Жаңылыктар Архив

Табият таануу жана товардык экспертизалоо циклы


ТТжТЭ ПЦКсынын төрагасы, п.и.к. доцент: Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевич.

Табият таануу жана товардык экспертиза Предметтик циклдык комиссиясынын тарыхы

КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана акредитациялоо боюнча Мамлекеттик инспекциясынын 2006–жылдын 26–сентябрындагы №8-07 протоколунун чечиминин негизинде № 352 лицензиясына ээ болуу менен юридикалык коллежи өз алдынча финансы-юридикалык коллеж болуп түзүлүп, 2007- жылдын 2-февралындагы Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинин токтомунун жана ректордун 2007–жылдын 13–февралындагы №40 буйругунун негизиндекесиптик билим берүү дисциплиналары жана жалпы билим бер үү дисциплиналары кафедрасы ачылган. Ошондой эле 2009 – жылдын 12- сентябрындагы ректордун № 472 буйругу мененжалпы билим берүү дисциплиналар цикли жалпы билим берүү дисциплиналарынын гуманитардык илимдер жана жалпы билим берүү дисциплиналарынын табигый илимдер кафедралары болуп эки кафедрага бөлүнгөн. ФЮКтун ЖББДТИ кафедрасы ректордун 2014-жылдын 6-февралындагы №77 буйругу менен Жалпы билим берүү дисциплиналарынын табият таануу жана Физика, математика, информациялык технологиялар кафедрасы болуп экиге бөлүнгөн. Кафедраны доцент Садыкова Гүлмира Абдуллаевна 2020-жылдын сентябрь айына чейин жетектеди.

Финансы-юридикалык колледжинин жалпы билим дисциплиналарынын табият таануу кафедрасынын базасында “товар таануу жана керектелуучу товарлардын сапатын экспертизалоо” адистиги даярдалып жаткандыгына байланыштуу, аталган кафедранын аталышы “25.09.2019 жылдын №797 буйругунун негизинде Табият таануу жана товардык экспертиза” деп өзгөртүлдү. 2019-жылдын 5-апрелдеги №3-19-02 буйругунун негизинде 5-жылдык мөөнөткө аккредитациядан өттү. 2020-жылдын 10-сентябрындагы №24 буйругунун негизинде кафедралар “Финансы Банк Иши ” жана « Табият таануу жана товардык экспертиза” кошулуп бөлүм ачылып, э.и.к, доценти Абдрахманов Оенбек Эмилович бөлүм башчылыкка жана Эргешбаева Айчүрөк Адановна ПЦКнын төрайымы болуп дайындалган. 2021- жылдын 1-сентябрь айынан №3152-ФХД/21 буйругунун негизинде Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевич ПЦКанын төрагсы болуп дайындалды. ПЦКада илимий даражалуу 2 доцент, 5- окутуучу 1- лаборант эмгектенет.