Joining the Library

Окурмандык билет китепканадан пайдаланууда негизги документ болуп саналат

Ош Мамлекеттик Университетинде туруктуу иштеген профессордук-окутуучу курамы, аспиранттар, магистранттар, докторанттар, студенттер, кызматкерлер, дистанттык жана даярдоо бөлүмдөрүнүн угуучулары, лицейлердин окуучулары илимий китепканага катталууга укуктуу.;

Ош Мамлекеттик Университетинде убактылуу иштеген кызматкерлер жана сырттан келгендер акы төлөөнүн негизинде катталат.

Китепканага каттоо аймактык жана тармактык принциптеринин негизинде жүргүзүлөт.

Китепканага жазылуу үчүн:

  • Паспорт

  • Документ, статусун аныктоочу (студенттик билет, кызматтык жана аспиранттык күбөлүгү, ОшМУнун пропискасы)

  • 2 даана сүрөт

  • Бардык окурмандарды каттоодо окурмандык документтер китепкананын жобосунун негизинде жүргүзүлөт

Ош Мамлекеттик Университетинин илимий китепканасынын окурмандык билети бардык китепкана, окуу залдан пайдаланууга укук берүүчү документ болуп эсептелет.

Окурманды кайрадан каттоо курстан курска көчкөндө жүргүзүлөт.

Кайрадан каттоодон өтүү үчүн ИКнын абонементтеринен алган бардык китептерди тапшырып, окурмандык билетке карыз эместигин тастыктоочу белги коюлуусу зарыл.

Эгерде окурман абонеметтен карыз болсо, анда ОшМУнун ректорунун буйруктарынын негизинде иш жүргүзүлөт.

Окурмандык билетти жоготуп алган учурда , сизди каттаган китепканадан айланма баракчасын толтуруу окурмандык билеттин дубликатын ала аласыз.

ОшМУдан жумуштан бошогондо (академиялык өргүү алганда окуудан четтетилгенде) окурман абонеметтен алган китепттерин тапшыруу менен окурмандык билеттин кошо тапшырат.

Эскертүү: семестрдин акырында китепканадан карызы бар студенттерге окуу сынактарына жана мамлекеттик сынактарга уруксат берилбейт! Студенттер экзаменди жана зачетту кайра тапшырууда алган китептерди узратууга милдеттүү!