«Эң мыкты студенттик тайпа» сынагынын жобосу

ОшМУнун «Эң мыкты студенттик тайпа» сынагынын

ЖОБОСУ

«Эң мыкты студенттик тайпа» сынагы ОшМУнун бардык факультеттеринин күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттик тайпаларында жүргүзүлөт. Ал эки этап менен өткөрүлөт: 1-этап, факультеттердеги студенттик тайпалар ортосунда (ар бир тайпа атайын арыз менен катышат) 20-30-май аралыгында жүргүзүлөт. Факультеттеги жеңүүчү тайпа декандын сунушу менен конкурстун 2-этабына, университеттин биринчилигине жолдомо алат. Экинчи этаптын жыйынтыгын атайын түзүлгөн университеттик комиссия 1-10-июнга чейин чыгарат.

Ар бир этапта студенттик тайпалар эки критерий боюнча бааланат: тайпанын окуу-илимий ишмердүүлүгү жана тарбиялык-коомдук ишмердүүлүгү. Сынакка катышуу үчүн студенттик тайпалар төмөндөгүдөй документтерди тапшыруулары зарыл:

  1. Студенттик тайпанын сынакка катышууну каалагандыгын билдирген арыз;
  2. Студенттик тайпанын тизмеси: студенттин аты-жөнү, улуту, туулган жери, учурда жашаган жери, телефону;
  3. Тайпанын журналы;
  4. Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдү комиссияга көрсөтөт:

Көрсөткүчтөр

Упайынын саны

Тайпанын сессиялардагы жетишүүсү

Сессияларды «Эң жакшы» бааларына тапшырган студенттер

3 % - 1

Сессияларды «жакшы», «орто» бааларына тапшырган студенттер

Упай коюлбайт

Сессияны кайра тапшырууда тапшырган студенттери бар тайпа конкурска катыша албайт

Тайпадагы студенттердин сабактарга катышуусу

90 % дан ашык катышууга

15

80-90 % га чейинки катышууга

5

60 % дан төмөн катышкан тайпалар конкурска катыша албайт

Тайпадагы студенттердин жаңы технологияларды өздөштүрүүсү

Интернет мүмкүнчүлүктөрүн билүүсү жана пайдалануусу: Oshsu.kg сайты, AVN, KelBil тиркемеси ж.б. колдонуусу

5-10

Тайпадагы айрым студенттердин олимпиадаларга катышуусу

Эл аралык олимпиадалар

1-орун

15

2-орун

12

3-орун

10

Кыргыз Республикасындагы олимпиадалар

1-орун

10

2-орун

7

3-орун

5

Аймактык, университеттик олимпиадалар

1-орун

7

2-орун

5

3-орун

3

Илимий жана публицистикалык макалалары жарыкка чыккан студенттер

Ондон ашык студент болсо

20

Бир студентке

1

Өзгөчө стипендия алган студенттер

Кыргыз Республикасынын Президенттик «Үмүт» стипендиясы үчүн

10

Шаардын мэринин стипендиясы үчүн

5

ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендиясы үчүн

3

Университеттин, факультеттин коомдук маданий-массалык иш чараларына катышуусу

Ай сайын театрга баруу (театралдык карталарын же билеттерин көрсөтүшөт)

5

Музейлерге, көргөзмөлөргө баруу (билеттерин көрсөтүшөт)

2

ОшМУнун маданий иш чараларына катышкан болсо (сүрөт, видеолор менен көрсөтөт)

2

Ишембиликтерге катышуусу

2

Шаардын, университеттин, факультеттин коомдук маданий-массалык иш чараларынын жеңүүчүлөрү

Маданий-эстетикалык конкурстардын («ОшМУ периси», «ОшМУ мырзасы» ж.б.) жеңүүчүлөрүнө

3-5 чейин

Спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө

3-5 чейин

Интеллектуалдык таймаштар «Брейн-ринг», дебат, дискуссиялардын жеңүүчүлөрүнө

3-5 чейин

Жаштар комитетинин төрагасы, студенттик акыйкатчы, студкеңеш жана сектор башчылары эгер ошол студенттик тайпада окуса

5-10 чейин

Ички жана сырткы мобилдүүлүк боюнча окуп келишкен студенттер

Бир студентке

1

Бештен ашык студент окуп келсе

10

Өтүлгөн куратордук сааттарынын иштелмелери, протоколдору

Кураторунун иш планына ылайык өтүлгөн куратордук сааттарынын иштелмелери, протоколдору тиркелсе

20

Эскертүү: жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн баары ар бир тайпада болуусу сөзсүз шарт эмес. Бирок конкурстун жыйынтыгы студенттик тайпанын көп упай топтоосуна байланыштуу чыгарылат.

Финансылык каржылоо

Сынакты финансылык каржылоо Ош МУнун ички бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт. Бул сынактын жалпы сыйлык фонду – … сом.

Уюштуруу тобу

«Эң мыкты студенттик тайпа» сынагы боюнча Ош МУнун биринчилигин уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан жүргүзүлөт.

Уюштуруу тобунун курамына:

1-этапта: Ош МУнун тарбия департаментинен, факультеттин деканатынан, профсоюз уюмунан, кафедра башчыларынан, кураторлордон, окутуучулардан, аялдар кеңешинен, факультеттин жаштар комитетинен өкүлдөр кирет.

2-этапта: Университеттин администрация жетекчилеринен, профессордук-окутуучулар курамынан, профсоюз уюмунан, аялдар кеңешинен, жаштар комитетинен, студенттерден өкүлдөр кирет.

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу

Сынактын жыйынтыгын атайын түзүлгөн комиссия окуу жылынын аягында чыгарат.

Сынактын жеңүүчүлөрү эң көп упай топтогонуна карата аныкталат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо:

Факультеттин мыкты студенттик тайпаларын сыйлоо:

1-орун – Факультеттин ардак грамотасы, университеттик конкурска жолдомо;

2-орун - Факультеттин ардак грамотасы;

3-орун - Факультеттин ардак грамотасы;

(Деканаттар мындан башка белектерди уюштурса да болот).

ОшМУнун мыкты студенттик тайпаларын сыйлоо:

1-орун – ОшМУнун ардак грамотасы, тайпанын бардык студенттерине Арсланбапка жолдомо, … (…) сом акчалай сыйлык;

2-орун - ОшМУнун ардак грамотасы, тайпанын бардык студенттерине Апшыр-Атага жолдомо, … (…) сом акчалай сыйлык;

3-орун - ОшМУнун ардак грамотасы, тайпанын бардык студенттерине Ак-Буура эс алуу жайына жолдомо, … (…) сом акчалай сыйлык.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар ОшМУнун күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылат.