Тарыхы

ОшМУнун тарыхында экономикалык, социалдык жана саясий география багытындагы окуу-илимий структуранын түзүлүшү 2000-жылга таандык: ал жылы «Жалпы жана физикалык география» кафедрасы экиге бөлүнүп, жаңы багыттагы “Экономикалык география жана геоэкология” (кийин “Экономикалык география жана Кыргызстандын географиясы”) кафедрасы түзүлгөн. Анда кафедраны экономика илимдеринин кандидаты, доцент Низамиев А.Г. жетектеген. Ошондой эле кафедранын курамында Ахмедов Р.Ш., Бердигулов А.Т., Оморов К.О. сыяктуу тажрыйбалуу окутуучулар иш алып барышкан. Кафедранын түзүлүшү менен географиялык багыттагы билим берүү, илим изилдөө жана эл аралык байланыштар жаатындагы иш-аракеттер активдүү жүргүзүлүп, 2002-жылы өзүнчө география факультетинин ачылышына жана иштешине (2002-2009-жылдары) өбөлгө түзгөн. Окутуучулардын (Низамиев А.Г., Бердигулов А.Т.) окуу куралдары (“Дүйнөнүн саясий картасы”, “Менеджмент”) жарык көргөн.

2002-2009-жылдары кафедрага ага окутуучу Бердигулов А.Т. башчылык кылган. Ал мезгилде кафедранын илимий-педагогикалык потенциалы күчөп, илимдин доктору Низамиев А.Г., илимдин кандидаттары Аккулов А.У., Алайчиев Э.К., Обдунов Э.А. эмгектенишкен жана жаш окутуучулар менен толукталган. Окуу-усулдук эмгектерди чыгаруу жакшы жолго коюлуп, Низамиев А.Г., Ахмедов Р.Ш., Алайчиев Э.К. өңдүү адистердин окуу куралдары (“Маркетинг туризма: основы теории и практики”, “Кыргызстандын географиясы” ж.б.) жарык көргөн. Кафедранын эл аралык деңгээлиндеги байланыштары калыптанып, өнүгүү жолуна түшкөн: Темпус программасынын “Tourism Training and Education reform” аталышындагы эл аралык жолбоордун негизинде Низамиев А.Г., Алайчиев Э.К. Брюссель эркин университетинде (Бельгия), Анадолу университетинде (Түркия) иш тажрыйбаларын өркүндөтүшкөн; Бердигулов А.Т. Москва мамлекеттик педагогикалык университетинде билимин арттырган.

2009-2011-жылдары кафедраны география илимдеринин кандидаты, доцент Аккулов А.У. жетектеген. Мезгилдин талабына ылайык 2011-жылы кафедранын аты өзгөртүлүп “Экономикалык, социалдык жана саясий география” кафедрасы болуп кайра түзүлгөн. Ал мезгилде окуу-усулдук иштери бир топ ийгиликтерге жетишип, кафедра мүчөлөрүнүн бир катар окуу куралдары жана окуу-усулдук колдонмолору жарык көргөн.

2011-2017-жылдары аталган кафедраны география илимдеринин кандидаты, доцент Алайчиев Э.К. жетектеди. Бул мезгилде кафедранын жамааты илимий-усулдук иштерди жандандыруу менен бирге эл аралык долбоорлор менен иштөөнү негизги багыт катары иштеп келишти. Низамиев А.Г., Самиев К.Т., Момошева Г.А. Эрасмус Мундус программасынын «gSmart – Spatial ICT infrastructures for Smart Places» аттуу долбоорунун алкагында иш алып барышты.

2017-жылдын 28-декабрында кафедра башчылыгына география илимдеринин кандидаты, доцент Самиев К.Т. шайланды.

Учурда кафедра экономикалык, социалдык жана саясий география багытындагы билим берүү жана илимий изилдөө иштерин алып баруучу түштүктөгү ири борбор болуп саналат. Анын профессордук-окутуучулук курамын 1 илимдин доктору, профессор (Низамиев А.Г.), 3 илимдин кандидаты, доценттер (Аккулов А.У., Алайчиев Э.К., Самиев К.Т.), 2 улук окутуучу (Калилов К.Д., Кеңешбаева Д.С.) жана 3 окутуучу (Султанов Ж.М., Момошева Г.А., Сарыков Р.Б.) түзөт.

Кафедра 550100 – “география” багытында боюнча бакалавриат жана магистратура (физикалык география жана ТТК кафедрасы менен кошо), 600200 – “туризм” багытында бакалавриат жана магистратура боюнча билим берүү жана илимий ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ошондой эле анда 25.00.24 – “экономикалык, социалдык жана саясий география” адистиги боюнча аспирантура, ушул эле адистик боюнча география илимдеринин доктору илимий даражасын ыйгаруу боюнча Диссертациялык кеңеш (2017-жылдан тартып төрагасы Низамиев А.Г.) ишин алып барат.

1999-жылы «Жалпы жана физикалык география» кафедрасы экиге бєлїнїп, кафедра «Экономикалык география жана Кыргызстандын географиясы» кафедрасы болуп кайра тїзїлгєн. Ал мезгилде кафедраны экономика илимдеринин кандидаты, доцент Низамиев Абдурашит Гумарович жетектеген. Кафедранын тїзїлїшї менен илимий излдєєлєрдєн жаўы єнїгїї багыты башталган.

Ал эми 2002-жылы кафедрага ага окутуучу Бердигулов Аматбек Турдубаевич башчылык кылган. Ошол мезгилде кафедрада илимдин кандидаттары Низамиев А.Г., Аккулов А.У., Обдунов Э.А., Алайчиев Э.К. жана ага окутуучулар Ахмедов Р.Ш., Оморов К.О., жана башка окутуучулар эмгектенишкен. Ал мезгилде кафедрада бир доктордук жана эки кандидаттык илимий иштерин ийгиликтїї корголгон.

2009-жылдан кафедраны география илимдеринин кандидаты, доцент Аккулов Абдыжапар Ураимович жетектеген. Мезгилдин талабына ылайык 2011-жылы кафедранын аты єзгєртїлїп «Экономикалык, сациалдык жана саясий география» кафедрасы болуп кайрадан тїзїлгєн. Ал мезгилде окуу-усулдук иштери бир топ ийгиликтерге жетишип, кафедрада окуу куралдары жана окуу-методикалык колдонмолор жарык кєргєн.

2011-жылдын март айынан тарта аталган кафедраны география илимдеринин кандидаты, доцент Алайчиев Эрнисбек Каныбекович жетектєєдє. Кафедранын жамааты илимий-усулдук иштерди жандандыруу менен бирге эл аралык долбоорлор менен иштєєнї негизги багытка коюнун максатында эмгектенишїїдє. Ошону менен катар 2012-жылы кафедрада жаны багыттагы “Туризм” адистигин даярдоого КР билим берїї жана илим министрлигинен лицензия алынып, аймактагы туризм багытындагы ишканалар менен тыгыз байланышта адистерди даярдоодо. Учурда 8 профессордук окутуучулук курам кафедрада эмгектенїї менен алардын ичинен 1 илимдин доктору, 2 илимдин кандидаты, 2 ага окутуучу, 2 окутуучу жана 1 улук лаборант иштєєдє.л