Борбордун тарыхы

ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨРКҮНДӨТҮҮ БОРБОРУ

1. Педагогикалык адистерди мезгилдин талабына ылайык даярдап чыгуу- Ош мамлекеттик университетинин негизги милдеттеринин бири болуп эсептелинет. Болочок мугалимди кесиптик жактан калыптандырууну өркүндөтүү максатында 2008-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен “педагогика, психологиялык илимий усулдук борбору” ачылып, анын курамына педагогика жана психология кафедралары кирген. Борбордун негизи максаты болуп болочок мугалимдин кесиптик педагогикалык компетенттүүлүгүн калыптандыруу, педагогика жана психология багытында илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү, мектепке илимий-методикалык жардамдарды көрсөтүү менен мугалимдерди усулдук-практикалык адабияттар менен камсыз кылуу, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды илимий жактан негиздөө жана жайылтуу эсептелинген. Борборду 2008-2012-жылдары педагогика илимдеринин кандидаты, профессор, белгилүү окумуштуу Апышев Бекембай Апышевич жетектеп, анын жетекчилигинде бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн. Ош областынын мектептеринде атайын изилдөөлөр жүргүзүлүп, кадрдык муктаждыктар, педагогикалык, психологиялык, методикалык проблемалар, соцпедагогдордун иштери жөнүндөгү маселелер изилденип, тийиштүү сунуштар министрликке берилген. Ректордун № 366 02.10.2012-ж. буйругунун негизинде педагогикалык, психологиялык илимий-усулдук борбору “Педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү борбору” болуп өзгөрүп, анын курамына педагогикалык адистиктердеги практикалар өткөрүлүп берилген.. Борборду жетектөө п.и.к., доцент А.Батыралиевге жүктөлгөн.

2. Азыркы учурда аткарып жаткан миссиясы; Болочок мугалимдин кесиптик -педагогикалык компетенттүүлүгүн калыптандыруу,

3. Структурасы жана структура жетекчилери, алардын негизги милдеттери; Бүгүнкү күндө педагогика кафедрасын доцент, п.и.к. Н.С.Шадиев ал эми жалпы психология кафедрасын п.и.к. Т. Умаров , Борбордун окуу-методикалык кеңешин улук окутуучу З. Жоошбекова, ал эми факультеттердеги практикаларды практика башчылары жетектешет. Алардын функционалдык милдеттери тийиштүү жоболордо көрсөтүлгөн. Азыркы мезгилде борбордун курамында жалпысынан 22 окутуучу, 2 лаборант эмгектенет. Алардын ичинен: илимдин кандидаттары, доценттер-8, улук окутуучулар- 9, окутуучулар- 5. Ушул жерге каф.курамын жана стадиондогу сүрөттү

4. Учурдагы негизги ишмердүүлүк багыттары (окуу, илимий, окуу-усулдук жана коомдук-маданий жумуштары);

1. Педагогика жана жалпы психология кафедраларынын илимий окуу-методикалык, уюштуруучулук-тарбиялык иштерине жалпы жетекчиликти жүргүзүү.

2. Университеттин педагогикалык адистиктеги факультеттеринин жетекчилиги жана методикалык кафедралары менен бирдикте мугалимди кесиптик жактан даярдоо проблемалары боюнча бирдиктүү иштерди алып баруу.

3. Иш берүүчүлөрдүн, студенттердин арасында сурамжылоо жүргүзүүнүн жана алардын сунуштарынын негизинде Ош МУда билим берүү процессине, окуу пландарына өзгөртүүлөрдү, корректировкаларды киргизүү.



4. Мектеп мугалимдеринин жана университеттин окутуучуларынын кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.


5. Окуу жайындагы педагогикалык адистиктеги практикалардын өтүшүнө жалпы жетекчилик кылуу жана Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын, райондорунун жана Ош шаарынын билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери менен педагогикалык кызматташтыкты жана практиканы өткөрүү боюнча келишимдерди түзүү жана ишке ашыруу.
6. Студенттердин арасында педагогикалык проблемаларды изилдөө боюнча илимий иштерди жүргүзүү;

Борбордун миссиясынын жана милдеттеринин негизинде уюштуруучулук,окуу-тарбиялык,илимий-методикалык багыттарда иш-чаралар жүргүзүлд :

- Борбордун Жобосу ( 2018 ж.) мезгилдин талабынын негизинде иштелип чыгып, Ош МУнун

Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитили; жобого ссылка кылып кой

- Педагогика жана психология кафедраларынын перспективалык илимий-изилдөө

багыттары иштелип чыкты;

- Кафедралардын илимий–изилдөө темалары аныкталды.

- Педагогикалык практиканын жобосу (2019-ж.) толуктоолор менен иштелип чыгып,

Окумуштуулар кеңешинде бекилип методистерге жетекчиликке берилди;

- 2013-жылы Ош облусунун, райондорунун жана Ош шаарынын мектептери менен илимий-педагогикалык, методикалык иштерди күчөтүү жана педагогикалык практикаларды өткөрүү боюнча келишимдер түзүлдү; ушул жерге бүт директорлор менен түшкөн сүрөт

- 2014-жылы ректор К.Исаковдун жана Борбордун демилгеси менен Ош, Жалал-абад, Баткен областтарынын, Ош шаарынын билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери менен кесиптик кызматташтык боюнча келишимдер түзүлдү жана алдыңкы мектептерге баалуу сыйлыктар берилди;

Бакалавр окуу формасындагы педагогикалык практикалардын программасы методикалык кафедралар, ОИД, методисттер, мектеп мугалимдери менен бирдикте бир нече жолу талкууланып, аппробациядан өткөрүп, мектептердин пикири эске алынып, Ош МУнун Окумуштуулар кеңешинде (2015-ж.) бекилди жана анын негизинде “Практиканттын күндөлүгү” иштелип чыкты;

- Педагогика жана психология кафедраларынын окутуучулары К.Акматов, Т.Матикеев, Г.Жутанова, Т.Умурбекова,Т.Умаровдор кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошту. Ал эми доцент К. Акматов доктордук диссертацияны коргоонун алдында алдында турат.

- Психология кафедрасынын алдында лаборатория ачылды жана гранттык проектинин колдоосунда тийиштүү техникалык каражаттар менен жабдылды.

- Педагогика кафедрасынын алдында илимий изилдөө лабораториясы ачылып, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылды;

- Мугалимдердин билимин өркүндөтүү курсуна психологиялык лаборатория окуу-методикалык жардамдарды көрсөтүү жагын колго алды;

- Психология кафедрасынын окутуучулары жер титиреген жана көчкү жүргөндө Алай, Кара-Суу, Чоң-Алай, Өзгөн райондоруна барышып, жабыркагандарга психологиялык жардамдарды көрсөтүп келишти;

- Психология кафедрасынын окутуучулары чек ара кызматынын суранычы менен Ош, Баткен областтарында жайгашкан чек ара кызматынын аскерлеринин арасында психологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүштү жана тийиштүү сунуштарды беришти;

Борбор КМШнын, чет өлкөлөрдүн, республиканын жогорку окуу жайлары менен илимий байланышты түздү;

- Борбор тарабынан 2017-жылы республикада алгачкылардан болуп “Ош МУнун окутуучуларынын, кызматкерлеринин жана студенттеринин Этикалык Кодекси” иштелип чыгып, Окумуштуулар кеңешинде бекилип окуу-тарбия процессинде колдонууга берилди;

- Педагогикалык практикалардын ( адаптациялык, базалык, профилдик ) күтүлүүчү натыйжалары иштелип чыгып силлабустарды, жумушчу программаларды түзүүдө кеңири колдонулууда;

- Борбор тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата эл аралык маанидеги “ Этнопедагогика-заманбап социумундагы этномаданий дөөлөттөрдү сактоонун фактору катары” деген темада илимий конференция өткөрүлдү ( 2017-ж.); ил.конф.сүрөт

- “Ош МУнун студенттеринин педагогикалык практикаларын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Жобо” иштелип чыгып (2019-ж.) Окумуштуулар Кеңешинде бекилди;

- ОшМУ студенттердин практикасын санариптик технологияларды колдонуу аркылуу уюштуруу жана өткөрүү жобосун иштеп чыкты жана апробациядан өткөрдү;

- Ош, Жалалабад, Баткен областарынын жана Ош шаарынын 105 мектеби менен педагогикалык кызматташтык боюнча келишимдер түзүлүп, болочок мугалимдери даярдоо проблемаларынын үстүнөн иштер жүргүзүлүүдө; психология кафедрасы областтардын жана шаардын соцпедагогдорунун кесиптик билимин өркүндөтүү боюнча иштерди алып барууда.

