· Башка категориядагы окурмандарга - 10 даанага чейин.

Окуу программасынын негизинде окуу адабияттары бир семестрге же бир окуу жылына берилет.

Көркөм адабияттар жана мезгилдик басылмалар 5 даанадан 15 күндүк мөөнөткө берилет.

Филология жана журналистика факултетинин окурмандарына көркөм адабияттар 10 даанага чейин берилет.

Окурмандар колдонуп жаткан адабияттардын мөөнөтүн узартууга болот, эгерде ал адабиятка суроо-талап жок болсо.

Баалуу жана таңкыс китептер үйгө берилбейт.

Жарыяланбаган материалдар (диссертациялар, фонодокументтер ж.б.), чектелген адабияттар белгиленген тартипте берилет.

Жайкы эс алуу мезгилинде окурмандар алган китептерин китепканага белгиленген тартипте тапшырууга милдеттүү.