5. Кафедра мүчөлөрү тарабынан даярдалган илимий ж.б. эмгектер, ойлоп табуулар, патенттер боюнча маалыматтар

- Борбордун окутуучулары көптөгөн методикалык колдонмолорду, окуу китептерди, илимий макалаларды жарыкка чыгарышты: сүрөттү алып кой

1. Апышев Б.Педагогика 2011-ж.(окуу китеби)

2. Муратов А.,Тажикова Б., Акматов К. Кыргыз этнопедагогикасы. Ош,2015. 16,5 б.т. 264 бет.

3. Батыралиев А. Кесиптик деңгээлиңизди билесизби? (Методикалык колдонмо). Ош, 2015. 5,5 б.т).

4. Колдошев М. Интерактивдүү кыймылдуу оюндар. (Окуу-практикалык жана методикалык колдонмо). Ош, 2013. 9,8 б.т.

5. Колдошев М. Башканы коюп, Манасты айт! (Илимий усулдук колдонмо). Ош, 2015. 9 б.т.

6. Колдошев М. Башканы коюп, Манасты айт! 2-бөлүк. Илимий усулдук колдонмо. Ош, 2016. 7,5 б.т.

7. Ажиматов О. Общая психология. Ош.2014. 0,4 б.т.

8. Ажиматов О. Методика психологического изучения школьников. Ош.2014. 0,5 б.т.

9. Жолдошбаев Д. Жунусов И. Мектепте психологдун ишмердүүлүгү. Ош.2012 Мин.грифи менен. 16,5б.т.

10. Жолдошбаев Д. Жалпы психология. Ош.2013. Ош Мунун чечими менен. 4 б.т.

11. Жолдошбаев Д. Өнүгүү психологиясы. Ош.2015. Мин.грифи менен. 38,5 б.т.

12. Умурбекова Т. Психология. Учебно-методическое пособие для студентов медицинских факультетов. Ош.2015. 15,5б.т.

13. Жолдошева А., Умаров Т. Окуучуларды адеп-ахлактык руханий тарбиялоодо этнопедагогикалык каражаттарды колдонуу. (Мугалимдер үчүн окуу-усулдук колдонмо). Ош.2014. 12,6б.т.

14. Закиров А., Мурзаев М. Этнопсихология. Бишкек.2015. 21,2 бет.

15.Шадиев Н.С."Кыргыз этнопедагогикасы" атайын курсу болочок мугалимдерди даярдоо системасында. Ош-2011, 40 б.

16.Батыралиев А. Кесиптик деңгээлиңизди билесизби? Ош,2017 ( 9 б.т.).

17.Шадиев Н. Подготовка студентов к нравственно-эстетическому воспитанию мл. Школьников средствами кыргызхского музвкального фольклора (монография)-Ош,2017.

18.Батыралиев А. А.С.Макаренконун тажрыйбалары кыргыз педагогикасын неге колдонулбайт? Кут билим 26.01.2018.

6. Сырткы байланыштар багытындагы ишмердүүлүгү (окутуучулардын чет өлкөлөргө, башка жождорго илимий сапарлары, илимий долбоорлор, гранттар менен иштөөсү

Борбор КРнын бардык жогорку окуу жайлары менен дээрлик тыгыз байланышта иш алып барат. Ал эми чет элдик окуу жайлар менен байланышы да колго алынган. Атап айтканда 2016-жылы кафедранын улук окутуучусу Б.Сапарова ОшМУнун делегациясы менен кошо Кытай Эл Республикасынын бир катар окуу жайларына барып келди. Ал эми доценттер Б.Тажикова менен Н.Шадиев 2016-жылдын, июнь айында Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарындагы Синьцзян педагогикалык университетинде уюштурулган Эл аралык илимий конференцияга макала менен катышып келишкен жана илимий журналына басылып чыгарылган.

Кафедранын доценти Б.Тажикованын жазган проектиси «Сорос Кыргызстан» фондунун грантын утуп, «Личность и воспитание: Роль образовательных технологий в современной школе» деген темадагы эл аралык илимий-практикалык конференцияны фонддун каржылоосу (7,5 миң доллар) аркылуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду жана азыркы талапка ылайык жооп бере турган техникалык жана илимий булактары бар «Билим берүү борборун» жана педагогикалык лабораторияны ачууга жетишти.

Кафедра башчысы, доцент Н.С.Шадиев Ош гуманитардык педагогикалык институту менен биргеликте КР билим берүү министирлиги тарабынан колго алынган илимий гранттарга катышып, 2016- жылы 700 000 сом (“Кыргыз этнопедагогикасынын теориялык жана методологиялык негиздери”), ал эми 2017-18-окуу жылында 600 000 сом (Ааламдашуу шартында мугалимдердин этнопедагогикалык компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн теориялык жана методологиялык негиздери”) өлчөмүндө грант утуп алган.

2017-2018-окуу жылында доцент Н.Шадиев Андижан мамлекеттик университетине барып, педагогика кафедрасы менен эки тараптуу кызматташтык келишимин түзүүгө жетишкен.

Жалпы психология кафедранын мүчөлөрү жыл сайын ар кандай фонддор тарабынан уюштурулган эл аралык, илимий-практикалык конференцияларга, семинар-тренингдерге катышып турушат. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы “Р.Отунбаева атындагы фонду” уюштурган семинар, жолугушуу, тренингдерге актьивдүү катышып келет. Алсак доцент А. Жолдошева, М.,Сабирова, З. Джоошбековалар Саламаттыкты сактоо Министрлиги, Социалдык өнүгүү Министрлиги жана “Альтернативдүүлүктү жылдыруу” КБ менен биргеликте 27-29-ноябрь айында Бишкек шаарында болуп өткөн”Психикалык ден-соолугунун бузулуулары бар адамдар үчүн психиатриялык ооруканадан тышкары жардамдын инновациялык жолдору” аттуу эл аралык конференцияда Венгерия, Грузия, Казакстан ж.б. өлкөлөрдөн келген адистерден психологиялык билимдердин инновациялык методдору боюнча тажрыйба алмашуу жүрдү. Кафедра бир нече Кризисттик борборлор менен тыгыз иш жүргүзүшөт. Алсак кц.Ак-жүрөк, Аруулан, Мээрбан жана коммерциялык мекемелер Алтернативтерди жылдыруу, ДСС,Интербилим,Диамонд ж.б. менен кызматташтыкта психологиялык көйгөйлөр үстүндө иш жүргүзүшөт. Университеттин, шаардагы, республикалык конференцияларга доцент Т.Умурбекова, Ажыматов О., Жолдошбаев , улук окутуучуларГ.Кулуева, Накатаев, Т.Умаров, М.Сабирова ж.б. окутуучулар «Кыргызстан Сорос - Фонду», «ЮСАИД» ж.б. фонддор менен тыгыз байланышып, алар уюштурган жайкы мектептерде, эл аралык конференцияларда активдүү катышып келишет.

Кафедра илимий иштер менен болгон байланышы: чет мамлекеттеги унивеситеттер:

КШАнын Клемсон университети, Венгерия мамлекттик университети, Таллин университети, Грузиядагы Илья атындагы университети, Белоруссиядагы М.Танка университети, Москва М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университети,Казакстан мамлекеттик университети, Кыргызстандын ичиндеги жогорку окуу жайлар менен болгон байланышы: Ж.Баласагын атындагы улуттук университети, Гуманитардык университети, И.Арабаев атындагы педагогиткалык университети, Борбор Азиядагы Америкалык университети, Кыргыз-славян университети, ОГПИ, ОМСУ, Ош шаарындагы МСУ, ЖАМУ ж.б окуу жайлары менен тыгыз илимий иштерди жъргъзъп келүүдө.

7.Структуранын негизги партнерлору (жумуш берүүчүлөр, практикалык база ж.б.) жөнүндө маалымат:

Ош МУнун студенттеринин педагогикалык практикасын өткөрүү боюнча түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалымат

Билим берүү башкармалыктары:

1. Ош шаардык БББ.

2. Карасуу райондук БББ.

3. Өзгөн райондук БББ.

4. Кара Кулжа райондук БББ.

5. Чоң Алай райондук БББ.

6. Ноокат райондук БББ.

7. Алай райондук БББ.

8. Араван райондук БББ.

ЖОЖ менен мектептин байланышын өнүктүрүү максатында ОшМУ менен Ош шаардык ББ башкармалыгы кызматташуу багытында келишимге жетишишти. Башкармалык тарабынан № 18 А.Навои мектеп-гимназиясынын корпусунан атайын бөлмө берилип “ Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүнүни инновациялык каанасы” уюштурулду. Борбор бул максатта бир топ иш чараларды аткарып, мектеп менен ЖОЖдун илимий-методикалык жана практикалык кызматташусу өз жемишин берип жатат.

8. Структурадагы сыймыктуу кадрлар (илимдин доктору, профессор, академиктер, КРдин мамлекеттик сыйлык ээлери ж.б.) жөнүндө маалымат;

Кафедра ар дайым өзүнүн илимий кадрлары менен сыймыктанып келет. Алсак, Өкмөт тарабынан кафедранын окутуучулары түрдүү сыйлыктарга ээ болгон. Ж.Бешимов, С.Ким, Д.М.Лондон, К.Жумабаев, Б.Сапарова, М.Мусакеев, К.Рустамова, Б.Тажикова, Г.Жакупова, А.Эгембердиевалар Кыргыз Республикасынын «Элге билим берүүнүн мыктылары» деген наамга татыктуу болушкан. Ал эми профессор Б.Апышев «Даңк», «Ардак» медалдарынын ээси болуу менен биргеликте 2008-жылы Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты болгон. Ал эми А.Алимбеков педагогика илимдеринин доктору, профессор болууга жетишкен.

9. Перспективалуу иш пландары.

Педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү борборунун 2017-2022-окуу жылдары үчүн перспективалык планы

Аткарыла турган иштердин мазмуну

Мөөнөтү

Ким аткарат

1.

2.

3.

4.

5

6

7.

8.

9.

10.

11.

12.

Этнопедагогиканын проблемаларына багытталган Эл аралык илимий конференцияны өткөрүү

2018-2023-окуу жылдары үчүн Ош областынын жана Ош шаарынын билим берүү башкармалыктары менен практика боюнча келишимдерди түзүү

Окуу жайлардын ортосундагы психологдордун II республикалык олимпиадасын өткөрүү

Министирликтин жаңы нормативдик документтеринин негизинде педагогикалык практиканын жобосун иштеп чыгуу

Ош шаарынын № 18 А.Навои орто мектебинин алдында ОшМУнун “Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүнүн инновациялык каанасын” ачуу

Ош шаарынын мектептери менен бирдикте педагогиканын-психологиянын актуалдуу проблемалары боюнча лаборатория түзүүгө жетишүү

Педагогикалык эмес адистиктердин окутуучуларынын кесиптик квалификациясын өткөрүү боюнча лицензияга жетишүү

Педагогикадан кандидаттык диссертация коргоо боюнча адистештирилген жетишүү

Чет элдик, республикалык деңгээлдеги педагог-психолог окумуштууларды лекция окутууга чакыруу

Борбордун окутуучуларынын доктордук, кандидаттык диссертацияларын коргоого жетишүү (К.Акматов, М.Колдошев, Абдыманап к.А.)

Педагогика жана жалпы психология кафедрасынын окутуучуларынын илимий-методикалык китептерди, колдонмолорду жарыкка чыгаруусу

Кафедраларга инвестицияларды тартууга жетишүү

Ош шаарынын мугалимдеринин кесиптик квалификациясын өнүктүрүү боюнча методикалык жардамдарды көрсөтүү

Декабрь 2017

Январь 2018

Май 2018

Октябрь 2018

Октябрь-ноябрь 2018

Январь 2019

2019-ж.

2020-ж.

Дайыма

2019-2022-ж.

2019-2020-ж.

2019-2022

Борбор, педагогика кафедрасы

Батыралиев А.

Жолдошева А.

Борбор, ОИД, факультеттердин практика башчылары

Борбор, педагогика жана жалпы психология кафедрасы

Батыралиев А.

Жоошбекова З.

Батыралиев А.

Шадиев Н.

Умаров Т.

Ректорат, борбор

Шадиев Н.,

Умаров Т.

Ректорат

Кафедра мүчөлөрү

Жыл бою

Кафедра башчылары

Окутуучулар

Кафедра мүчөлөрү

Педагогикалык билим берүүнү

өркүндөтүү борборунун директору,

п.и.к., доцент А. Батыралиев

10. Юбилейлик датага карата пландалган жумуштары жана сунуштары.

Борбордо ОшМУнун 80 жылдык юблейине карата төмөнкүдөй иш чараларды пландаштырылган:

1. Борбордун тарыхын жана ишмердигин баяндаган материалды университеттин сайтына даярдоо;

2. Кафедралардын чыгаан окутуучуларынын өмүр баяны жана педагогикалык ишмердиги боюнча илимий-популярдык материалдарды жалпы маалымат каражаттарына даярдап чыгаруу;

3. Практика мезгилинде мектептерде университеттин юбилейине арналган материалдар менен мектеп окуучуларын тааныштыруу жана ОШ МУ ну пропагандалоо иштерин практиканттар аркылуу ишке ашыруу;

4.Ош облустунун жана Ош шаарынын билим берүү тармагында эмгектенип жаткан жана эмгек эргүүсүндө жүргън чыгармачыл мугалимдердин фондун түзүү;

Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары 723500,Ленин к.331. Батыралиев Адылбек,0772191942 ,kafedra15 @ mail.ru